Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-марты № 84
«Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 84 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаров, Ө.А.Абдрахманов, А.Н.Кангелдиев, А.Т.Алтыбаева, З.И. Бекбоев, И.К.Гусаров, Б.А.Маматов, Э.Б.Жумалиев, Э.А.Обдунов, Н.М.Мурашев, Т.А. Салимов, З.С.Жоошбеков, А.С.Суракматов демилге кылган «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып төмөнкүлөрдү билдирет.
Сунуш кылынган Мыйзам долбоорунда бюджеттик жол-жоболорду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти (мындан ары - Координациялык кеңеш) түзүүнүн, анын түзүмүнүн жана иштөөсүнүн тартибин өзгөртүү каралган.
Тактап айтканда, бюджеттик ыйгарым укуктарды жүргүзүүнү, республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландоону, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин түзүлүшүн жана аткарылышын текшерүүнү, кирешелерди жана чыгымдарды бөлүштүрүп жазуу боюнча аткарууну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет маселелерин тейлеген профилдик комитети менен макулдашуу боюнча жүргүзүү каралган.
Мындан тышкары, каралып жаткан Мыйзам долбоорунда Координациялык кеңешти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагынан чыгаруу жолу менен Координациялык кеңештин статусу өзгөртүлгөн. Ошол эле учурда Координациялык кеңешти Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жетектейт, ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин финансы жана бюджет маселелерин тейлеген профилдик комитетинин төрагасы анын тең төрагасы болуп эсептелет. Ошондой эле Координациялык кеңештин курамын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аныктай тургандыгы белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кеңешке сунуш кылат жана анын аткарылышын камсыз кылат, ошондой эле республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Жогорку Кенешке отчёт берет.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши республикалык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчётту бекитет.
Жогоруда аталган конституциялык нормалар «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде бекемделген, ага ылайык республикалык бюджетти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзөт жана аткарат. Республикалык бюджет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралат жана бекитилет.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 5-беренесине ылайык бюджеттик жөнгө салуу жана болжолдоо Кыргыз Республикасынын экономикасын жөнгө салуунун жана анын экономикалык-социалдык өнүгүшүн алдын-ала эсептөөнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бирдиктүү бюджет-финансы саясатын жүргүзөт.
Ушуга байланыштуу төмөнкүнү белгилейбиз, Кыргыз Республикасынын Конституциясында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктарынын толук тизмеси аныкталган, бул ыйгарым укуктарды мамлекеттин ординардык мыйзамдары менен кеңейтүүгө мүмкүн эмес, ошол эле учурда Координациялык кеңештин курамын аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3, 5-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик мамлекеттик бийликти бөлүштүрүүнүн принциптерине негизделген, ал эми мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине ылайык Өкмөт экономикалык өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, ошондой эле финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат.
Координациялык кеңеш экономикалык саясатты жүргүзүү боюнча маанилүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун иш-аракеттерин координациялоону камсыз кылуучу кеңешүүчү орган болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинде Премьер-министр Өкмөтү башкарат, бардык аткаруу бийлигинин органдары тарабынан мыйзамдардын аткарылышын, анын ичинде республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат деп белгиленген.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу демилге кылган Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка туура келбейт деп эсептейт.