Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-марты № 120
Кыргыз Республикасынын "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Долбоор
Бул Мыйзам атаандаштыкты коргоонун жана өнүктүрүүнүн, монополиялык иш-аракетти жана кара ниет атаандаштыкты алдын алуунун, чектөөнүн, токтотуунун уюштуруу жана укуктук негиздерин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын рынокторун түзүү жана анын натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды камсыздоого багытталган.
1-берене. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары (мындан ары - монополияга каршы мыйзамдар) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларга негизделген жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2-берене. Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында колдонулат жана бардык юридикалык жана жеке жактар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү менен байланышкан мамилелерге колдонулат.
2. Бул Мыйзам атаандаштыкты чектөө максатында тиешелүү укуктардын ээси тарабынан атайылап пайдаланылган учурлардан сырткары, интеллектуалдык менчик объектилерине болгон жеке укуктар менен байланышкан мамилелерге таркатылбайт.
3-берене. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөндөгү түшүнүктөр пайдаланылат:
монополияга каршы орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган, монополияга каршы жөнгө салууну ишке ашыруучу мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган;
атаандаштыкка каршы макулдашуулар (макулдашылган иштер) - бир же бир нече документтеги жазуу жүзүндөгү макулдашуу, ошондой эле оозеки формадагы макулдашуу, анын далили рыноктогу абалдын өзгөрүүлөрүнө экономикалык талдоо боло алат;
жеке же юридикалык жактын биригишкен (аффилденген) жагы:
- жеке же юридикалык жактын аффилденген жагы - тикелей же кыйыр түрдө чечимди аныктоого же алар тараптан кабыл алынган чечимге, анын ичинде келишимдин (оозеки келишим менен бирге) же башка бүтүмдүн күчүнө таасир тийгизүүгө укугу бар ар кандай жеке же юридикалык жак (өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын алкагында анын ишине контролдукту жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардан башка), ошондой эле ушул аффилденген жак өзүнө карата ушундай эле укуктарга ээ болгон ар кандай жеке же юридикалык жак болуп эсептелет;
- юридикалык жактын аффилденген жагы болуп анын аткаруучу кызматтык адамдары, анын добуштук акцияларынын (салымынын, үлүшүнүн) он же андан ашык пайызына ээ болгон (ачык акционердик коомдор үчүн беш жана андан ашык) акционер (катышуучу) же ар кандай ишкана эсептелет;
өз ара алмаштырылуучу товарлар - функциялык арналышы, колдонулушу, сапаттык жана техникалык касиеттери, баасы жана башка параметрлери боюнча салыштырууга болуучу, кардар керектөө (өндүрүү) процессинде бирин бирине алмаштыруучу же алмаштыра алуучу товарлардын тобу;
үстөмдүк абал - чарба жүргүзүүчү субъектинин (жактардын тобунун) же бир нече чарбакер субъекттин (жактардын топторунун) белгилүү бир товар рыногунда ошол чарбакер субъектке (жактардын тобуна) же бир нече чарбакер субъектке (жактардын топторуна) тийиштүү рынокто товарды жүгүртүүнүн жалпы шарттарына чечүүчү таасир этүүгө жана ал рыноктон башка чарбакер субъекттерди сүрүп чыгууга жана (же) башка чарбакер субъекттердин ал рынокко кирүүсүн кыйындатууга мүмкүндүк берген абалы;
кысымга алуучу же өзгөчө шарттар - чарбакер субъект же бир нече чарбакер субъекттер башка чарбакер субъектке (субъекттерге) салыштырмалуу теңсиз абалга коюлган рынокко чыгуу шарттары, өндүрүү, алмашуу, керектөө, алуу, сатуу, башкача жолдор менен берүү шарттары;
