Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 20-январы № 22
Дарыкана мекемелеринде, дары-дармек каражаттарын дүң сатуу уюмдарында жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын табигый азаюу нормалары жөнүндө
«Дары-дармек каражаттары жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, фармацевттик уюмдарда жана саламаттык сактоо уюмдарында товардык-материалдык баалуулуктарды эсепке алууну оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Дарыкана мекемелеринде, дары-дармек каражаттарын дүң сатуу уюмдарында жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын табигый азаюу нормалары;
- Дарыкана мекемелеринде, дары-дармек каражаттарын дүң сатуу уюмдарында жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын табигый азаюу нормаларын колдонуу боюнча нускама.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 1999-жылдын 13-январындагы № 10 «Дарыкана мекемелеринде медикаменттердин, ваталардын, медициналык сүлүк курттардын жана айнек идиштердин табигый азаюу нормаларын жана аларды колдонуу боюнча нускамаларды бекитүү жөнүндө» буйругу;
- «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 1999-жылдын 13-январындагы № 10 «Дарыкана мекемелеринде медикаменттердин, ваталардын, медициналык сүлүк курттардын жана айнек идиштердин табигый азаюу нормаларын жана аларды колдонуу боюнча нускамаларды бекитүү жөнүндө» буйругуна толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2004-жылдын 3-июнундагы № 263 буйругу.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-январындагы № 22 токтому менен бекитилген |
Дарыкана мекемелеринде, дары-дармек каражаттарын дүң сатуу уюмдарында жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын табигый азаюу нормалары
1. Дарыкана мекемелеринде даярдоо жана фасовкалоодо дары-дармек каражаттарынын жана медициналык
багыттагы буюмдардын табигый азаюу нормалары
№ | Көрсөткүч | Табигый азаюу нормалары, % |
1 | Дары-дармек каражаттары: |
|
1.1 | Дары-дармек каражаттарын саламаттык сактоо уюмдарынын рецепттери жана талаптары боюнча даярдоо, дарыкана ичинде даярдоо жана фасовкалоо | 1,8 |
1.2 | Гомеопаттык дары-дармек каражаттарын даярдоо | 0,80 |
1.3 | Дарыкана идиштерине медикаменттерди кошумча технологиялык операциясыз таразалоо жана ченөө (дозаларга аралаштыруу, эритүү, бөлүү) | 0,65 |
2 | Баңги каражаттары, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору, уулуу жана таасири күчтүү заттар, предметтик-сан жагынан эсепке алына турган башка дары-дармек каражаттары: |
|
2.1 | Саламаттык сактоо уюмдарынын рецепттери жана талаптары боюнча дары-дармек каражаттарын жекече даярдоо, анын ичинде гомеопаттык жазуулар боюнча | 0,95 |
2.2 | Дарыкана идиштерине кошумча технологиялык операциясыз таразалоо жана ченөө (дозаларга аралаштыруу, эритүү, бөлүү) | 0,4 |
3 | Этил спирти: |
|
3.1 | Дары-дармек каражаттарын жекече даярдоо, анын ичинде гомеопаттык жазуулар боюнча | 1,9 |
3.2 | Дарыкана идиштерине спиртти кошумча технологиялык операциясыз таразалоо (башка медикаменттер менен аралаштыруу, дозаларга бөлүү) | 0,65 |
4 | Гигроскопиялык вата: |
|
4.1 | Ватаны 100 г чейин таңгактоо | 0,85 |
4.2 | Ватаны 200 г чейин таңгактоо | 0,45 |
4.3 | Ватаны 400 г чейин таңгактоо | 0,35 |
2. Дарыкана мекемелеринде, дары-дармек каражаттарын дүң сатуу уюмдарында жана саламаттык сактоо уюмдарында
дары-дармек каражаттарын сактоодо жана ташууда табигый азаюу нормалары
№
| Дары-дармек каражаттарынын аталышы
| Табигый азаюу нормалары (%) |
5 | Порошок түрүндөгү дары-дармек каражаттары: |
|
5.1 | Гигроскопиялык касиетке ээ | 0,5 |
5.2 | Учма касиетке ээ | 0,5 |
5.3 | Кристаллогидраттар болгон | 0,4 |
5.4 | Чаңдоочу касиетке ээ | 0,2 |
6 | Суюк дары-дармек каражаттары: |
|
6.1 | Спирт эритмелери, тундурмалар | 0,45 |
6.2 | Этил спирти, антисептикалык медициналык эритме | 0,45 |
6.3 | Суюк экстракттар | 0,4 |
6.4 | Учма суюктуктар | 0,6 |
6.5 | Минералдык кислоталар | 0,2 |
6.6 | Эфир майы | 0,1 |
6.7 | Жаныбарлардын майлары | 0,1 |
7
| Дары өсүмдүк сырьесу - бардыгы анын ичинде: эфир майы бар гигроскопиялык касиетке ээ | 1,0
1,5 1,3 |
8 | Медициналык сүлүктөр: |
|
8.1 | Бишкек шаарынын аймагында | 3,8 |
8.2
| Кыргыз Республикасынын аймагында, Бишкек шаарынын аймагынан тышкары | 7,6
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-январындагы № 22 токтому менен бекитилген |
Дарыкана мекемелеринде, дары-дармек каражаттарын дүң сатуу мекемелеринде жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын табигый азаюу нормаларын колдонуу боюнча нускама
1. Дарыкана мекемелеринде даярдоо жана фасовкалоодо дары-дармек каражаттарынын жана медициналык
багыттагы буюмдардын табигый азаюу нормаларын колдонуу
1. Бул Нускама врачтардын рецепттери жана саламаттык сактоо уюмдарынын талаптары, дарыкана ичиндеги даярдоо жана дарыкана мекемелеринде таңгактоо боюнча дары-дармек каражаттарын даярдоодо коромжулуктардын наркынын ордун толтуруу үчүн дарыкана мекемелеринде даярдоо жана фасовкалоодо дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын табигый азаюу нормаларын (мындан ары - табигый азаюу нормалары) колдонуу тартибин аныктайт.
2. Табигый азаюу нормалары инвентаризация жүргүзүүдө товардык-материалдык баалуулуктардын жетпей калганы аныкталган учурда гана колдонулат. Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын табигый азаюусун эсептен чыгарууга коромжулуктар жок болгон учурда жол берилбейт.
3. Предметтик-сан жагынан эсепке алынуучу дары-дармек каражаттарынын табигый азаюу нормалары жетпей калганы аныкталган дары-дармек каражаттарынын же медициналык багыттагы буюмдардын аталышына гана колдонулушу керек.
4. Табигый азаюу нормалары дарыларды дарыканада даярдоодо пайдаланылуучу дары-дармек каражаттарынын коромжусун камтыйт жана врачтардын рецепттери жана саламаттык сактоо уюмдарынын талаптары боюнча дарыкана ичиндеги даярдоо жана таңгактоодо жекече даярдалган дарылардын наркына белгиленет.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 «Кыргыз Республикасында контролдонуучу баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсор жөнүндө» токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында контролдонуучу баңги каражаттарынын, ошондой эле психотропттук заттардын жана алардын прекурсорлорунун № 1, 2 жана 3 улуттук тизмесине киргизилген баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин А жана В тизмеси боюнча күчтүү таасир этүүчү жана уулу заттардын, этил спиртинин жана предметтик сан жагынан эсепке алынуучу башка дары-дармек каражаттарынын табигый азаюу нормалары алардын сарпталган өлчөмүнө карата белгиленет жана коромжуну эсептен чыгаруу инвентаризациялоолордун ортосундагы мезгилде жүргүзүлөт.
6. Табигый азаюудан коромжунун суммасын белгиленген норманын чегинде эсептөө саламаттык сактоо уюмдарынын рецепттери жана талаптары боюнча жекече даярдалган дары-дармек каражаттарын берүүдө (сатууда), дарыкана ичиндеги даярдоо жана таңгактоодо, ошондой эле оригиналдуу таңгагын бузуу менен эндей берүүдө баштапкы эсепке алуу документтеринин негизинде жүргүзүлөт.
7. Оригиналдуу (заводдук, фабрикалык, кампалык) таңгак менен сатылган өнөр жайлык өндүрүштөн чыккан даяр дары-дармек каражаттарына жана таразага тартылуучу медикаменттерге (анын ичинде этил спиртине) бул табигый азаюу нормасы колдонулбайт.
8. Табигый азаюу нормалары инвентаризациялоолордун ортосундагы мезгилде сатылган дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга гана колдонулат. Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын табигый азаюу өлчөмү «Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын табигый азаюусун эсептөө» формасы боюнча аныкталат (ушул нускамага тиркеме).
9. Сынган, брак болгон, бузулган, дары-дармек каражаттарынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганынын эсебинен болгон коромжулуктар табигый азаюу нормалары боюнча эсептен чыгарылбайт.
10. Инвентаризациялоодо табылган дары-дармек каражаттарынын иш жүзүндөгү болуусу менен бухгалтериялык эсептеги маалыматтардын ортосундагы айырма бухгалтердик эсептин алыш-бериш эсебинде төмөнкү тартипте көрсөтүлөт:
а) дары-дармек каражатынын ашыкчасы кириштелет жана тиешелүү сумма дарыкана мекемесинин финансылык жыйынтыгына, ал эми бюджеттик уюмда каржылоону (фонддорду) көбөйтүүгө которулат;
б) табигый азаюу нормаларынын чегинде дары-дармек каражаттарынын кем чыгуусу өндүрүштүн чыгымдарына же жүгүртүүгө, нормадан ашыкчасы күнөөлүү жактардын эсебине тиешелүү болот. Эгерде күнөөлүү жак аныкталбаса же сот алардан зыянды өндүрүүдөн баш тартса, анда дары-дармек каражаттарынын кем чыгышынан болгон зыян дарыкана мекемесинин финансылык жыйынтыгына, ал эми бюджеттик уюмда - каржылоону (фондду) азайтууга эсептен чыгарылат.
2. Дарыкана мекемелеринде, дары-дармек каражаттарын дүң сатуу уюмдарында жана саламаттык сактоо уюмдарында
дары-дармек каражаттарын сактоодо табигый азаюу нормаларын колдонуу
11. Дарыкана мекемелеринде, дары-дармек каражаттарын дүң сатуу уюмдарында жана саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарын сактоодо табигый азаюу нормалары жол берилүүчү кайтарылгыс коромжулардын чоңдугу (табигый азаюулар) болуп эсептелет, аны дары-дармек каражаттарынын сактоо учурунда (ангро) алардын массасын иш жүзүндө сактоого кабыл алынган дары-дармек каражаттарынын массасы менен салыштыруу аркылуу аныктоо керек.
12. Ушул главада каралган дарыкана мекемелеринде, дары-дармек каражаттарын дүң сатуу уюмдарында жана саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарын сактоодо табигый азаюу нормаларына төмөнкүлөр кирбейт:
- технологиялык коромжулар (дары-дармек каражаттарын даярдоодогу, дарыкана ичиндеги даярдоодогу жана фасовкалоодогу, дары-дармек каражаттарын таразалоодогу жана ченөөдөгү коромжулар);
- дары-дармек каражаттарынын брагынан болгон коромжулар;
- дары каражаттарын сактоодо стандарттын талаптарын, техникалык жана технологиялык шарттарды, техникалык эксплуатациялоо эрежелерин бузуудан, таралардын зыянга учурашынын, колдонулуучу технологиялык жабдуулардын абалынан пайда болгон коромжулар;
- технологиялык жабдууларды ремонттоодогу же сактоо үчүн колдонулган профилактикадагы коромжулар;
- склад ичиндеги операциялардагы коромжулар;
- авариялык коромжулар.
13. Дарыкана мекемелеринде, дары-дармек каражаттарын дүң сатуу уюмдарында жана саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарын сактоодо табигый азаюу нормалары чектик болуп эсептелет жана дары-дармек каражаттары (ангро) иш жүзүндө кем чыккан учурда гана колдонулат.
14. Дарыкана мекемелеринде, дары-дармек каражаттарын дүң сатуу мекемелеринде жана саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарын сактоодо табигый зыяндын нормалары сезондуулуктан жана жана климат факторлорунан көз карандысыз болот (медициналык сүлүктөрдүн табигый азаюу нормаларын кошпогондо).
| Дарыкана мекемелеринде, дары-дармек каражаттарын дүң сатуу уюмдарында жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын табигый азаюу нормаларын колдонуу боюнча нускамага тиркеме |
Уюмдун аталышы ______________________________________________________________________________________________________
Бөлүм ________________________________________________________________________________________________________________
Дары-дармек каражаттарынын жана медициналык багыттагы буюмдардын табигый азаюу
Эсеби
20__-ж. ________ 20__-ж. ________ чейинки мезгил үчүн
Материалдык жооптуу адам _________________________________________ ____________________________________________________
(кызматы, аты-жөнү)
№
| Продукциянын түрү
| Ченөө бирдиги
| Инвентаризация лоолор ортосун дагы мезгилде жүгүртүү | Табигый азаюу нормасы | Табигый азаюу нормасы боюнча эсептелди | Табигый азаюу нормасы боюнча эсептен чыгарылды
| Табигый азаюу нормасынан кем чыгуу |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||
| |||||||
| |||||||
Азаюу нормасы боюнча табигый азаюу суммасы ____________________________________________________________________________
(жазуу менен)
Азаюу нормасынан ашык табигый азаюу суммасы ___________________________________________________________________________
(жазуу менен)
Эсепти бухгалтер түздү: _______________ _________________________
колу Аты-жөнү
Материалдык жооптуу адам: _______________ _______________________
колу Аты-жөнү
20__-ж. «__»__________