Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 3-марты №93
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №12 "Фермерлерге арзан кредит" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Фермерлерге арзан кредит" долбоорунун алкагында кредиттик каражаттарды максималдуу өздөштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №12 "Фермерлерге арзан кредит" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
3-пункттун үчүнчү абзацындагы "майынын" деген сөз "июнунун" деген сөз менен алмаштырылсын;
5-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- аталган токтом менен бекитилген "Фермерлерге арзан кредит" долбоорунда:
"Фермерлерге арзан кредит" деген сөздөрдү кошпогондо, бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "фермерлер" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "айыл чарба өндүрүүчүлөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
преамбуланын бешинчи абзацында жана "Түпкү алуучу үчүн шарттар" главасынын биринчи абзацында ар кандай жөндөмөдөгү "жеке жана коллективдүү дыйкан чарбалар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "айыл чарба өндүрүүчүлөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Күтүлгөн натыйжалар" главасында:
расмий тилдеги 2-пункттун бешинчи абзацындагы "Доступное финансирование" деген сөздөр "Доступные кредиты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пункттун үчүнчү-бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Бул тобокелдикти минималдаштыруу максатында долбоорго банктардын мүмкүн болгон көп санын тартуу зарыл.";
4-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
расмий тилдеги "Тобокелди минималдаштыруу" главасынын биринчи абзацында "Доступное финансирование" деген сөздөр "Доступные кредиты фермерам" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Долбоордун баяндамасы" главасында:
5 жана 6-пункттарындагы "жана фермердик чарбаларга" жана "же фермердик чарбалар" деген сөздөр тиешелүү түрдө алып салынсын;
расмий тилдеги 8-пункттун үчүнчү сүйлөмүндөгү "общество" деген сөз "обществу" деген сөз менен алмаштырылсын;
2 жана 3-тиркемелер күчүн жоготту деп табылсын;
4-тиркеменин бешинчи абзацындагы "Фермалар" деген сөз "Айыл чарба өндүрүүчүлөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | А. Атамбаев |