Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-марты № 115
Кедейчиликтин чегин аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Мыйзамынын 20-беренесин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кедейчиликтин чегин аныктоо методикасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн методиканын негизинде кедейчиликтин чегинин нарктык өлчөмүн жыл сайын аныктап жана статистикалык жыйнактарда жарыялап туруу сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Маалыматтарды камтуу
III. Кедейчиликтин чегин аныктоо
1-тиркеме. Кедейчилик чегинин азык-түлүк себетинин курамы
2-тиркеме. Наркы жана калориялуулугу боюнча 2008-жылы түзүлгөн
кедейчилик чегинин өлчөмү
3-тиркеме. Чөлкөмдөр боюнча баалардын индекси жана кедейчилик
чегинин нарктык өлчөмү
I. Жалпы жоболор
Методика кедейчилик чегинин өлчөмүн калыптандыруунун жана эсептөөнүн принциптерин жана тартибин камтыйт.
Кедейчиликтин чегин аныктоо үчүн негизги булак болуп үй чарбалардын бюджеттерин жана жумушчу күчтөрүн интеграцияланган тандалма изилдөөлөрдүн маалыматтары саналат, бул изилдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик статистика органдары тарабынан жүргүзүлүүдө.
Кедейчиликтин чеги ушул Методиканын негизинде жалпы жонунан республика боюнча, ошондой эле чөлкөмдөрдүн деңгээлинде жылына бир жолу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан аныкталат. Кедейчиликтин чеги жөнүндө маалыматтар жыл сайын жарыяланат.
1.1. Максаттар
Кедейчиликтин чеги Кыргыз Республикасынын калкынын кедейчилик деңгээли жөнүндө объективдүү жана анык маалыматтарды алуу максатында аныкталат.
Алдыга коюлган максатка жетүү үчүн үй чарба мүчөлөрүнүн кезектеги чыгымдарына, тамак-аш азыктарынын күндөлүк керектөөсүнө, үй чарбанын социалдык-демографиялык курамына туруктуу байкоо жүргүзүү зарыл.
1.2. Классификациялоо жана код берүү системалары
- ААБОТ - Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бирдигинин объекттерин белгилөө системасы;
- Продукциянын (товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) мамлекеттик статистикалык классификатору (ПМСК).
1.3. Маалыматтардын булагы
Маалыматтардын булагы болуп үй чарба бюджеттерине жана жумушчу күчүнө интеграцияланган тандалма изилдөөнүн маалыматтары саналат.
1.4. Негизги түшүнүктөр
Кедейчиликтин чеги - адамдын минималдык керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл болгон, бир адамга эсептелген минималдык кирешенин чеги.
Кедейчиликтин акыркы чеги - адамдын күнүнө 2100 ккал деңгээлиндеги тамактанууга минималдык керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл болгон, бир адамга эсептелген минималдык кирешенин чеги.
Үй чарбалардын керектөө чыгымдары - азык-түлүк эмес керектөө товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга кеткен акчалай чыгымдары, ошондой эле азык-түлүк товарларынын керектөө наркын баалоо.
Тамактануунун адам башына туура келген орточо суткалык калориялуулугу - үй чарбанын бир мүчөсүнө туура келген, керектелген тамак-аш азыктарында азык заттарынын курамын мүнөздөйт жана килокалория менен эсептелет.
Дециль - ондон бир үлүш (10%).
Квартиль - төрттөн бир үлүш (25%).
II. Маалыматтарды камтуу
2.1. Статистикалык байкоо методу
Үй чарбаларга тандалма изилдөө жүргүзүү.
2.2. Статистикалык байкоо жүргүзүүнүн объектиси жана бирдиги
Статистикалык байкоо жүргүзүүнүн объектиси болуп, үй чарба мүчөлөрүнүн кезектеги чыгымдары, тамак-аш азыктарынын күнүмдүк керектөөсү, үй чарбалардын социалдык-демографиялык курамы саналат.
Байкоо жүргүзүүнүн бирдиги болуп үй чарба саналат.
2.3. Географиялык камтуу
Изилдөө республиканын бардык чөлкөмдөрүн камтып, квартал сайын жүргүзүлөт.
Тандоо өлчөмү 5016 үй чарбаны түзөт. Тандоонун дизайнын түзүү үчүн 1999-жылдагы эл каттоонун маалыматтары пайдаланылды. Изилдөөгө тартылган үй чарбаларды тандоодо стратификацияланган тандоонун эки баскычтуу ыкмасы колдонулат. Стратификациялоо республиканын чөлкөмдөрү боюнча шаардык жана айылдык деңгээлде ишке ашырылат. Алгачкы бирдиктерди (каттоо портфелдеринин номерлерин) тандоо портфелдин өлчөмүнө пропорциялуу ыктымалдуулугу бар кокустан тандоонун методу менен ишке ашырылат. Экинчи бирдиктерди (үй чарбаларды) тандоо кокустан тандоо методу менен ишке ашырылат. Жыл сайын тандоонун 25 пайызы жаңыланат. Тандоо үчүн үй чарбалардын тизмелери туруктуу жаңыланып турат.
2.4. Статистикалык байкоонун каражаттары
Статистикалык байкоонун каражаттары болуп үй чарбаларды тандалма изилдөөнүн суроо тизмектери эсептелет:
- "Контролдук карточка" № 1 суроо тизмеги, үй чарбаларда жашаган адамдардын курамдык тизмегин жана демографиялык мүнөздөмөлөрүн камтыйт;
- "Азык-түлүк товарларына кеткен үй чарбанын чыгымдарын эсепке алуу күндөлүгү" № 3 суроо тизмеги;
- "Азык-түлүк эмес товарларга кеткен үй чарбанын чыгымдарын эсепке алуу күндөлүгү" № 5 суроо тизмеги;
- "Үй чарбалардын кирешелери жана чыгымдары" № 6 суроо тизмеги;
- "Үй чарбада жеке мүлктүн болушу жана жашоо шарты" № 7 суроо тизмеги.
2.5. Керектөө наркын баалоо
Жалпы керектөөнүн жана адам башына эсептелген керектөөнүн наркын аныктоодо үй чарбаларды изилдөөдөн алынган калктын бардык керектөө чыгымдары кошулат:
- тамак-аш азыктары - тамак-аш азыктарын сатып алууга кеткен калктын чыгымдарын, үйдөн тышкары керектелген азыктарды камтыйт. Бул чыгымдарга ошондой эле өздөрү өндүргөн жана белекке алынган азыктардын наркы кошулат;
- сатып алынган тамак-аш азыктары - отчеттук мезгилде же андан мурда сатып алынган, керектелген тамак-аш азыктарынын наркы;
- үйдөн тышкары керектелген тамак-аш азыктары - изилденген мезгилдин ичинде үйдөн тышкары сатып алынган жана керектелген тамак-аш азыктарына кеткен чыгымдар;
- өздөрү өндүргөн азыктар - үй чарба тарабынан өздүк керектөө үчүн өндүрүлгөн тамак-аш азыктардын наркын баалоо;
- азык-түлүк эмес товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр - кийим, бут кийим, шейшептер, кездемелер, самын-жуугуч каражаттар жана жеке гигиенанын буюмдары, галантерея, үй тиричилик нерселер, эс алуу, көңүл ачуу үчүн буюмдар, курулуш материалдар жана сантехника буюмдары, үйдү оңдоо, кир жуугуч тейлөөлөрү, мончолордун жана сауналардын кызмат көрсөтүүсү, чач тарач тейлөөлөрү, транспорттук жол кире, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгымдар;
- узак мөөнөткө пайдалануучу товарлар - ушул товарларды колдонуунун шарттуу наркын эсепке алуу (амортизация).
Үй бүлөнүн бир жылдагы жалпы керектөөсүнүн наркын эсептөө үчүн жогоруда көрсөтүлгөн бардык чыгымдар кошулат. Адам башына болгон орточо керектөөнүн наркы үй бүлөнүн жалпы керектөөсүнүн наркын үй чарба мүчөлөрүнүн санына бөлүү жолу менен аныкталат.
III. Кедейчиликтин чегин аныктоо
3.1. Азык-түлүк себетинин курамын аныктоо
Адамдын эң маанилүү муктаждыгы тамактануу болуп саналат. Тамактануу натуралай жана нарктык түрдө, ошондой эле энергиялык баалуулук түрүндө бааланат. Эсептөөлөрдө ар кайсы булактардан: сатылып алынган, иштегени үчүн же белекке алынган, жеке көмөкчү чарбада өндүрүлгөн жана керектелген тамак-аштар эсепке алынат.
Азык-түлүк себети төрт этап менен түзүлөт:
1. Иш жүзүндөгү керектөөнүн натуралай түрдөгү себети түзүлөт. Бул үчүн бардык керектелген тамак-аш азыктары өлчөөнүн бирдиктүү бирдигине айландырылат. Ар бир азыктын суммаланган керектөөсү эсептелет.
2. Иш жүзүндөгү керектөө нарктык түрдө бааланат. Сатылып алынган жана керектелген азыктар сатылып алынган баа боюнча бааланат. Иштегени үчүн же белекке алынган жана жеке көмөкчү чарбада өндүрүлгөн тамак-аш азыктарынын наркын баалоо үчүн үй чарбанын деңгээлиндеги орточо алынган баалар колдонулат.
