Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 22-марты № 112
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин экинчи бөлүгүнө ылайык ушул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер - министр | А. Атамбаев |
Долбоор
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(2011-жылдын 22-мартында)
1-берене. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин-Тоо» гезити, 2009-жылдын 7-августу, № 68-69) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 23-беренесинин биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун мөөнөтү бир айдан кем эмес болот.».
2. 30-беренесинин үчүнчү бөлүгүндөгү «бир айдан» деген сөздөр «он беш күндөн» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. 1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айдын ичинде:
1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуш киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|