Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 668 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №12 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Департаменттин максаттары жана милдеттери
III. Департаменттин функциялары
IV. Департаменттин ыйгарым укуктары
V. Департаменттин уюштуруу иштери
VI. Финансы жана чарбалык иштер
VII. Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаменти (мындан ары - Департамент) жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка нормативдик актыларына ылайык иштелип чыккан жана Департаменттин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын ыйгарым укуктарын, милдеттерин, функцияларын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин (мындан ары - министрлик) башка бөлүмчөлөрү менен өз ара мамилелерин жана өз ара аракетин аныктайт.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент өз ишин министрдин, министрдин тескөөчү орун басарынын жалпы жетекчилигинде, ошондой эле департаменттин директорунун түздөн түз жетекчилигинде ишке ашырат.
4. Департамент министрликтин өнөр жай объекттерин, өндүрүштүк эмес чөйрөнү менчиктештирүү жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча функцияларды ишке ашыруучу ведомстволук бөлүмчөсү болуп эсептелет.
5. Департамент өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү болот. Департаменттин толук расмий аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаменти";
расмий тилде: "Департамент имущественных отношений Министерства государственного имущества Кыргызской Республики".
Департаменттин штампы, белгиленген үлгүдөгү фирмалык бланкы, казыналык системасында алыш-бериш эсеби жана башка эсептери болот.
6. Департамент өз ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, жарандар жана юридикалык жактар менен өз ара аракетте, ошондой эле министрликтин түзүмдүк, ведомстволук бөлүмчөлөрү жана аймактык органдары менен өз ара аракетте уюштурат.
7. Өз компетенциясынын чегинде Департамент кабыл алган приказдар жана буйруктар бардык министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарууга милдеттүү.
8. Департамент өзүнө бекитип берилген мүлккө карата мыйзамда белгиленген чектерде ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашырат.
II. Департаменттин максаттары жана милдеттери
9. Департаменттин максаты мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугун камсыздоо болуп эсептелет.
10. Департаменттин негизги милдети мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана мамлекеттик менчикти башкаруу программаларын ишке ашыруу болуп эсептелет.
III. Департаменттин функциялары
11. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн Департамент төмөнкүдөй негизги функцияларды ишке ашырат:
а) Координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо функциялары:
- мамлекеттик мекемелерге жана ишканаларга түзүлүүчү юридикалык жактардын уюштуруучусу катары чыгууга жана алардын уюштуруучулардын курамынан чыгышына макулдук берүү;
- мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө мамлекеттик органдардын жана мекемелердин ишин координациялоо.
б) Кызмат көрсөтүү функциялары:
- мамлекеттик менчик объекттерин менчиктештирүү боюнча практикалык чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мүлктүн мамлекеттик менчик объекттерине баалоо жүргүзүү;
- мамлекеттик ишканаларды белгиленген тартипте менчиктин башка түрүнө өзгөртүп түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик менчик объекттерин сатуу боюнча аукциондорду, конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү;
- мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугунда белгиленген тартипте бекитип берүүнү ишке ашыруу;
- мамлекеттик менчик объекттерин, чарбалык жамааттардын уставдык капиталындагы акциялардын мамлекеттик пакеттерин, үлүштөрүн, анын ичинде андан ары сатып алуу менен башкарууга өткөрүп берүүнү ишке ашыруу;
- мамлекеттик мүлктү ижарага, анын ичинде андан ары сатып алуу менен ижарага берүүнү ишке ашыруу;
- жаңыдан түзүлүүчү чарбакер субъекттердин уставдык капиталына салым катары киргизүү;
- мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелери боюнча талаш-тартыш болгон учурларда жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын жана арыздарын белгиленген тартипте кароо;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жаатында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына консультация берүү;
- Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын алкагында фондулук рынокторго акциялардын мамлекеттик пакеттерин жүгүртүү боюнча иштерге катышуу;
- Департаменттин компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү;
- мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын сатууга уруксат берүү.
в) Колдоо көрсөтүү функциялары:
- мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- акцияларынын мамлекеттик пакети (үлүшү) бар чарбалык жамааттарда акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын мамлекеттин атынан ишке ашыруу;
- менчиктештирүү процессине ишкерлерди тартуу жолу менен чакан жана орто ишкердикке көмөктөшүү;
- акциялардын мамлекеттик пакеттери, ижарадан түшкөн кирешелер боюнча дивиденддерди алуу жана бюджетке которууга карата чараларды ишке ашыруу.
12. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка функцияларды да ишке ашырат.
13. Департамент иш кагаздарын жүргүзөт жана жогору турган уюмдардын нормативдик актыларын жана тапшырмаларын өз учурунда аткарууну, ошондой эле жарандардын даттанууларын жана арыздарын кароону камсыз кылат.
IV. Департаменттин ыйгарым укуктары
14. Департаментке өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырышы үчүн төмөнкү ыйгарым укуктар берилген:
- мамлекеттин атынан чарбакер коомдордун уюштуруучусу болууга, акцияларынын мамлекеттик пакети (үлүшү) бар чарбалык жамааттарда акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын ишке ашырууга;
- мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, оперативдүү башкарууга белгиленген тартипте берүүгө;
- мамлекеттик мүлктү мамлекеттик органдарга жана мекемелерге бекитип берүүгө;
- мамлекеттик мүлктүн мекемелерге жана мамлекеттик бийлик органдарына ижарага берилишине контролдукту ишке ашырууга;
- мамлекеттик менчикте турган объекттерди менчиктештирүү жөнүндө чечимди белгиленген тартипте кабыл алууга;
- консультация берүүчү, баалоочу, аудитордук, юридикалык жана башка түзүмдөрдү, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү тартууга;
- республиканын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден Департаменттин компетенциясына кирүүчү маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон статистикалык маалыматтарды, маалыматтык жана аналитикалык материалдарды суроого жана алууга;
- Департаменттин иши менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн Департаменттин кызматкерлерин белгиленген тартипте командировкага жиберүүгө;
- өзүнүн атынан берилген ыйгарым укуктарынын чегинде мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, милдеттерге ээ болууга, соттордо доогер жана жоопкер катары чыгууга;
- Департаментке ыйгарым укуктарын белгиленген тартипте ишке ашыруу үчүн өткөрүп берилген мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин угууга;
- үчүнчү жактар менен келишим түзүүгө;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө жана башкарууга багытталган башка иштерди жүргүзүүгө.
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ыкчам башкарууга жана чарбалык карамагына берүү боюнча чечим кабыл алуу;
- Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик имараттарга жана жайларга Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын сунушу боюнча мамлекеттик органдарды, мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- республиканын башка региондорунда жайгашкан мамлекеттик имараттарга жана жайларга министрликтердин, ведомстволордун жана облустук мамлекеттик администрациялардын сунушу боюнча мамлекеттик органдарды, мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- кыймылдуу жана кыймылсыз мамлекеттик мүлктү алмаштырууну жүргүзүү боюнча чечимдерди кабыл алуу. Эгерде мамлекеттик эмес менчиктеги мүлктүн наркы мамлекеттик мүлктүн наркынан кымбат болсо, анда алмашуу боюнча чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат;
- транспорт каражаттарын сатып алууга макулдук берүү.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы №12 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда чарбалык иштерди жүргүзүүгө укуксуз.
16. Департаменттин кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежесин жана этикасын сактоого;
- мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды сактоого;
- министрликте белгиленген ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоого;
- өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификация деңгээлин сактоого;
- өзүнүн функционалдык милдеттерин өз учурунда, сапаттуу жана тийиштүү деңгээлде аткарууга.
V. Департаменттин уюштуруу иштери
17. Департаменттин кызматкерлеринин чектик санын, түзүмүн жана штаттык расписаниесин министр бекитет.
18. Департаментти директор башкарат. Директор министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
19. Директордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык министр тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу бир орун басары болот.
20. Департаментти жетектөөнү директор, ал жок мезгилде - директордун орун басары жүргүзөт.
21. Департаменттин кызматкерлерин кызматка кабыл алуу жана кызматтан бошотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык министрлик тарабынан ишке ашырылат.
22. Департаменттин директорунун ыйгарым укуктары:
- Департаменттин ишин жетектейт;
- үчүнчү жактар менен мамилелерде Департаменттин атынан чыгат;
- Департаменттин компетенциясынын чегинде приказдарды жана буйруктарды, ошондой эле Департаменттин уюштуруучулук жана башка документтерин чыгарат жана кол коет;
- Департаменттин атынан ишеним каттарды берет;
- мамлекеттик мүлк объекттерин баалоо боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө приказдарды чыгарат;
- мамлекеттик мүлк объекттеринин баалоо наркын бекитүү жөнүндө приказдарды чыгарат;
- мамлекеттик имараттарды жана жайларды ижарага берүү жөнүндө келишимдерге кол коет;
- конкурстарды, аукциондорду өткөрүү боюнча комиссияларды түзүү жөнүндө приказдарды чыгарат;
- мамлекеттик мүлк объекттеринин белгиленген тартипте сатууга коюу жөнүндө приказдарды чыгарат;
- үчүнчү жактар менен келишимдерди түзөт;
- Департаменттин кызматкерлеринин эмгек акысын уюштуруу жана сыйлоо, жекече маяналарды жана үстөктөрдү белгилөө жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Департаменттин финансылык документтерине биринчи кол коюу укугуна ээ.
23. Департаменттин директорунун орун басары Департаменттин ишин координациялоону камсыз кылат, Департаменттин директору жок учурда анын функционалдык милдеттерин аткарат.
24. Департаментте 5 адамдан турган башкарма түзүлөт. Башкарма коллегиялуу орган болуп эсептелет, ал өз жыйындарында департаменттин ишинин маанилүү маселелерин карайт.
Башкарманын курамына кызматы боюнча директор (Башкарманын төрагасы), директордун орун басары, бөлүм башчылар жана сектор башчылар кирет. Башкарманын жеке курамын министр бекитет.
25. Департаменттин башкармасы өз жыйындарында Департаментке жүктөлгөн милдеттердин чегинде маселелерди карайт. Департаменттин башкармасы:
- мамлекеттик менчик объекттерин менчиктештирүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- аукцион жана конкурс жүргүзүүнүн жыйынтыктарын бекитет;
- департаментке ыйгарым укуктарын белгиленген тартипте ишке ашыруу үчүн өткөрүп берилген мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин жетекчилерин угат;
- Башкарманын төрагасынын же (жана) анын мүчөлөрүнүн сунушу боюнча башка маселелерди карайт.
26. Башкарма өз чечимдерин жыйындарда кабыл алат. Департаменттин директору Башкарманын ишин жетектейт жана жыйындарын башкарат, ал эми ал жок учурда бул функцияларды директордун орун басары аткарат.
Башкарманын жыйыны эгерде ага мүчөлөрүнүн үчтөн экиден кем эмеси катышса укуктуу болуп эсептелет. Башкарманын жыйындарында маселелерди талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу коллегиялуу ишке ашырылат. Чечимдер Башкарманын катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат. Башкарманын жыйыны зарылдыгына жараша өткөрүлөт жана протокол менен таризделет. Башкарманын чечимдери жыйын өткөрбөстөн сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
VI. Финансы жана чарбалык иштер
27. Департаменттин финансы-чарбалык иштери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
28. Департаменттин мүлкү негизги фондду жана жүгүртүлүүчү каражаттарды түзөт, ал Департаменттин өз алдынча балансында чагылдырылат.
29. Департаментти кармоого жана анын ишине чыгымдарды каржылоо министрликтин кирешелер жана чыгашалар сметасы менен бекитилген атайын каражаттардын (кирешелердин) эсебинен ишке ашырылат.
30. Департаменттин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
31. Атайын каражаттардын чыгымдалышына жоопкерчиликти Департаменттин директору жана эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча башкы адис тартат, алар бухгалтердик отчеттуулукту жүргүзүү тартибине ылайык чыгымдоо боюнча отчет беришет.
VII. Корутунду жоболор
32. Департаментти өзгөртүп түзүү жана ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
|
|