Эгерде кайсы-бир азыктын баасы үй чарбанын деңгээлинде жеткиликтүү болбосо, анда айыл/шаар, айылдык округ, район, облус (шаар/айыл), республика (шаар/айыл) деңгээлинде түзүлгөн баалар колдонулат.
3. Иш жүзүндөгү керектөө тамактануунун энергиялык баалуулугу түрүндө төмөнкү формула боюнча бааланат:
TKh = E (FOODi x Kkali), мында
TKh - үй чарба керектеген калориялардын жалпы саны;
FOODi - i-тамак-аш азыктын саны, кг;
Kkali - i-тамак-аш азыктын калориялуулугу, ккал/кг.
4. Ар бир азыктын суммаланган керектөөсү үч өлчөм боюнча эсептелет: жалпы жонунан өлкө боюнча жана керектөө чыгымдарынын деңгээлине жараша эсептелген децилдик топтор боюнча накта азык, анын наркы, энергиялык баалуулугу.
Керектелген тамак-аш азыктарынын сапаты, саны жана ар түрдүүлүгү үй чарбанын жетиштүүлүк деңгээлине жараша болот. Кедейчилик чегинин азык-түлүк себети үчүн керектүү тамак-аш азыктарынын минималдык тобун аныктоо анча жетиштүү эмес калк (3-5 децилдик топтор) тарабынан тамак-аш азыктарын иш жүзүндө керектөөнүн негизинде ишке ашырылат. Каралып жаткан максаттуу топ орто деңгээлден төмөн турган калктын 30 пайызын көрсөтөт жана андан төмөн турган калктын 20 пайызын камтыбайт.
Кедейчилик чегинин азык-түлүк себетине кумулятивдик салыштырма салмагы максаттуу топтун жалпы азык-түлүк себетинин наркынын 97 пайызын түзгөн тамак-аш азыктарынын тизмеси кирет. Себетке наркы боюнча эң салмактуу азыктар киргизилет, буга алкоголдук ичимдиктер кирбейт.
2008-жылы түзүлгөн кедейчилик чегинин азык-түлүк себетинин курамы 1-тиркемеде келтирилген.
3.2. Азык-түлүк себетинин наркын жана калориялуулугун аныктоо
Кедейчилик чегинин азык-түлүк баштыкчасына кирген азыктардын тобу аныкталгандан кийин калктын адам башына суткасына тамактануу энергиясынын 2100 килокалориялык керектөө деңгээлине жеткен наркы эсептелет. Бул үчүн, иш жүзүндө керектелген тамак-аштын саны ар бир азыктын энергиялык баалуулугуна көбөйтүү жолу менен калорияга айландырылат, андан кийин калориялардын жалпы суммасы жана ар бир азыктын жалпы калориядагы үлүшү эсептелет. Тамак-аш азыктары төмөнкү топторго бириктирилет: нан жана нан азыктары, сүт жана сүт азыктары, эт жана эт азыктары, балык жана балык азыктары, өсүмдүк май, маргарин жана башка тоң майлар, жумуртка, картошка, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, жемиш жана мөмө, кант жана кондитердик азыктар, чай (кофе, какао), алкоголсуз суусундуктар, башка тамак-аш азыктары.
Кедейчилик чегинин түзүлгөн азык-түлүк себетинде тамак-аш азыгынын ар бир тобу боюнча бир калориянын наркы эсептелет. Азык-түлүк себетинин наркын 2100 килокалорияга коррекциялоо пропорционалдуу теңдөө схемасы аркылуу төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
85
Cost = E Dki x 2100 x Sti, мында
food i=1
Cost - кедейчилик чегинин азык-түлүк себетинин наркы;
food
Dki - i-азыктын калориясынын үлүшү;
Sti - i-азыктын бир калориясынын наркы.
Наркы жана калориялуулугу боюнча 2008-жылы түзүлгөн кедейчилик чегинин өлчөмү 2-тиркемеде берилген.
3.3. Азык-түлүк эмес себеттин наркын аныктоо
Кедейчиликтин жалпы чеги азык-түлүк себетинин наркына эң керектүү азык-түлүк эмес товарлардын жана тейлөөлөрдүн наркын кошуу жолу менен аныкталат.
Кийимге, турак жайга же транспортко болгон минималдык муктаждыгы туурасында негизсиз пикирлерден алыс болуу үчүн үй чарбаларга жүргүзүлгөн сурамжылоонун жоопторунан алынган маалыматтар колдонулат. Максаттуу топ катары азык-түлүк товарларынын керектөөсүнүн наркы кедейчиликтин азык-түлүк чегинен 30 пайызга жогору болгон (жетиштүүлүк деңгээли боюнча 1, 2 жана 3 квартилдер) калктын 75 пайызы каралат. Ушул базалык үй бүлөлөр тарабынан керектелген азыктар физиологиялык минимумга жакын экендигин эске алуу менен мындай үй чарбалардын бардык азык-түлүк эмес чыгымдары эң керектүү деп саналат. Керектөө чыгымдарынын түзүмү базалык топто эсептелет. Азык-түлүк эмес себетинин наркы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Cost
food
Cost = ─────────── x Perse№t , мында
№o№food Perse№t №o№food
food
Cost - кедейчилик чегинин азык-түлүк эмес себетинин наркы;
№o№food
Cost - кедейчилик чегинин азык-түлүк себетинин наркы;
food
Perse№t - базалык топтун керектөө чыгымдарынын түзүмүндөгү
food
азык-түлүк товарлардын үлүшү;
Perse№t - базалык топтун керектөө чыгымдарынын түзүмүндөгү
№o№food
азык-түлүк эмес товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшү.
3.4. Кедейчиликтин чегин чөлкөмдүк деңгээлде эсептөө
Кедейчиликтин чегин чөлкөмдүк деңгээлде эсептөө үчүн азыктарга болгон баалардын индекси шаардык жана айылдык жерлердеги азык-түлүк товарларынын бааларынын чөлкөмдүк айырмачылыктарын эске алуу менен колдонулат. Индекс үй чарбаларга изилдөө жүргүзүүнүн маалыматтарынын негизинде эсептелет. Азыктын ар бир түрүнө шаар жана айыл боюнча орточо чөлкөмдүк баанын орточо республикалык баага болгон катышы эсептелет. Коэффициенттердин жалпыланган орточо мааниси республикалык мааниге ылайык келтирилет.
Эсептелген тамак-аш азыктарына болгон баалардын индекси эки түрдө колдонулат. Үй чарбанын деңгээлинде иш жүзүндө керектелген азыктардын наркына карата чөлкөмдүк баалардын индексин колдонуу калктын кедейчилик деңгээлин баалоодо республика боюнча кедейчиликтин чегин пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт. Республика боюнча акыркы кедейчиликтин чегине карата баалардын индексин колдонуу чөлкөмдүк деңгээлде кедейчиликтин жалпы жана акыркы чегинин өлчөмүн аныктоого мүмкүнчүлүк берет. 2008-2009-жылдардагы түзүлгөн баалардын индексинин жана чөлкөмдөр боюнча кедейчилик чегинин нарктык өлчөмүнүн маанилери 3-тиркемеде берилген.
Кедейчиликтин деңгээлин баалоодо баалардын индексин колдонуунун эки ыкмасы тең бири-бирине барабар болуп саналат.
Баалардын индекси жыл сайын эсептелет.
3.5. Кедейчиликтин чегин колдонуу
Кедейчиликтин чеги Кыргыз Республикасынын калкынын кедейчилигинин деңгээлин жыл сайын баалоо үчүн колдонулат.
3.6. Кедейчиликтин чегин аныктоо жана индексациялоо
Социалдык стандарттар кайра каралган сайын, маалыматтарды чогултуу же иштеп чыгуу методологиясы өзгөргөндө жана орточо жылдык инфляция 10 пайыздан ашкан учурда кедейчиликтин чеги кайрадан аныкталат. Андан кийинки жылдары кедейчилик чегинин өлчөмү жыл сайын керектөө бааларынын индексинин өлчөмүнө жараша индексацияланат: азык-түлүк себетинин наркы азык-түлүк товарлардын керектөө бааларынын орточо жылдык индексинин маанисине жараша (мезгил мезгилге карата) индексацияланат, азык-түлүк эмес товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы азык-түлүк эмес товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн орточо жылдык индексинин маанисине жараша индексацияланат.
3.7. Маалыматтар
Кыргыз Республикасында кедейчиликтин чеги төмөнкү жылдардын жыйынтыктары боюнча аныкталган:
- 1996-ж. - "1995-1996-жж. кедейчиликтин мониторинги" компоненти боюнча "Кыргыз Республикасында социалдык коргоо тармагы" долбоорун ишке ашыруунун алкагында;
- 2000-ж. - изилденген үй чарбалардын саны 2000ден 3000ге чейин көбөйгөндө;
- 2003-ж. - үй чарбалардын бюджеттерине жана жумушчу күчүнө жаңы интеграцияланган изилдөөлөр киргизилгенде;
- 2008-ж. - керектөө бааларынын орточо жылдык индекси 124,5 пайызга чейин көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу кайра эсептелгенде.
Бул мезгилдердин аралыгында белгилүү бир эсептелип жаткан жылдагы кедейчилик чегинин нарктык өлчөмүн аныктоо үчүн мурдагы жылдын кедейчилик чегинин өлчөмү керектөө бааларынын индексине жараша индексацияланган.
1-тиркеме
Кедейчилик чегинин азык-түлүк себетинин
КУРАМЫ
(III, IV, V децилдер)
┌───┬────────────────────────┬──────────┬───────────┬─────────┬───────┐
│ № │ Тамак-аш азыктарынын │ Саны, │ Наркы, │ Жалпы │Кумуля-│
│ │ тизмеси │күнүнө кг │күнүнө сом │ нарктын │тивдик │
│ │ │ │ │ичиндеги │үлүш, %│
│ │ │ │ │ азыктын │ │
│ │ │ │ │үлүшү, % │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│ А │ Б │ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│1 │Буудай уну │500382,27 │12162279,91│ 17,08 │ 17,1 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│2 │Уйдун эти, торпоктун эти│ 42787,29 │ 6685856,04│ 9,39 │ 26,5 │
│ │жана топоздун эти │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│3 │Койдун эти │ 21253,70 │ 3644420,50│ 5,12 │ 31,6 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│4 │Картошка │257236,33 │ 3160509,33│ 4,44 │ 36,0 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│5 │Тазаланган күрүч │ 59157,93 │ 2791104,27│ 3,92 │ 39,9 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│6 │Уйдун чийки сүтү │149851,00 │ 2410042,16│ 3,38 │ 43,3 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│7 │Простокваша, айран, │ 52880,19 │ 2194584,31│ 3,08 │ 46,4 │
│ │ириген сүт │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│8 │Кумшекер жана │ 62933,39 │ 2002796,30│ 2,81 │ 49,2 │
│ │рафинад-кант │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│9 │Тазартылбаган пахта майы│ 23383,10 │ 1816904,89│ 2,55 │ 51,8 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│10 │Варенье │ 23858,32 │ 1671382,89│ 2,35 │ 54,1 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│11 │Алма │ 55055,00 │ 1647442,22│ 2,31 │ 56,4 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│12 │Ак жана кара буудай наны│ 45344,52 │ 1496120,49│ 2,10 │ 58,5 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│13 │Тазартылган пахта майы │ 14660,43 │ 1317856,82│ 1,85 │ 60,4 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│14 │Чалган май │ 6126,29 │ 1132022,35│ 1,59 │ 62,0 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│15 │Таттуу печенье │ 15336,31 │ 1117460,33│ 1,57 │ 63,5 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│16 │Тоок жумурткасы, даана │207878,45 │ 1086485,24│ 1,53 │ 65,1 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│17 │Пияз │ 78603,98 │ 1066643,94│ 1,50 │ 66,6 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│18 │Макарон │ 28561,65 │ 1021081,38│ 1,43 │ 68,0 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│19 │Тазартылган күн карама │ 10734,10 │ 1021015,71│ 1,43 │ 69,4 │
│ │майы │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│20 │Кара чай │ 4025,35 │ 954629,20│ 1,34 │ 70,8 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│21 │Ашканалык сабиз │ 70104,45 │ 926545,97│ 1,30 │ 72,1 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│22 │Тоңдурулган тооктун эти │ 8262,09 │ 807658,39│ 1,13 │ 73,2 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│23 │Ар кандай фигурадагы │ 22059,70 │ 805809,19│ 1,13 │ 74,3 │
│ │азыктар, рожкилер │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│24 │Кесме │ 20231,41 │ 754158,25│ 1,06 │ 75,4 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│25 │"Максым-Шоро" суусундугу│ 44595,20 │ 709651,82│ 1,00 │ 76,4 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│26 │Дарбыз │ 61200,75 │ 655853,65│ 0,92 │ 77,3 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│27 │Тазартылбаган күн карама│ 8318,05 │ 647903,56│ 0,91 │ 78,2 │
│ │майы │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│28 │Шоколаддан жасалган │ 4087,92 │ 626792,20│ 0,88 │ 79,1 │
│ │момпосуйлар │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│29 │Тандыр наны │ 17665,05 │ 617979,66│ 0,87 │ 80,0 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│30 │Уксус кислотасы кошулган│ 11382,15 │ 608126,97│ 0,85 │ 80,8 │
│ │консерваланган башка │ │ │ │ │
