Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-февралы № 47
Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө", "Курал-жарак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички-иштер органдарынын иши жөнүндө нускама;
- Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускама.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин төмөнкү буйруктары күчүн жоготту деп табылсын:
- "Уруксат берүү системасын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" (Юстиция министрлигинде 2002-жылдын 30-апрелинде катталган, каттоо № 68-02);
- Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак - оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө" (Юстиция министрлигинде 2002-жылдын 30-апрелинде катталган, каттоо № 67-02).
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 676 токтомунун редакциясына ылайык)