Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 15-марты № 105
"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине жардам көрсөтүү жөнүндө
"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине көмөкчү чарба уюштурууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республикалык комиссиянын чечими менен төмөнкүлөрдү акысыз бөлүштүрүүнү камсыз кылсын:
- тракторлорду сатып алуу үчүн 30 млн. юань суммасында Кыргыз Республикасына бөлүнүп берилүүчү, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн берилүүчү грантынын эсебинен 2 тракторду;
- 2011-жылдагы жазгы себүүнү жүргүзүү үчүн Россия Федерациясынан келип түшүүчү жазгы арпанын 22 тонна үрөнүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2011-жылдагы жазгы себүүнү жүргүзүү үчүн "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине Россия Федерациясынан келип түшүүчү жазгы арпанын 22 тонна үрөнүн жана тракторлорду сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасына бөлүнүп берилүүчү, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн берилүүчү грантынын эсебинен 2 тракторду акысыз бөлүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бюджеттик каражат издеп тапсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 171 "2010-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноодо жана 2011-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жана дизель отуну менен камсыздоо жөнүндө" токтомуна ылайык Талас облусунун лимитинин алынбаган көлөмдөрүнүн эсебинен 2010-жылы Россия Федерациясынан келип түшкөн 14,0 тонна дизел отунун берсин.
4. "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна көмөкчү чарбанын ишин жүзөгө ашыруу үчүн "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесине жеңилдиктүү кредитти бөлүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу сунушталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |