Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-январы № 29
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1992-жыл үчүн карыздык милдеттенмелерди жана талаптарды жөнгө салуу жөнүндө
Кыргызстан Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы 1992-жыл үчүн (корреспонденттик эсеп боюнча эсептешүүгө өткөнгө чейин) соода-экономикалык мамилелердин натыйжасы боюнча мамлекет аралык эсептешүүлөрдү 1995-жылдын 16-августундагы салыштырып текшерүү актысына ылайык, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасынын алдындагы карыздык милдеттенмелерин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы 1992-жыл үчүн карыздык милдеттенмелерди жана талаптарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы 207649,13 АКШ доллары суммасындагы карыздык милдеттенмелерин жөнгө салуу боюнча ишти тездетсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн карыздык милдеттенмелери ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга кол коюу жолу менен жөнгө салынбаган учурда Евразия экономикалык шериктештигинин Кризиске каршы фонду Кеңешинин жыйынына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы 207649,13 АКШ доллары суммасындагы карыздык милдеттенмелерин тындырууну жүргүзсүн;
- «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А. Атамбаев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Беларусь Республикасынын Улуттук банкы 1992-жыл үчүн өз ара эсептешүүлөр боюнча карыздык милдеттенмелерди жана талаптарды жөнгө салуу максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар 1992-жылдын 1-январынан 29-октябрына чейинки мезгил үчүн, корреспонденттик эсептер аркылуу эсептешүүлөргө өткөнгө чейин Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин натыйжасында келип чыккан 45929910,81 рубль суммасындагы айырманы Беларусь Республикасынын пайдасына тастыкташат, бул 207649,13 АКШ доллары эквивалентин түзөт.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн соода-экономикалык мамилелердин натыйжасы боюнча айырманы Беларусь Республикасынын алдындагы мамлекеттик карыз катары тааныйт жана аны мамлекеттик кредитке кайра тариздөөгө макулдугун берет, ал Беларусь Республикасы тарабынан берилген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан алынган деп эсептелет.
Берилген мамлекеттик кредиттин көлөмү 207649,13 АКШ долларын түзөт.
3-берене.
Мамлекеттик кредит Беларусь Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2011-2013-жылдардын ичинде жыл сайын бирдей үлүштөрдө тындыруу менен 2013-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө берилет. Кредитти мөөнөтүнөн мурда тындырууга жол берилет.
4-берене.
Мамлекеттик кредитти тындыруу Кыргыз Тарабынан: 69216,38 АКШ доллары суммасында 2011-жылдын 30-сентябрында, 69216,38 АКШ доллары суммасында 2012-жылдын 30-сентябрында жана 69216,37 АКШ доллары суммасында 2013-жылдын 30-сентябрына жылдык төлөмдөр менен жүргүзүлөт.
5-берене.
Берилген кредит үчүн пайыздар эсептелбейт жана алынбайт. Кредит боюнча мөөнөтү өткөн төлөмдөргө жылдык 4 пайыз ставкасы боюнча АКШ долларында пайыздар эсептелет жана төлөнөт.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Беларусь Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын катышуусунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Мамлекеттик кредитти техникалык тартипте тейлөө жөнүндө макулдашууга кол коюшат.
7-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган учурдан баштап убактылуу колдонулат жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндө кабарлаган күндөн тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Тарап ушул Макулдашууда каралган өз милдеттенмелерин толук аткарган күндөн баштап өз аракетин токтотот.
8-берене.
Ушул Макулдашууга эки Тараптын макулдугу менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протокол менен таризделет.
9-берене.
Бул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу Тараптар ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар Тараптар ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
2011-жылдын»____»_____________ шаарында эки нускада түзүлдү, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст артыкчылыкка ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн _____________________ | Беларусь Республикасынын Өкмөтү үчүн _____________________ |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы үчүн _____________________ | Беларусь Республикасынын Улуттук банкы үчүн _____________________ |