│ │жашылчалар, ассорти │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│31 │Вермишель │ 15835,95 │ 578493,73│ 0,81 │ 81,6 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│32 │Помидор │ 39806,00 │ 529368,13│ 0,74 │ 82,4 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│33 │Консерваланган │ 5616,65 │ 515632,59│ 0,72 │ 83,1 │
│ │мөмө-жемиш (үйдө │ │ │ │ │
│ │жасалган компот) │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│34 │Нан бышыруу үчүн │ 2003,21 │ 369822,60│ 0,52 │ 83,6 │
│ │активдүү, чийки ачыткыч │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│35 │Ак жана кызыл капуста │ 24389,30 │ 368642,47│ 0,52 │ 84,1 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│36 │Каймак │ 2920,78 │ 359988,81│ 0,51 │ 84,6 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│37 │Мөмө-жемиш жана желе │ 4328,29 │ 359676,77│ 0,50 │ 85,1 │
│ │кошулган момпосуйлар │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│38 │Гречка акшагы │ 9182,88 │ 339473,16│ 0,48 │ 85,6 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│39 │Субпродуктулар │ 5536,31 │ 319249,46│ 0,45 │ 86,1 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│40 │Бадыраң │ 22568,00 │ 311354,28│ 0,44 │ 86,5 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│41 │Эчкинин эти │ 2174,25 │ 301383,85│ 0,42 │ 86,9 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│42 │Томат пюреси, │ 4359,97 │ 288255,73│ 0,40 │ 87,3 │
│ │томат-паста │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│43 │Пряниктер │ 4115,80 │ 279034,77│ 0,39 │ 87,7 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│44 │Жаңы үзүлгөн жүзүм │ 7224,75 │ 278903,34│ 0,39 │ 88,1 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│45 │Туз │ 27219,35 │ 278476,75│ 0,39 │ 88,5 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│46 │Маргарин жана ушул өңдүү│ 2276,04 │ 248019,30│ 0,35 │ 88,9 │
│ │продуктулар │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│47 │Тооктун жана балапандын │ 1912,69 │ 241187,01│ 0,34 │ 89,2 │
│ │эти │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│48 │Мөмө-жемиш жана жашылча │ 5566,60 │ 238521,97│ 0,33 │ 89,5 │
│ │ширелер │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│49 │Жарым-жартылай ышталган │ 1497,50 │ 232271,89│ 0,33 │ 89,9 │
│ │колбасалар │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│50 │Бууга бышырылган │ 1654,51 │ 218084,91│ 0,31 │ 90,2 │
│ │колбасалар, сосискалар, │ │ │ │ │
│ │сарделькалар │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│51 │Балмуздак │ 2065,47 │ 207077,20│ 0,29 │ 90,5 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│52 │Абрикостор │ 7512,05 │ 206364,60│ 0,29 │ 90,7 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│53 │Торттор │ 1259,02 │ 198378,43│ 0,28 │ 91,0 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│54 │Сормо момпосуйлар │ 2241,79 │ 197040,09│ 0,28 │ 91,3 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│55 │Жаңы кармалган же │ 1899,08 │ 192019,50│ 0,27 │ 91,6 │
│ │тоңдурулган балык │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│56 │Суулар, буга кант же │ 10326,55 │ 182687,46│ 0,26 │ 91,8 │
│ │таттуу кылуучу заттар │ │ │ │ │
│ │кошулган минералдык жана│ │ │ │ │
│ │газдаштырылган │ │ │ │ │
│ │суусундуктар кирет │ │ │ │ │
│ │(фанта, лимонад) │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│57 │Уксус же уксус кислотасы│ 2720,90 │ 172358,39│ 0,24 │ 92,1 │
│ │кошулуп консерваланган │ │ │ │ │
│ │бадыраң │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│58 │Коон │ 13102,70 │ 167810,00│ 0,24 │ 92,3 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│59 │Сары май │ 1018,94 │ 163933,80│ 0,23 │ 92,5 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│60 │Койдун жана уйдун тоң │ 1377,74 │ 161363,94│ 0,23 │ 92,8 │
│ │майы │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│61 │Грек жаңгагы │ 2324,79 │ 160443,90│ 0,23 │ 93,0 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│62 │Лапша - лагман │ 4228,58 │ 159987,25│ 0,22 │ 93,2 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│63 │Накта бал │ 1008,25 │ 159917,63│ 0,22 │ 93,4 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│64 │Чочконун эти │ 967,85 │ 159788,45│ 0,22 │ 93,7 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│65 │Туздалган бадыраң │ 2212,60 │ 144300,15│ 0,20 │ 93,9 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│66 │Уксус же уксус кислотасы│ 2252,25 │ 139375,93│ 0,20 │ 94,1 │
