Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-октябрындагы № 668 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Департаменттин максаттары жана милдеттери
III. Департаменттин функциялары
IV. Департаменттин ыйгарым укуктары
V. Департаменттин уюштуруу иштери
VI. Департаменттин финансылык жана чарбалык иштери
VII. Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Банкрот иштери боюнча департамент жөнүндө ушул жобо (мындан ары - департамент) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка нормативдик актыларга ылайык иштелип чыккан жана департаменттин иштеринин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын ыйгарым укуктарын, милдеттерин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин (мындан ары министрлик) башка бөлүмчөлөрү менен өз ара мамилелерин жана өз ара аракеттерин аныктайт.
2. Департамент өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, министрликтин чечимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент өзүнүн ишин министрдин, министрдин тейлөөчү орун басарынын жалпы жетекчилиги, ошондой эле департаменттин директорунун тикелей жетекчилиги алдында жүргүзөт.
4. Департамент министрликтин юридикалык жактан статусу бар өз алдынча ведомстволук бөлүмчөсү болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөрү болот. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Банкрот иштери боюнча департаменти;
- расмий тилде: Департамент по делам банкротства Министерства государственного имущества Кыргызской Республики.
Департаменттин штампы, белгиленген үлгүдө фирмалык бланкасы, казначылык системасында алыш-бериш эсеби жана башка эсеби болот.
5. Департамент Кыргыз Республикасынын Банкрот жөнүндө мыйзамына ылайык банкрот процессинин жол-жоболорун ишке ашыруу шарттарын камсыз кылат.
6. Департамент министрлик тарабынан жана "Банкрот (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарга шайкеш келген мамлекет кредитор болуп эсептелген чарбакер субъекттеринин банкрот процесстеринин жол-жоболорун козгоо маселелеринде мамлекеттин жалгыз өкүлү, карата, ошондой эле мамлекет катышуучу (ээси) болуп эсептелген, чарбакер субъекттеринин банкрот процессинде мамлекет кызыкчылыктарынын өкүлү болуп эсептелет.
7. Департамент министрлик тарабынан берилген ыйгарым укуктарга ылайык, бюджетке жана бюджеттик эмес фонддорго төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерди, ошондой эле мамлекет алдындагы милдеттенмелерди (анын ичинде, бюджеттик ссудаларды жана чет элдик кредиттерди кайтарып берүү боюнча милдеттенмелерди) аткарбаган учурда уюштуруу-укуктук формасына жана менчиктин түрүнө карабастан чарбакер субъекттердин банкрот болушунун (кудуретсиздигинин) маселелерин чечүүдө мамлекеттин атынан кредитор боло алат.
II. Департаменттин максаттары жана милдеттери
8. Департаменттин максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- банкрот институтун өркүндөтүү жана өнүктүрүү;
- банкрот процессинин жол-жоболорун өткөрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде банкрот процесстеринин жол-жоболорун өткөрүү алдында Банкрот жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын сактоону камсыз кылуу.
9. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- координациялоо жана укуктук камсыздоо жолу менен банкрот институтун өркүндөтүү жана өнүктүрүү;
- ишканаларды банкроттон (кудуретсиздик) алдын алууну жүргүзүү жана банкрот жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу;
- банкрот процессинин алкагында акы төлөй албаган чарбакер субъекттерди жакшыртуу;
- Кыргыз Республикасынын мүлктүк укугун жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;
- ири, экономикалык жана социалдык маанилүү чарбакер субъекттердин финансылык-экономикалык абалынын эсебин эсепке алуу жана талдоо жүргүзүү;
- жок болгон карыз болуучунун банкрот болуусун ишке ашыруунун шарттарын камсыз кылуу;
- банкрот процесстеринин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу.
III. Департаменттин функциялары
10. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүдөй негизги функцияларды жүргүзөт:
а) Жөнгө салуу функциясы:
- банкрот процессинде администратор иретинде кесиптик ишти жүргүзүүчү жактарга талаптарды иштеп чыгуу жана бекитүү;
- лицензиялык комиссиянын ишин уюштурууну камсыз кылуу, банкрот процессинде администраторлордун ишин лицензиялоону (аттестациялоону) жүргүзүүнү уюштуруу-эксперттик жактан камсыздоо;
- банкрот процессинде администратор ишине талапкер жактарга карата квалификациялык экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү;
- лицензияны токтотуу жана чакырып алуу, ошондой эле лицензиянын түп нускасы жоголгон (бузулган) учурда лицензиянын дубликатын берүү (кайра тариздөө);
- администратордун ишин жүргүзүүчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аттестация жүргүзүү.
б) Координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо функциясы:
- банкрот процессинин жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча иштерди координациялоо жана "Банкрот (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шарттарды камсыз кылуу;
- банкрот жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкрот процессинин жол-жоболорун жүргүзүүчү администраторлорду контролдоону жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте, мамлекет кредит берүүчү болуп эсептелген карыз болуучулардын банкрот болуу процессинин жол-жоболорун козгоо маселелеринде мамлекеттин жалгыз өкүлүнүн ыйгарым укугун жүргүзүү. Мамлекет катышуучу (ээси) болуп эсептелген карыз болуучулардын банкрот болуу процессинде мамлекеттин кызыкчылыктарын төмөнкүдөй көрсөтөт:
- мыйзамдарда белгиленген тартипте банкрот (кудуретсиздик) деп табылган (жарыяланган), чарбакер субъекттердин эсебин уюштуруу-укуктук формасына жана менчиктин формаларына карабастан жүргүзүү (мониторинг жүргүзүү);
- администраторлордун мамлекеттик реестрин жүргүзүү:
- мыйзамдардын жана лицензия берүүчүнүн талаптарын лицензиат тарабынан аткарылышына контролдук жүргүзүү;
- банкрот процессинде администратор ишине талапкер адамдарды окутуунун жана квалификацияларды жогорулатуу боюнча курстардын программасын бекитүү жана уюштуруу;
- атайын фонддон каражат алуу үчүн администратор жиберген документтерге экспертиза жүргүзүү;
- банкрот жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкрот процессинин жол-жоболорун жүргүзүүчү администраторго контролдук жүргүзүү;
- атайын фонддон берилүүчү акча каражаттарынын администратор тарабынан максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого материалдарды даярдоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын белгиленген тартибинде администрациялык жазаларды берүү;
в) Тейлөө функциясы:
- банкрот жол-жоболорунун маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын жана арыздарынын талаш-тартыш учурларын белгиленген тартипте кароо;
- банкрот жаатындагы маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын консультациялоо;
- администраторлорго усулдук жана юридикалык жардам көрсөтүү;
- ири, экономикалык же социалдык маанилүү чарбакер субъекттерге карата банкрот процессинин жол-жоболорун колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды берүү;
- банкрот процессинин алкагында акы төлөй албаган чарбакер субъекттерди жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
г) Колдоо функциясы:
- банкрот механизмин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо жана киргизүү;
- банкрот жаатындагы программаны ишке ашыруу;
- жок болгон карыз болуучулардын банкрот болуусун ишке ашыруу максатында атайын фондду министрлик менен макулдашуу боюнча түзүү;
- төлөй албаган карыз болуучуларды уюштуруу-укуктук формасына жана менчиктин формаларына (анын ичинде экономикалык жана социалдык маанилүү субъекттердин) карабастан эсепке алуу (мониторинг жүргүзүү);
- банкрот, аны алдын алуу маселелери менен иштешкен ата мекендик жана чет өлкөлүк ведомстволорунун практикаларын үйрөнүү жана жалпылоо;
- администраторлордун отчеттук маалыматтарын жыйноо;
- банкрот жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган банкрот процессинин жол-жоболору колдонулган чарбакер субъекттердин ишине талдоо жана практикада колдонулган мындай жол-жоболорду жалпылоо;
- администраторлордун отчеттору боюнча корутундуларды сотко берүү (сот тартибинде банкрот процессин жүргүзүүдө).
