Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-январы № 12
"Фермерлерге арзан кредит" долбоорун бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 93, 2011-жылдын 30-декабрындагы № 765 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2011-жылы жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: "Фермерлерге арзан кредит" долбоору бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коомуна Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 112 "Ош жана Жалал-Абад шаарларында калыбына келтирүү жумуштарын каржылоого булактарды табуу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияга Кыргыз Республикасынын резервдик фондунан бөлүнгөн каражаттан бир миллиард сом өлчөмдө бюджеттик ссуда берсин;
- берилген бюджеттик ссудадан түшкөн каражаттарды топтоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин атайын топтоочу эсебин ачсын;
- "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коому менен төмөнкүдөй шарттарда (күрөө бербестен) карыздык милдеттенме түзсүн:
а) бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөтү - кредит берилген учурдан баштап 1 жыл;
б) кредитти пайдалангандык үчүн проценттик ставка - процентсиз;
в) бюджеттик ссуданы пайдалануу максаты - дыйканчылык ("Фермерлерге арзан кредит" долбоору боюнча коммерциялык банктар аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөргө кредиттерди берүү);
- "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коому "Фермерлерге арзан кредит" долбоору боюнча кайра берген каражаттар Ош жана Жалал-Абад шаарларында калыбына келтирүү жумуштарын каржылоо үчүн кириштелсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 765 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн каражатты республиканын коммерциялык банктарына жылдык 2 проценттен ашпаган проценттик ставка менен, коммерциялык банктар аны айылдык товар өндүрүүчүлөргө күрөөлүк камсыздоо менен жылдык 9 проценттен ашпаган проценттик ставкада кредитке берүүсү шартында кредитке берүү;
- кредиттик каражатты өздөштүрүүнүн акыркы мөөнөтү 2011-жылдын июнунун аягына чейин болгон, тындыруу мөөнөтү кредиттерди коммерциялык банктарга берген учурдан баштап 1 жылдан ашпаган кредиттерди "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коомдун ички актыларына ылайык коммерциялык банктарга кредитке берүү;
- коммерциялык банктардан бюджеттик ссуданы төлөө үчүн түшкөн каражаттарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы атайын топтоо эсебине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коомдун ортосундагы карыз милдеттенмесинде жазылган мөөнөттөр жана шарттар боюнча которуу.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коом ушул токтомго ылайык коммерциялык банктарга берчү кредиттик каражаттын максимум суммасынын көбөйтүлүшү боюнча "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коомдун нормативдерин карап чыгуу;
- "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коомдун ушул токтомдун шарттарына ылайык коммерциялык банктарга кредит берүү мүмкүндүгүн карап чыгуу.
5. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө, агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 12 токтому менен бекитилген |
"Фермерлерге арзан кредит"
ДОЛБООРУ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
Долбоордун жалпы наркы: 1 млрд. сом.
Долбоордун максаты: 2011-жылдын жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүнү каржылоо.
Долбоордун башталышы: 2011-жылдын февралы.
Долбоордун мөөнөтү: 1 жыл. Финансылык каражаттарды коммерциялык банктар "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коомуна берилген учурдан тартып 1 жылдын ичинде кайра берилүүгө тийиш.
Долбоордун баяндамасы. Долбоордун алкагында жүгүртүүдөгү арзан финансылык каражаттар айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 2011-жылдын жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн берилет. Финансылык каражатты бул долбоорго катышууну каалаган коммерциялык банктар аркылуу берүү белгиленген. Тышкы администрация киргизилгенден башка бардык банктар долбоорду ишке ашырууга катыша алышат.
Коммерциялык банктар финансылык каражатты "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коому аркылуу төмөнкүдөй шарттарда алышат:
- коммерциялык банктар үчүн ресурстардын наркы - 2%;
- жеңилдиктүү мезгил - негизги сумма проценттери менен кошо мөөнөттүн аягында төлөнөт;
- коммерциялык банктын маржасы - 7%, каражат 12 айга берилет;
- максаттык каржылоо - дыйканчылык (ресурска муктаждык жабылган учурда мал чарбачылыкты каржылоого мүмкүн).
Түпкү алуучу үчүн шарттар
Долбоорго катышкан банктар айыл чарба өндүрүүчүлөрүдү төмөнкүдөй шартта кредиттөөгө милдеттүү болушат:
┌─────────────────────────────┬───────────────────────────────────────┐
│Кредиттин суммасы │200000 сомго чейин │
├─────────────────────────────┼───────────────────────────────────────┤
│Проценттик ставка │9% │
├─────────────────────────────┼───────────────────────────────────────┤
│Кредиттин мөөнөтү │12 ай │
├─────────────────────────────┼───────────────────────────────────────┤
│Жеңилдиктүү мезгил │Негизги суммага 3төн 6 айга чейин │
├─────────────────────────────┼───────────────────────────────────────┤
│Максаттык тармак │Дыйканчылык (айыл чарба) │
└─────────────────────────────┴───────────────────────────────────────┘
Эскертүү: банктарга 2011-жылдын жазгы талаа жумуштарына берилген кредиттерди рефинансылоого тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
Долбоордун максаты
Өлкөнүн экономикасында айыл чарба секторунун үлүшү 19%, Кыргыз Республикасынын элетте жашаган калкынын үлүшү 65%. Ошондуктан, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири.
Азыркы учурда Кыргызстанда 21 коммерциялык банк бүткүл республика боюнча филиалдарынын кеңири тармагы менен иштешет. Ошондой эле банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелер иштешет, алардын баары элге кредит берүү чөйрөсүнө адистешкен. Коммерциялык банктарда (мындан ары - КБ) кредит боюнча проценттик ставка 18ден 34%ке чейин жылдыкты түзөт. Банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелерде (мындан ары- БэФКМ) проценттер боюнча ставка кеңири диапазондо варианттуу жана орточо алганда банктык ставкалардан жогору. Проценти жогору, берүү мөөнөтү кыска жана жеңилдиктүү мөөнөтү жок болгондуктан кредиттерди алууну каалагандар аз.
Элдин негизги бөлүгү дыйканчылыкта жана мал чарбада иштеген региондордо бул маселе айрыкча маанилүү. Төлөй албоо опурталы жогору болгондуктан, анын ичинде айылдык товар өндүрүүчүнүн түпкү продуктусунун сатуу баасы бат өзгөрүп тургандыктан КБ айыл элине кредит берүүгө ынтызар эмес. Микрокредиттерди берчү БэФКМлардын шарттары алгылыктуураак.
Айылдык товар өндүрүүчүлөргө аванс берүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл, анткени айыл чарба продукциясын өстүрүү үчүн техника, күйүүчү-майлоочу материалдар, үрөн, жер семирткич ж.б. керек. Айыл чарба, атап айтканда агрардык сектор абдан өнүккөн өлкөлөрдө да дотациялык тармак экенин, б.а. мамлекет тарабынан толук же айрым бөлүгү каржыланаары дүйнөлүк практикада белгилүү.
2009-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасы 5548 тонна үрөн, 15 миң куб.м күйүүчү-майлоочу материал, 2586 тонна минералдык семирткич түрүндө товардык кредиттер жана башка акча каражат берилген. Аталган каражаттарды бөлүштүрүүдө айылдык бир товар өндүрүүчүгө ал үчүн керектүү нерсенин бир аз эле бөлүгү тийгендиктен, бул айыл чарба өндүрүүчүлөрүгө да, мамлекетке да майнапсыз.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айыл чарба өндүрүүчүлөрүгө колдоо көрсөтүүнүн жаңы системасын иштеп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алган. Бул долбоорду ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жеңилдиктүү каржылоонун жаңы системасын киргизип жатат, ал система дыйкандарга товардык жардам (күйүүчү-майлоочу материал, үрөн ж.у.с.) берүү практикасын таштап, жардамды монетизациялоого өтүүгө жана мамлекеттик каражатты пайдалануунун натыйжалуулугун арттырууга мүмкүндүк берет.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн сынамык багыт катары дыйканчылык сектору тандалган, бул багытты тандоо бул чөйрөнү өнүктүрүү жана жер ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгы менен шартталган. Башка дагы фактор - кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү келечеги, туруктуу сырьелук база болмоюнча өнөр жай иштеши мүмкүн эмес.
Долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса мамлекеттик заказды, биринчи кезекте долбоорго ишке тартылган ийгиликтүү катышуучулардан заказ алууну камсыздоо маселесин андан ары иштеп чыгуу зарыл.
Күтүлгөн натыйжалар
1. Өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу багыттарына жайылтуу үчүн каржылоонун жалпы схемасын иштеп чыгуу.
2. Проценттик ставкаларга таасир этүү механизмин ишке киргизүү.
Тобокелдер жана коркунучтар:
Долбоорду ишке ашырууда төмөнкүдөй тобокелдер жана коркунучтар бар.
1. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн каражатты башка максатка пайдалануу тобокели.
Бүгүнкү күндө өлкөнүн финансылык рыногунда кредиттер боюнча проценттик ставка 18ден 34%ке чейин жылдыкты түзөт, ал эми 2010-жылы инфляция баштапкы баалоолор боюнча 19,4%ти түздү. Долбоор боюнча проценттик ставка 9% болоору болжонууда. Бул факт потенциалдуу карыз алуучуну каражатты себүү жумушуна эмес, башка максатка жумшоого түртүшү мүмкүн.
Бул тобокелди азайтуу үчүн төмөнкүлөр караштырылган:
- кредитти коммерциялык банктардын каалоосу боюнча этаптуу берүү (3 этап: себүүгө - 50%, багууга - 25%, жыйноого - 25%);
- башка максатка пайдаланганы үчүн берилген кредиттин ставкасын 36%ке чейин көбөйтүү менен жаза колдонуу;
- максаттуу пайдаланууну контролдоого жергиликтүү жамааттардын жана мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүн тартуу.
2. Коммерциялык банктардын каражатты башка максатка пайдалануу тобокели.
Проценттик ставка аз болгондуктан коммерциялык банктар мурда берилген кредиттерди рефинансылоо операцияларын жүргүзүүгө кызыгышы мүмкүн.
Бул тобокелди азайтуу үчүн төмөнкүдөй ишти жүргүзүү зарыл:
- долбоор боюнча каражаттын максаттуу пайдаланылышын "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан такай мониторингдөө;
- "Фермерлерге арзан кредит" долбоорунун алкагында банкка берилген каражатты "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коомунун кайра алып коюшу.
3. Коммерциялык банктардын "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан берилген каражатты толук албай калуу тобокели.
Коммерциялык банктар долбоордун алкагында "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коомуна кредиттик милдеттүү болушат, бул карыз алуучуларда күрөөлүк камсыздоо болушун талап кылат. Күрөөнүн жоктугу каражат алуудан баш тартууну жаратышы мүмкүн; андан улам потенциалдуу карыз алуучулардын саны жетишсиз болуп, бул коммерциялык банктар алуучу каражаттын жалпы суммасына таасир этиши ыктымал.
Бул тобокелдикти минималдаштыруу максатында долбоорго банктардын мүмкүн болгон көп санын тартуу зарыл.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Табигый кырсыктар коркунучу.
Кыргыз Республикасынын климаты кескин континенттүү болгондуктан түшүмдүн жок болушуна дуушарлантышы ыктымалдуу табигый кырсыктар тобокели бар, ал айыл чарба өндүрүүчүлөрүдүн алган милдеттенмелерин аткара албай калышына туш кылышы мүмкүн.
Тобокелди минималдаштыруу
"Фермерлерге арзан кредит" долбоорунун алкагында камсыздандыруу ыкмаларын ыктыярдуу негизде пайдалануу.
┌──────────────────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Резервдик фонду │
│(20 млн. АКШ доллары) + 5 млн. (КЭРдин гранты)│
└───────────────────────┬──────────────────────┘
│
┌──────────────────────────────────────┐
│"Банктарды рефинансылоочу атайын фонд"│
│ жоопкерчилиги чектелген коому │
└───┬──────────┬────────┬──────────┬───┘
Проценттик │ │ │ │
ставка 2%
┌──────┐ ┌──────┐ ┌──────┐ ┌──────┐
│ КБ │ │ КБ │ │ КБ │ │ КБ │
└──┬───┘ └───┬──┘ └──┬───┘ └───┬──┘
Проценттик │ │ │ │
ставка │ │ │ │
2 + 7 = 9%
┌──────┐ ┌──────┐ ┌──────┐ ┌──────┐
│Фермер│ │Фермер│ │Фермер│ │Фермер│
└──────┘ └──────┘ └──────┘ └──────┘
Долбоордун баяндамасы
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коомуна мөөнөттүү жана кайра берүү шартында 1 миллиард сом процентсиз ссуда берет. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги каражатты "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган сомдук эсебине которот.
2. "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коому каражаттарды коммерциялык банктарга Кыргыз Республикасынын "дыйканчылык" жана "жазгы талаа жумуштары" багыты боюнча резиденттери болгон жеке жактарды жана юридикалык жактарды кредиттөө үчүн бөлүп берет. Каражат мөөнөттүү, кайра төлөө жана кайра берүү шарттарында берилет (банктын милдеттүү трүдө күрөөлүк камсыздоо бериши менен). Кредиттер коммерциялык банктарга бир жылга 2% менен берилет (фонддун операциялык чыгымдарын жабууга кетет).
3. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген жана "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коому коюучу талаптарга ылайык келген коммерциялык банк долбоорду ишке ашырууга катышууга укуктуу болот. Коммерциялык банк долбоордун алкагында каражат алуу үчүн белгиленген тартипте өтүнмө толтурат жана аны "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коомуна берет.
4. Эгер банктын өтүнмөсү бардык талаптарга ылайык болсо, "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коому каражатты өзүнүн эсебинен коммерциялык банктын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган эсебине которот.
5. Коммерциялык банктар операциялык чыгымдарын жабуу үчүн 7% маржа белгилөөгө укуктуу, мында берилчү финансылык каражат айыл чарба өндүрүүчүлөрүгө төмөнкүдөй шарттарда берилүүгө тийиш:
- проценттик ставка - 9% жылдык;
- сумма - 200 миң сомго чейин;
- мөөнөтү - 12 айга чейин;
- негизги сумма жана кредит боюнча проценттер кредиттик макулдашууга ылайык, бирок кредиттин негизги суммасы боюнча 3төн 6 айга чейинки милдеттүү жеңилдиктүү мезгил менен берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Айыл чарба өндүрүүчүлөрү кредит алуу үчүн күрөөлүк камсыздоо берүүгө тийиш. Түпкү карыз алуучулар коммерциялык банктын алдында кредиттик милдеттенме алышат, ал эми коммерциялык банк "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коомунун алдында кредиттик милдеттенме алат, "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коому болсо - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине милдеттүү болот.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Чыгымдарды азайтуу жана кредиттерди тариздөөнү тездетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Борбордук күрөөлөрдү каттоо конторасы күрөөнү жерине барып каттоо механизмин иштеп чыккан. Каттоочу адистер кредиторлор менен макулдашуу боюнча күрөөнү каттоо жол-жобосун жүргүзүү жана каттоо тууралуу документтерди (күрөөнү каттоо күбөлүгү, күрөө жөнүндө билдирүү).
8. "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коому кредиттерди пайдаланууга мониторингдин жыйынтыгында мезгил-мезгили менен каражаттардын бөлүштүрүлүшү жана кайра төлөнүшү отчет, ошондой эле коммерциялык банктардын кредит каражатты пайдалануу шартын бузгандыктары жөнүндө маалымат даярдайт. Ал отчет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү зарыл болсо "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коомунун коммерциялык банктардын каражатты пайдалануу жана кайра төлөө боюнча шарттарды аткаруу талабына көмөк көрсөтөт.
Проценттик ставка жана сумма
Долбоордун алкагында түпкү пайдалануучулар үчүн проценттик ставка төмөнкүдөй болот:
- 2% - "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коомунун потенциалдуу чыгымдарын жабууга резерв боюнча сарптоолорго;
- 2% - коммерциялык банктардын потенциалдуу чыгымдарды жабуу үчүн резерв түзүшүнө;
- 5% - коммерциялык банктын операциялык чыгымдары жана кирешелери, анын ичинде колдонулган салыктар боюнча төлөөлөргө.
Ушуну менен, жалпы проценттик ставка 9% болот.
Кредиттин суммасы. Айыл чарба өндүрүүчүлөрү долбоордун алкагында 200000 сомго чейинки суммада кредит ала алышат. Сумманын максимум чектик суммасы гана белгиленет. Банктар чектик суммадан ашпаган кредит берүүгө укуктуу.
1-тиркеме
Проценттик ставкаларга
СЕРЕП
┌───┬───────────────────────┬───────────────────────┬─────────────────┐
│ № │ Банктын, ФКМнын │А/ч кредитке проценттик│ Эскертүү │
│ │ аталышы │ ставкалар │ │
│ │ ├──────┬──────┬─────────┤ │
│ │ │ Сом │ │ │ │
│ │ │ менен│ долл.│ Мөөнөтү │ │
├───┼───────────────────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────────┤
│1. │Аманбанк │ 30% │ 28% │ 2 жылга │Агрокредиттин │
│ │ │ │ │ чейин │бардык багыттары │
│ │ │ │ │ │үчүн бирдей │
├───┼───────────────────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────────┤
│2. │ЮниКредитБанк │28-29 │ 26 │ 3 жылга │Кредиттин │
│ │ │ │ │ чейин │суммасына жараша.│
│ │ │ │ │ │Сумма канчалык │
│ │ │ │ │ │аз болсо, ставка │
│ │ │ │ │ │ошончолук жогору.│
│ │ │ │ │ │Бул ставкалар │
│ │ │ │ │ │500 миң сом │
│ │ │ │ │ │суммага │
├───┼───────────────────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────────┤
│3. │Азия Банк │ жок │ жок │ │ │
├───┼───────────────────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────────┤
│4. │Бакай Банк │ жок │ жок │ │ │
├───┼───────────────────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────────┤
│5. │БТА Банк │ жок │ жок │ │Банк азыркы │
│ │ │ │ │ │учурда эч кандай │
│ │ │ │ │ │кредит бербейт │
├───┼───────────────────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────────┤
│6. │ДоскредоБанк │ 28% │ 26% │ 2 жылга │500 миң сомдук │
│ │ │ │ │ чейин │эсепте │
├───┼───────────────────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────────┤
│7. │Ысык-Көл Инвест │ жок │ жок │ │ │
├───┼───────────────────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────────┤
│8. │Казкоммерцбанк │ │ │ │ │
├───┼───────────────────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────────┤
│9. │Кыргызстан КБ │ 26% │ 22% │ │Суммага жана │
│ │ │ │ │ │күрөөлүк │
│ │ │ │ │ │камсыздоого │
│ │ │ │ │ │жараша │
├───┼───────────────────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────────┤
│10.│Кыргызкредитбанк │ 27% │ 27% │ │А/ч үчүн түз │
│ │ │ │ │ │кредити жок, │
│ │ │ │ │ │бирок керектөө │
│ │ │ │ │ │максаттарына │
│ │ │ │ │ │беришет │
├───┼───────────────────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────────┤
│11.│Манас Банк │ жок │ жок │ │Айыл чарбага түз │
│ │ │ │ │ │кредит берүү жок │
├───┼───────────────────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────────┤
│12.│РСК Банк │ 20% │ 18% │ │А/ч кредиттердин │
│ │ │ │ │ │бардык түрлөрүнө │
│ │ │ │ │ │бирдей ставка │
├───┼───────────────────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────────┤
│13.│"Толубай" ЖАК │ 29% │ 28% │ 1 жылга │ │
│ │ │ │ │ чейин │ │
├───┼───────────────────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────────┤
│14.│Халык Банк │ жок │ жок │ │ │
├───┼───────────────────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────────┤
│15.│МКК "Финка" │ 22% │ жок │ 2 жылга │Кароонун максимум│
│ │ │ │ │ чейин │мөөнөтү 5 күн │
├───┼───────────────────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────────┤
│16.│Бай-Түшүм жана Өнөктөр │ 30% │ жок │ 2 жылга │Кредит сом менен │
│ │ │ │ │ чейин │гана. Кароонун │
│ │ │ │ │ │максимум мөөнөтү │
│ │ │ │ │ │3 күн │
├───┼───────────────────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────────┤
│16.│"Мол Булак Финанс" │ 72% │ │ 1 жылга │Топторго кредит │
│ │микрокредиттик компания│(айына│ │ чейин │берүү, төлөө ай │
│ │ │6%) │ │ │сайын │
├───┼───────────────────────┼──────┼──────┼─────────┼─────────────────┤
│17.│"Финансовая группа │ 36% │ │ 1 жылга │Топторго кредит, │
│ │Компаньон" │(ай │ │ чейин │жеке кредит │
│ │микрокредиттик компания│сайын │ │ │берилбейт. Төлөө │
│ │ │3%) │ │ │ай сайын │
└───┴───────────────────────┴──────┴──────┴─────────┴─────────────────┘
2-тиркеме
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүдүн 1 га жерге чыгымына
СЕРЕП
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3-тиркеме
Айдоо аянттарды кеңейтүү
СТРУКТУРАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4-тиркеме
Максаттуу пайдаланууга
МОНИТОРИНГ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
Максаттуу пайдаланууга мониторинг төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- айылдык товар өндүрүүчүлөр кредит алган учурдан баштап 1 айдын ичинде максаттуу пайдаланганы жөнүндө отчетторду документтүү ырастоолору менен кошо берүүгө тийиш (контракт/келишим, сертификат, эсеп-фактура жана/же накладной, төлөгөнү жөнүндө документтерди жана башкалар);
- банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери максаттуу пайдалангандык жөнүндө отчет алгандан кийин 3 айдын ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана айылдык округдардын өкүлдөрү менен кошо жерине баруу менен мониторинг жүргүзүшөт, ал текшерүүнүн ички отчету менен таризделет. Башка максатка пайдаланган учурда тийиштүү акты түзүлүп жана ал кредит боюнча проценттик ставка 36%ке чейин көбөйтүлүүгө тийиш;
- мындан тышкары, "Банктарды рефинансылоочу атайын фонд" жоопкерчилиги чектелген коому максаттуу пайдаланууга иргеп текшерүү жүргүзүп турат.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрү банкка кредит максаттуу пайдаланылганын ырастоочу төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
- контракттардын/келишимдердин жана/же эсеп-фактуралардын, накладнойлордун, алынган үрөн, минералдык семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар жана айыл чарба техникасына запастык тетиктер, көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөнгөн үчүн төлөө документтеринин копиялары (каражаттын пайдаланылышы жөнүндө отчет менен кошо тапшырылууга тийиш);
өзгөчө учурларда:
- кредит алуу менен агротехникалык иштерди жүргүзүүчү оптималдуу убакыттын ортосунда ажырым болгон учурда кредит берилген күндөн эки айдан көп эмес мурда таризделген актоочу документтерди кабыл алууга болот;
- үрөндү, минералдык семирткичти, күйүүчү-майлоочу материалды жана айыл чарба техникасынын тетиктерин сатып алууга-сатууга бүтүм түзүлгөн учурда, ошондой эле жеке жактын статусу бар жактар менен техниканын кызматын көрсөтүү жөнүндө бүтүм түзүлгөн учурда айыл округда күбөлөндүрүлгөн, сатуучунун акча каражатты алганы тууралуу паспорттук маалыматтарын, сатылган үрөндүн же башка продукциянын/көрсөтүлгөн кызматтын санын, сортун милдеттүү түрдө көрсөтүү менен берген тил каты кошо тиркелген контракт/сатуу-сатып алуу келишими актоочу документ боло алат;
- алыскы айылдардын тургундары күйүүчү-майлоочу материалдарды биргелешип бир адам аркылуу алышкан учурда - авто май куюучу станциялардын төлөм документтеринин копияларын каражаттын пайдаланылышы жөнүндө отчетко баары чогуу биргелешип алганын көрсөтүү менен тиркөө зарыл.