│ │кошулуп консерваланган │ │ │ │ │
│ │помидор │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│67 │Туруп, редис │ 9761,70 │ 135504,36│ 0,19 │ 94,2 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│68 │Жылкынын эти │ 828,10 │ 134617,45│ 0,19 │ 94,4 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│69 │Кургатылган өрүк │ 1469,00 │ 133095,77│ 0,19 │ 94,6 │
│ │(курага) │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│70 │Жаңы үзүлгөн болгар │ 8118,24 │ 131008,28│ 0,18 │ 94,8 │
│ │калемпири │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│71 │Буурчак │ 4023,18 │ 126474,78│ 0,18 │ 95,0 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│72 │Вафли │ 1752,73 │ 124749,19│ 0,18 │ 95,2 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│73 │Кефир │ 3363,75 │ 121306,67│ 0,17 │ 95,3 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│74 │Нан бышыруу үчүн │ 592,64 │ 114557,84│ 0,16 │ 95,5 │
│ │кургатылган ачыткы │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│75 │Сметана │ 1633,84 │ 112419,88│ 0,16 │ 95,6 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│76 │Алмурут │ 2804,75 │ 107915,19│ 0,15 │ 95,8 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│77 │Майлуулугу төмөн болгон │ 795,60 │ 107473,14│ 0,15 │ 96,0 │
│ │быштак │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│78 │Майонез │ 1201,53 │ 105746,07│ 0,15 │ 96,1 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│79 │Майдаланган кара жана │ 718,15 │ 105584,26│ 0,15 │ 96,2 │
│ │кызыл мурч │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│80 │Кычытылган капуста │ 1543,75 │ 104721,76│ 0,15 │ 96,4 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│81 │Ашкабак │ 4994,76 │ 89727,57│ 0,13 │ 96,5 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│82 │Таттуу кошулбаган │ 6877,65 │ 88992,82│ 0,12 │ 96,6 │
│ │минералдык │ │ │ │ │
│ │газдаштырылган суулар │ │ │ │ │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│83 │Пельмендер │ 929,83 │ 80131,49│ 0,11 │ 96,8 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│84 │Төө буурчак │ 2148,90 │ 71583,55│ 0,10 │ 96,9 │
├───┼────────────────────────┼──────────┼───────────┼─────────┼───────┤
│85 │Көк чай │ 357,68 │ 71279,35│ 0,10 │ 97,0 │
└───┴────────────────────────┴──────────┴───────────┴─────────┴───────┘
2-тиркеме
┌─────────────────────────┬───────────┬──────────┬──────────┬─────────┐
│ │ Айлык │ Жылдык │ Топтор │Баштыкча-│
│ │наркы, сом │наркы, сом│ боюнча │ дагы │
│ │ │ │ калория, │ нарктын │
│ │ │ │ ккал/күн │ үлүшү │
├─────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼─────────┤
│Азык-түлүк себети │ 975,84 │ 11710,10 │ 2100,0 │ 1,000 │
├─────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼─────────┤
│Нан жана нан азыктары │ 311,58 │ 3738,90 │ 1239,8 │ 0,319 │
├─────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼─────────┤
│Сүт жана сүт азыктары │ 84,53 │ 1014,37 │ 93,6 │ 0,087 │
├─────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼─────────┤
│Эт жан эт азыктары │ 162,24 │ 1946,80 │ 93,5 │ 0,166 │
├─────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼─────────┤
│Балык жана балык азыктары│ 1,91 │ 22,95 │ 0,4 │ 0,002 │
├─────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼─────────┤
│Өсүмдүк майы, маргарин │ 75,07 │ 900,84 │ 258,2 │ 0,077 │
│жана башка тоң майлар │ │ │ │ │
├─────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼─────────┤
│Жумуртка │ 15,12 │ 181,38 │ 10,0 │ 0,015 │
├─────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼─────────┤
│Картошка │ 44,16 │ 529,88 │ 80,5 │ 0,045 │
├─────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼─────────┤
│Жашылча жана бакча │ 96,26 │ 1155,16 │ 65,8 │ 0,099 │
│өсүмдүктөрү │ │ │ │ │
├─────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼─────────┤
│Мөмө-жемиш │ 45,01 │ 540,15 │ 38,9 │ 0,046 │