IV. Департаменттин ыйгарым укуктары
11. Департамент өзүнө коюлган милдеттерди ишке ашырууда төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
- мамлекет кредитор болуп эсептелген карызкорлордун банкрот процессинин жол-жоболорун козгоо маселелеринде министрлик тарабынан берилген ыйгарым укуктарга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте мамлекеттин атынан мамлекеттик кызыкчылыктарды, ошондой эле мамлекет катышуучу (ээси) болуп эсептелген карызкорлордун банкрот процесстеринде мамлекеттин кызыкчылыгын билдирүүгө;
- мамлекет кредитор болуп эсептелген чарбакер субъекттердин банкрот процессинин жол-жоболорун алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан козгоого;
- департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдардан, менчиктин формаларына көз карандысыз юридикалык жактардан, кызматчы адамдардан жана жарандардан сурап алууга;
- департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча юридикалык жактардын жетекчилерин заседаниелерде угууга;
- банкрот боюнча (администратор) адистерди даярдоо, кесиптик деңгээлин баалоо системасын уюштурууну камсыз кылууга, окутуучу уюмдарга окутуунун жана талаптардын тиешелүү программаларын иштеп чыгууга;
- окуу борборлорун түзүүгө;
- банкрот процессинде администратор иретинде жеке жана юридикалык жактардын ишине белгиленген тартипте лицензия жүргүзүүгө, квалификациялык аттестация жүргүзүүгө, лицензияны токтотууга, чакырып алууга;
- "Банкрот (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банкрот процессин жүргүзүүдө администраторду дайындоого, четтетүүгө жана бошотууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын банкрот процессинде администратор тарабынан аткарылышына контролдук жүргүзүүгө;
- администраторлордун мамлекеттик реестрин жүргүзүүгө;
- администратордон департаменттин функцияларынын контролдоону натыйжалуу жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматты жана отчетту алууга, ошондой эле алынган маалымат боюнча түшүндүрмөнү талап кылууга;
- администраторлордун мыйзамдарды бузгандыгы жөнүндө маалыматтар (арыздар, даттануулар) болсо алардын ишине текшерүү жүргүзүүгө;
- банкрот процессинин катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууну болтурбоо максатында төлөй албаган субъекттердин активдери менен бүтүмдөрдү каттоону токтотууну тиешелүү органдардан талап кылууга;
- текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча администратор, ошондой эле банкрот процессинин башка катышуучулары кетиришкен конкреттүү бузууларды көрсөтүү менен тиешелүү документтерди (акты, протоколдор) тариздөөгө жана департамент тарабынан белгиленген мөөнөттө бузууларды жок кылууга милдеттендирүүчү чечимди чыгарууга;
- эгерде табылган бузууларды жок кылуу жөнүндө чечимди администратор аткарбаган болсо, жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө;
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти кароого материалдарды даярдоого жана "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексинин 35-1-главасына ылайык администрациялык жазаларды берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексинин 35-1-главасына ылайык администрациялык жазаларды берүүгө;
- төлөй албагандыгынын белгилери, ошондой эле жалган же атайылап банкрот болуу жөнүндө корутундуларды соттун, прокуратуранын же башка ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча берүүгө;
- банкрот процессинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган фактылар табылган учурда укук коргоо органдарына тиешелүү материалдарды берүүгө;
- банкрот жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда активдерди сатуу жана бөлүштүрүү боюнча администратордун укуктарын жана милдеттерин жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төлөй албаган чарбакер субъекттердин активдерин сатуу боюнча ("Банкрот (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 55-1-беренесине, ылайык укукту өткөрүп берүү келишимдери, ошондой эле башка келишимдери (макулдашуулары) боюнча) тооруктарды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- атайын администратор менен келишимди (төлөй албаган карызкордун активдерине талап коюу укугун өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну) жана банкрот жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка келишимдерди түзүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде нормативдик жана башка укуктук актыларды чыгарууга, ошондой эле банкрот жана лицензиялоо процесстеринин жол-жоболорун ишке ашыруу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- белгиленген тартипте Маммүлкминистрликтин жетекчилиги менен макулдашуу боюнча анын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон басылмаларды уюштуруу;
- департаменттин мүмкүнчүлүгүн чыңдоо максатында гранттык негизде финансылык жана техникалык жардамдарды көрсөтүүчү эл аралык уюмдар менен келишимдерди түзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөө кызматтарын көрсөтүү;
- конференцияларды, семинарларды, "тегерек столдорду", анын ичинде эл аралык институттардын катышуусу менен уюштуруу;
- өз убагында, сапаттуу жана керектүү деңгээлде өзүнүн функциялык милдеттерин аткаруу;
- мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежелерин жана этиканы сактоо;
- ички эмгек тартибинин белгиленген эрежесин сактоо;
- өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификация деңгээлин кармоо.
V. Департаменттин уюштуруу иштери
12. Департаменттин кызматкерлеринин чектик санын, түзүмүн жана штаттык расписаниесин министр бекитет.
13. Департамент кызматкерлерин ишке кабыл алуу жана ээлеген кызматынан бошотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык министр жүргүзөт.
14. Департаментти министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу директор жетектейт. Директордун бир орун басары болот, аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык министр дайындайт жана бошотот.
15. Департаменттин кызматчыларынын функциялык (кызматтык) милдеттери министрдин буйругу менен бекитилет.
16. Нормативдик эмес мүнөздөгү актылар департаменттин буйрук, тескеме формаларында чыгарылып, аларга департаменттин директору кол коет, буга департаменттин кызматчыларын дайындоо жөнүндө буйруктары кирбейт.
VI. Департаменттин финансылык жана чарбалык иштери
17. Департаменттин финансылык жана чарбалык иштери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
18. Департаменттин мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүчү каражаттар түзөт, алар департаменттин өз алдынча балансында көрсөтүлөт.
19. Департаменттин жана анын ишин күтүүгө финансылык чыгымдар төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- кирешелердин жана чыгымдардын бекитилген сметаларына ылайык министрлик которгон атайын каражаттардан (кирешелерден);
- өз каражаттарынын эсебинен, анын негизин төлөй албаган чарбакер субъекттердин мүлкүн сатуу боюнча кызмат көрсөткөндүгү үчүн алынуучу комиссиялык жыйым (7%), төлөй албаган чарбакер субъекттер карыздарын кайтаруу суммасынан түзүлгөн келишимге ылайык алынган каражаттардан; донордук жана башка уюмдардын жардамынан, гранттарынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген акча түшүүлөрдөн түзөт.
20. Жок болгон карыз болуучунун банкрот болуусун ишке ашыруу боюнча департаменттин чыгымдары мамлекеттик менчиктештирилген фонддун эсебинен түзүлүүчү атайын фонддон чыгымдардын сметасына ылайык жүргүзүлөт.
21. Атайын каражаттардын чыгымдалышына жоопкерчиликти департаменттин директору жана департаменттин эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча башкы адиси тартат.
22. Атайын каражаттар департамент тарабынан материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүнү, программалык продуктыларды сатып алууну, тартылган эксперттерге, адистерге, анын ичинде баалоочуларга акы төлөөнү, адистерди окутууну, даярдоону жана кайра даярдоону, администраторлорго лицензия, аттестация уюштурууну жана жүргүзүүнү, төлөй албаган чарбакер субъекттердин тооруктарын уюштуруу жана жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттарды жана иш-чараларды каржылоо үчүн колдонулушу мүмкүн.
23. Өнүктүрүү, материалдык сыйлоо, дем берүү жана социалдык колдоо үчүн каражаттарды чыгымдоо департаменттин директору бекиткен атайын сметалардын негизинде жүргүзүлөт.
VII. Корутунду жоболор
24. Департаментти кайра уюштуруу жана ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
|
|