Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-марты № 85
«Транзиттик ташуулар борборуна реактивдүү отун жеткирүүнүкамсыз кылган компаниялар төлөөчү атайын төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Транзиттик ташуулар борборуна реактивдүү отун жеткирүүнү камсыз кылган компаниялар төлөөчү атайын төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы №85 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаров жана Ө.А.Абдрахманов демилге кылган «Транзиттик ташуулар борборуна реактивдүү отун жеткирүүнү камсыз кылган компаниялар төлөөчү атайын төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып төмөнкүлөрдү билдирет.
Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзам долбоорунда атайын төлөмдү - реактивдүү отун менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөткөн жеткирүүчүлөр төлөй турган акча жыйымын киргизүү сунуш кылынат. Ошол эле учурда «Манас» эл аралык аэропортунун аймаганда жайгашкан Транзиттик ташуулар борборуна реактивдүү отунду жеткирүүчүлөр реактивдүү отундун жеткирилген бир тоннасына 100 АКШ доллары ставкасы боюнча атайын төлөмдөрдү төлөөчү болуп эсептелээри каралган.
Белгилей кетүүчү нерсе, 2009-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюлган, бул Макулдашуу «Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган, кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну жана Бишкек шаарында 2009-жылдын 22-июнунда кол коюлган, «Манас» эл аралык аэропортундагы транзиттик ташуулар борбору тууралуу жана аны менен байланышкан кандайдыр бир объекттер жана кыймылсыз мүлктүн түрлөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 2-июлундагы № 199 Мыйзамы менен ратификацияланган.
Аталган Макулдашуунун 4-беренесине ылайык АКШнын Коргоо министрлиги, анын персоналы, подрядчиктер жана подрядчиктердин персоналы Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген кандайдыр бир салыктарды же ушуга окшогон жыйымдарды төлөөдөн бошотулат, ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган подрядчиктер жана подрядчиктердин персоналы Кыргыз Республикасынын аймаганда белгиленген кандайдыр бир салыктарды же ушуга окшогон жыйымдарды төлөөдөн ушул Макулдашуунун алкагында аткарылуучу иштерге байланыштуу гана бошотулат.
Мындан тышкары, Макулдашуунун 7-беренесине ылайык, аталган Макулдашууну аткаруу үчүн АКШ Өкмөтү же АКШ Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасында товарлар жана кызматтар сатып алынганда Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген кандайдыр бир салыктар, бажы алымдары же ушуга окшогон төлөмдөр төлөнбөйт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери Кыргыз Республикасында кыйшаюсуз аткарылууга жана милдеттүү түрдө сакталууга тийиш.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаров жана Ө.А. Абдрахманов демилге кылган Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка туура келбейт деп эсептейт.