├─────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼─────────┤
│Кант жана кондитердик │ 102,43 │ 1229,18 │ 201,1 │ 0,105 │
│азыктар │ │ │ │ │
├─────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼─────────┤
│Чай, кофе, какао │ 14,24 │ 170,92 │ 5,3 │ 0,015 │
├─────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼─────────┤
│Алкоголсуз суусундуктар │ 7,65 │ 91,74 │ 7,7 │ 0,008 │
├─────────────────────────┼───────────┼──────────┼──────────┼─────────┤
│Башка тамак-аш азыктары │ 15,65 │ 187,83 │ 5,1 │ 0,016 │
└─────────────────────────┴───────────┴──────────┴──────────┴─────────┘
3-тиркеме
Чөлкөмдөр боюнча баалардын индекси жана кедейчилик чегинин
НАРКТЫК ӨЛЧӨМҮ
┌─────────────────┬────────────┬──────────────────────────────────────┐
│ Чөлкөм │ Баалардын │ Кедейчиликтин чеги, айына адам │
│ │ индекси │ башына туура келген сом │
│ │ ├───────────────┬──────────────────────┤
│ │ │ 2008 │ 2009 │
│ │ │ │ (индекстелген: │
│ │ │ │ азык-түлүк │
│ │ │ │ товарлар - 101,1%, │
│ │ │ │ азык-түлүк эмес │
│ │ │ │ товарлар - 114,6%) │
│ ├─────┬──────┼───────┬───────┼──────────┬───────────┤
│ │2008 │ 2009 │акыркы │ жалпы │ акыркы │ жалпы чеги│
│ │ │ │ чеги │ чеги │ чеги │ │
├─────────────────┼─────┼──────┼───────┼───────┼──────────┼───────────┤
│Кыргыз │1,000│ 1,000│ 975,84│1526,92│ 986,58 │ 1618,11 │
│Республикасы │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼──────┼───────┼───────┼──────────┼───────────┤
│Баткен облусу - │1,002│ 1,041│ 977,31│1528,38│ 1026,76 │ 1684,02 │
│шаар жерлери │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼──────┼───────┼───────┼──────────┼───────────┤
│Баткен облусу - │0,970│ 0,987│ 946,39│1497,47│ 973,26 │ 1596,27 │
│айыл жерлери │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼──────┼───────┼───────┼──────────┼───────────┤
│Жалал-Абад │1,009│ 1,023│ 985,06│1536,14│ 1008,85 │ 1654,63 │
│облусу - шаар │ │ │ │ │ │ │
│жерлери │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼──────┼───────┼───────┼──────────┼───────────┤
│Жалал-Абад │0,984│ 0,969│ 960,43│1511,51│ 955,93 │ 1567,84 │
│облусу - айыл │ │ │ │ │ │ │
│жерлери │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼──────┼───────┼───────┼──────────┼───────────┤
│Ысык-Көл облусу -│1,011│ 0,968│ 986,54│1537,61│ 954,61 │ 1565,68 │
│шаар жерлери │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼──────┼───────┼───────┼──────────┼───────────┤
│Ысык-Көл облусу -│0,994│ 0,925│ 969,76│1520,84│ 913,07 │ 1497,54 │
│айыл жерлери │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼──────┼───────┼───────┼──────────┼───────────┤
│Нарын облусу - │1,022│ 0,970│ 996,98│1548,05│ 957,34 │ 1570,15 │
│шаар жерлери │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼──────┼───────┼───────┼──────────┼───────────┤
│Нарын облусу - │1,020│ 0,993│ 995,28│1546,36│ 979,38 │ 1606,30 │
│айыл жерлери │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼──────┼───────┼───────┼──────────┼───────────┤
│Ош облусу - шаар │0,999│ 1,052│ 975,03│1526,11│ 1037,54 │ 1701,69 │
│жерлери │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼──────┼───────┼───────┼──────────┼───────────┤
│Ош облусу - айыл │0,991│ 0,993│ 967,45│1518,52│ 979,72 │ 1606,86 │
│жерлери │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼──────┼───────┼───────┼──────────┼───────────┤
│Талас облусу - │0,967│ 0,964│ 943,93│1495,01│ 951,54 │ 1560,63 │
│шаар жерлери │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼──────┼───────┼───────┼──────────┼───────────┤
│Талас облусу - │0,952│ 0,949│ 929,24│1480,32│ 935,96 │ 1535,08 │
│айыл жерлери │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼──────┼───────┼───────┼──────────┼───────────┤
│Чүй облусу - шаар│1,010│ 1,040│ 985,57│1536,65│ 1026,35 │ 1683,34 │
│жерлери │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼──────┼───────┼───────┼──────────┼───────────┤
│Чүй облусу - айыл│0,996│ 1,008│ 972,38│1523,45│ 994,34 │ 1630,84 │
│жерлери │ │ │ │ │ │ │
├─────────────────┼─────┼──────┼───────┼───────┼──────────┼───────────┤
│Бишкек шаары │1,072│ 1,119│1046,28│1597,35│ 1104,04 │ 1810,76 │
└─────────────────┴─────┴──────┴───────┴───────┴──────────┴───────────┘