Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 461 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-февралы № 67
Кыргыз Республикасына импорттолуучу баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерин бошотуу жөнүндө
«Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды импорттоодо бажылык төлөмдөрдүн түшүүсүн көбөйтүү жана Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Убактылуу, 2011-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасына импорттолуучу баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдар аларда даярдоочу өлкөнүн эн тамгасы, сапат сертификаты жана бажылык декларациясы болгондо жана тандап сыноочу экспертиза жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаментине ар бир партиядан буюмдардын 5 процентин бергенде апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттери бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасьшын Финансы министрлиги ушул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |