Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 26-январы № 27
«Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталаган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы № 333 «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому менен жактырылган «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору кайра сурап алынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы № 333 «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Долбоор
1-берене
1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 68 453 552,9 миң сом суммасында жана чыгашалар 89 710 934,6 миң сом суммасында (өнүктүрүү бюджетинин алкагында 7 949 860,8 миң сом суммасындагы гранттык каражаттарды кошкондо) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджетинин дефицитинин чектүү өлчөмү 21257381,7 миң сом суммасында белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджетинин дефицитин жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынын 21257 381,7 миң сом суммасындагы каражаты жумшалсын.
2-берене
1. Кыргыз Республикасынын 2012-2013-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
2. 2012-жылга кирешелер боюнча болжол - 62 024 219,0 миң сом суммасында (өнүктүрүү бюджетинин алкагында 4 419 898,2 миң сом суммасындагы гранттык каражаттарды кошкондо), 2013-жылга -61 541 335,2 миң сом суммасында (өнүктүрүү бюджетинин алкагында 1 272 655,3 миң сом суммасындагы гранттык каражаттарды кошкондо).
3. 2012-жылга чыгашалар боюнча болжол - 86 195 300,0 миң сом, 2013-жылга - 84 439 787,9 миң сом суммасында.
4. Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин дефицитинин болжолу - 24 171 081,0 миң сом суммасында, 2013-жылга - 22 898 452,7 миң сом суммасында.
5. 2012-2013-жылдарга республикалык бюджеттин жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алынганда такталууга тийиш.
3-берене
Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2012-2013-жылдарга болжолу 1, 1-1 жана 1-2-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.
4-берене
Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджетинен чыгашаларды каржылоо үчүн каражат жана 2012-2013-жылдарга болжол 2, 2-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
5-берене
1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылга өнүктүрүү бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу 3-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. 2011-жылы республикада капиталдык салымдарды каржылоого каражат төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлсүн:
1) ички булактардан - 4 923 163,2 миң сом;
2) тышкы булактардан - 10 373 947,2 миң сом.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун дотациялык органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыгы белгиленсин.
6-берене
1. Чыгашаларды биринчи кезекте каржылоо корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, медикаменттер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө пособиелер, социалдык пособиелер, стипендиялар жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери жана калктын аманаттарын индексациялоо боюнча жүргүзүлөт.
2. Чыгашалардын корголгон беренелери бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга жана ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн.
3. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик министрликтерге жана ведомстволорго жүктөлөт.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2011-2013-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезекте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүргүзүү сунуш кылынсын.
7-берене
1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларына тамактанууну уюштуруу үчүн (республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо) 2011-жылга каражаттар 475 000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарынын оор, жагымсыз табигый-климаттык шарттарында жайгашкан жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусунун нормасы 1 окуучуга бир күнгө 10 сом эсебинде белгиленсин.
3. Жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларына тамактанууну уюштурууга бөлүнгөн каражаттарды өз убагында жана максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына жүктөлөт.
4. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептериндеги 1-4-класстардагы окуучулардын тамактануусун уюштуруудан үнөмдөлгөн каражаттар республикалык бюджетке кайтарылаары белгиленсин.
8-берене
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:
- ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
- тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле өндүрүштүн көлөмдөрүнүн (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүүсүнөн, түзүмдүк өзгөртүүлөрдөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджеттери менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин өз ара эсептерине тактоо киргизүүгө;
- мамлекеттик кирешелердин болжолунан ашыкча түшүүлөрдүн эсебинен республикалык бюджеттин чыгашалар бөлүгүн көбөйтүүнү кароого.
2. Ушул Мыйзамдын тиркемесине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.
9-берене
2011-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 150 000,0 миң сом суммасында белгиленсин.
10-берене
Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджетинен каржылоо 4-тиркемеге ылайык 213 182,5 миң сом жалпы суммасында белгиленсин.
11-берене
1. 2011-жылга жергиликтүү бюджеттер үчүн салык агентине төлөнүүчү киреше салыгынын пландуу түшүүлөрүнөн чегерүүлөрдүн төмөнкү ченемдери белгиленсин:
1) республикалык маанидеги шаарларга - 35 пайыз өлчөмүндө;
2) облустук маанидеги шаарларга - 30 пайыз өлчөмүндө;
3) райондук маанидеги шаарларга - 30 пайыз өлчөмүндө;
4) райондорго - 30 пайыз өлчөмүндө (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөрдү эсепке алганда райондун бардык контингентинен).
2. Сатуудан түшкөн салыктар жергиликтүү бюджеттерге төмөнкүдөй чегерилсин:
1) республикалык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;
2) облустук маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;
3) райондук маанидеги шаарларга - 25 пайыз өлчөмүндө;
4) райондорго - 25 пайыз өлчөмүндө (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөрдү эсепке алганда райондун бардык контингентинен);
5) айылдарга, поселокторго - 25 пайыз өлчөмүндө.
3. Милдеттүү патенттин негизиндеги салык республикалык маанидеги шаарлардын, облустук маанидеги шаарлардын, райондук маанидеги шаарлардын, айылдардын жана поселоктордун жергиликтүү бюджеттерине 50 пайыз өлчөмүндө чегерилсин.
4. Жер салыгы, мүлк салыгы, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, бирдиктүү салыктын негизиндеги түшүүлөр 100 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттердин тескөөсүндө калтырылсын.
5. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын атайын каражаттарына салык тийиштүү жергиликтүү бюджеттерге кошуп эсептелүүгө тийиш.
6. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча ашыра аткаруу суммаларынан жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн ченеми пландуу түшүүлөрдөн чегерүүлөр менен бирдей ченемде белгиленсин.
7. Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.
12-берене
1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджетинен билим берүү чөйрөсү үчүн категориалдык гранттардын өлчөмү жергиликтүү бюджеттер үчүн 4 084 995,1 миң сом чыгашалардын жалпы суммасында 5-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2012-2013-жылдарга республикалык бюджетинен категориалдык гранттардын өлчөмдөрүнүн болжолу 5-тиркемеге ылайык жактырылсын.
13-берене
1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджетинен теңдештирүүчү гранттардын өлчөмү жергиликтүү бюджеттер үчүн 6-тиркемеге ылайык 1059 199,0 миң сом чыгашалардын жалпы суммасында кирешелерди теңдештирүү үчүн белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2012-2013-жылдарга республикалык бюджетинен теңдештирүүчү гранттарынын өлчөмдөрүнүн болжолу 6-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3. Республикалык бюджеттен бөлүнүүчү, ушул беренеде аныкталган өлчөмдөгү теңдештирүүчү гранттарды корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгымдарга биринчи кезекте жумшоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларына сунуш кылынсын.
4. Республикалык бюджеттен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине берилүүчү каражаттар 250 000,0 миң сом суммасында жана Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетине 52 000,0 сом суммасында кирешелер боюнча жоготууларды компенсациялоо үчүн белгиленсин.
14-берене
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 2011-жылы жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин кайтарылышын 7-тиркемеге ылайык 49 259,0 миң сом, 2012-жылы - 49 088,0 миң сом, 2013-жылы - 48 908,0 миң сом жалпы суммасында камсыз кылсын.
15-берене
1. Бюджеттик мекемелер, чарбакер субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган республикалык бюджеттин каражаттары тийиштүү бюджетке өндүрүп алынууга тийиш. Кайтарым негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарбоо, ошондой эле аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүү мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрүн кыскартууга же токтотууга жана ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбаган кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга негиз болот.
2. Бюджеттик мекемелерге атайын каражатты казыналык системасынан тышкары пайдаланууга тыюу салынат. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынат.
16-берене
Коомдук уюмдарды, чыгармачыл союздарды, өз алдынча жамааттарды каржылоо өздүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлөөрү белгиленсин.
17-берене
Ушул жылы кошумча финансылык ресурстарды талап кылуучу кабыл алынган ченемдик укук актылар боюнча чыгашалар кийинки жылдын бюджетинде каралаары белгиленсин.
18-берене
Сот органдарынын чечимдери менен жеке адамдарга берилген аткартуу барагы боюнча төлөмдөр тийиштүү министрликтердин жана ведомстволордун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөөрү белгиленсин.
19-берене
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти