Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-марты № 108
Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча 2011-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квотаны аныктоо жөнүндө
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча 2011-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине белгиленген квотанын чектеринде Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана региондорунун ортосунда квоталарды кайра бөлүштүрүүгө укук берилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча 2011-жылга эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына
КВОТА
┌──────────┬──────────────────────────────────────────────────────────┐
│Региондор │ Экономика тармактары (адам) │
│ ├─────┬────────┬─────────┬──────────┬────────┬───────┬─────┤
│ │Өнөр │ Айыл │ Транс- │ Соода, │Саламат-│Кредит-│Бар- │
│ │ жай │ жана │ порт, │ кызмат │ тык │ төө, │дыгы │
│ │жана │ токой │коммуни- │ көрсөтүү │ сактоо,│ банк │ │
│ │куру-│чарбасы,│ кация, │ чөйрөсү, │ билим │сектору│ │
│ │ луш │ кайра │геология-│ коомдук │ берүү, │камсыз-│ │
│ │ │ иштеп │ лык │тамактануу│ илим, │ данды-│ │
│ │ │чыгаруу │чалгындоо│жана башка│маданият│ руу │ │
│ │ │ өнөр │ жана │ экономи- │ жана │ │ │
│ │ │ жайы │ тоокен │ калык │ искусс-│ │ │
│ │ │ │өнөр жайы│ ишмердик │ тво │ │ │
├──────────┼─────┼────────┼─────────┼──────────┼────────┼───────┼─────┤
│Баткен │ 235 │ 50 │ 50 │ 20 │ 35 │ 50 │ 440│
│облусу │ │ │ │ │ │ │ │
├──────────┼─────┼────────┼─────────┼──────────┼────────┼───────┼─────┤
│Жалал-Абад│ 240 │ 100 │ 400 │ 50 │ 80 │ 10 │ 880│
│облусу │ │ │ │ │ │ │ │
├──────────┼─────┼────────┼─────────┼──────────┼────────┼───────┼─────┤
│Ысык-Көл │ 40 │ 20 │ 25 │ 10 │ 25 │ 20 │ 140│
│облусу │ │ │ │ │ │ │ │
├──────────┼─────┼────────┼─────────┼──────────┼────────┼───────┼─────┤
│Нарын │ 100 │ 32 │ 100 │ 5 │ 25 │ 10 │ 272│
│облусу │ │ │ │ │ │ │ │
├──────────┼─────┼────────┼─────────┼──────────┼────────┼───────┼─────┤
│Ош │ 450 │ 20 │ 25 │ 1000 │ 25 │ 22 │ 1542│
│облусу │ │ │ │ │ │ │ │
├──────────┼─────┼────────┼─────────┼──────────┼────────┼───────┼─────┤
│Талас │ 50 │ 30 │ 40 │ 5 │ 25 │ 5 │ 155│
│облусу │ │ │ │ │ │ │ │
├──────────┼─────┼────────┼─────────┼──────────┼────────┼───────┼─────┤
│Чүй │ 650 │ 150 │ 150 │ 85 │ 100 │ 25 │ 1160│
│облусу │ │ │ │ │ │ │ │
├──────────┼─────┼────────┼─────────┼──────────┼────────┼───────┼─────┤
│Бишкек │1870 │ 40 │ 500 │ 2000 │ 376 │ 350 │ 5136│
│шаары │ │ │ │ │ │ │ │
├──────────┼─────┼────────┼─────────┼──────────┼────────┼───────┼─────┤
│Ош шаары │ 500 │ 20 │ 30 │ 200 │ 75 │ 100 │ 925│
├──────────┼─────┼────────┼─────────┼──────────┼────────┼───────┼─────┤
│Бардыгы │4135 │ 462 │ 1320 │ 3375 │ 766 │ 592 │10650│
└──────────┴─────┴────────┴─────────┴──────────┴────────┴───────┴─────┘