Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-августу № 461
Кыргыз Республикасына импорттолуучу баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерди бошотуу жөнүндө
Баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды импорттоодо бажылык төлөмдөрдүн түшүүсүн көбөйтүү, Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Убактылуу, 2015-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасына импорттолуучу баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдар аларда даярдоочу өлкөнүн эн тамгасы, сапат тастыктамасы жана бажы декларациясы болгондо жана тандап сыноо экспертизасын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаментине ар бир партиядан буюмдардын 5 пайызын бергенде апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттер бошотулсун.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
Күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 67 “Кыргыз Республикасына импорттолуучу баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерди бошотуу жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-мартындагы № 219 Кыргыз Республикасына импорттолуучу баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерди бошотуу жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 156 Кыргыз Республикасына импорттолуучу баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерди бошотуу жөнүндө” токтому.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |