Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-марты №95
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы №976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Социалдык жактан маанилүү товарларга баалардын өсүшүн кармап туруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы №976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген жеке адамдардын товарларды жана автотранспортту Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүүсү жөнүндө нускамада:
- 5.3-пункттагы "№3 тиркемесинде" деген сөз жана цифра "3 жана 3-1-тиркемелеринде" деген сөздөргө жана цифраларга алмашылсын;
- 5.4-пункттагы "№3 тиркемесинде" деген сөз жана цифра "3 жана 3-1-тиркемелеринде" деген сөздөргө жана цифраларга алмашылсын;
- ушул токтомго карата тиркемеге ылайык нускама 3-1-тиркемеси менен толукталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
| Тиркеме 3-1 тиркеме |
┌────────────────┬─────────────────┬─────────────────┬────────────────┐
│ ТЭИ ТН коду │ Жер үстүндөгү │ Аба транспорту │ Саны │
│ │ транспорт менен │ менен ташып │ │
│ │ ташып келүүдө │ келүүдө 1 кг │ │
│ │1 кг (даана) үчүн│(даана) үчүн бажы│ │
│ │бажы алымдарынын │алымдарынын жана │ │
│ │жана салыктарынын│ салыктарынын │ │
│ │ бирдиктүү │ бирдиктүү │ │
│ │ ставкасы │ ставкасы │ │
├────────────────┼─────────────────┼─────────────────┼────────────────┤
│0201 │ 1 сом │ 1 сом │ 100 кг чейин │
├────────────────┼─────────────────┼─────────────────┼────────────────┤
│0202 │ 1 сом │ 1 сом │ 100 кг чейин │
├────────────────┼─────────────────┼─────────────────┼────────────────┤
│0204 │ 1 сом │ 1 сом │ 100 кг чейин │
├────────────────┼─────────────────┼─────────────────┼────────────────┤
│0207 │ 1 сом │ 1 сом │ 100 кг чейин │
├────────────────┼─────────────────┼─────────────────┼────────────────┤
│1006 │ 1 сом │ 1 сом │ 100 кг чейин │
├────────────────┼─────────────────┼─────────────────┼────────────────┤
│1008 10 000 │ 1 сом │ 1 сом │ 100 кг чейин │
├────────────────┼─────────────────┼─────────────────┼────────────────┤
│1101 00 │ 1 сом │ 1 сом │ 1000 кг чейин │
├────────────────┼─────────────────┼─────────────────┼────────────────┤
│1512 │ 1 сом │ 1 сом │ 50 л чейин │
├────────────────┼─────────────────┼─────────────────┼────────────────┤
│1701 99 100 │ 0,5 сом │ 0,5 сом │ 100 кг чейин │
├────────────────┼─────────────────┼─────────────────┼────────────────┤
│1902 │ 0,5 сом │ 0,5 сом │ 100 кг чейин │
└────────────────┴─────────────────┴─────────────────┴────────────────┘".