атаандаштык - рыноктогу чарбакер субъекттердин эркин атаандашуусу, мында алардын өз алдынча иш-аракеттери алардын ар биринин тиешелүү рынокто товарларды жүгүртүүнүн жалпы шарттарына бир жактуу таасир этүү мүмкүндүгүн чектейт жана кардарларга керектүү товарларды өндүрүүгө өбөлгө болот;
контрагент - келишимдин катышуучусу, бүтүмдүн башка катышуучусуна каршы турган шерик;
монополия - өндүрүштүн, алуунун, соода жүргүзүүнүн, алмаштыруунун бир эле жакка, жактардын тобуна же мамлекетке таандык болгон өзгөчө укугу (мүмкүндүгү) менен аныкталган рыноктук абал;
монополисттик иш - чарбакер субъекттин, жактардын тобунун өзүнүн үстөмдүк абалын кыянат пайдалануусу, монополияга каршы мыйзамга каршы келген макулдашуулар же макулдашылган иш-аракеттер, чарбакер субъекттердин (жактардын тобунун), мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга багытталган иш-аракеттери (аракетсиздиги);
монополиялуу кымбат баа - рынокто үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин өндүрүштүк кубаттуулукту толук эмес пайдалануудан болгон негизсиз чыгымдардын ордун толтуруу жана (же) салыштырылуучу шарттарда же атаандаштык шартында жогорку кирешени алуу максатында койгон товар баасы;
монополиялуу арзан баа - товар рыногунда сатып алуучу (кардар) катары үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин кошумча пайда табуу жана (же) негизсиз чыгымдарды сатуучунун эсебинен жабуу максатында сатылчу товарга койгон баасы, же чарбакер субъект товар рыногунда сатылчу товарга аны сатуудан чыгымга дуушар кылуучу бааны атайылап коюусу жана анын натыйжасында атаандаштарды базардан сүрүп чыгаруу жолу менен рынокто атаандаштыкты чектөө мүмкүндүгү;
кара ниет атаандаштык - чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишкердик жүргүзүүдө артыкчылыкты алууга багытталган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, иш жүргүзүүнүн салттарына, ак ниеттиктин, акылга сыюучулуктун жана адилеттиктин талаптарына каршы келген жана башка чарбакер субъекттерге - атаандаштарга, же алардын ишмердик беделине зыян келтириши мүмкүн болгон же зыян келтирген ар кандай иш-аракеттер;
атаандаштыкты чектөөнүн белгилери - рынокто жактардын бир тобуна кирбеген чарбакер субъекттердин санын кыскартуу, товар рыногунда товарды жүгүртүүнүн жалпы шарттарынын тиешелүү өзгөрүүлөрү менен байланышпаган товар баасын кымбаттатуу же арзандатуу, жактардын бир тобуна кирбеген чарбакер субъекттердин рынокто өз алдынча аракеттерден баш тартуусу, чарбакер субъекттер арасында макулдашуу же алар аткарууга милдеттүү болгон башка жактын көрсөтмөсү менен, же жактардын бир тобуна кирбеген чарбакер субъекттердин өз иш аракеттерин макулдашуусунун натыйжасында рынокто товарды жүгүртүүнүн жалпы шарттарын аныктоо, ошондой эле чарбакер субъект же бир канча чарбакер субъекттер үчүн товар базарында товар жүгүртүүнүн жалпы шарттарына бир жактуу тартипте таасир этүүгө мүмкүндүк түзгөн кырдаалдар;
монополисттик ишти такай жүргүзүү
- чарбакер субъекттин монополисттик ишти бир жыл ичинде эки жолудан ашуун жүргүзүүсү жана анын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык аныкталышы;
товар - чарбалык жүгүртүүнүн ар кандай предмети, анын ичинде белгилүү бир убакыт аралыгында жана белгилүү бир чөлкөмдө сурам жана сунуш болгон, сатууга (алууга, алмашууга) арналган жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр;
рынок (товардык рынок) - товарды жүгүртүү чөйрөсү.
рыноктун күчү - чарбакер субъекттин жана/же жактардын тобунун рынокто атаандаштыктын чектелишине жана/же орчундуу өзгөрүүлөргө алып келген аракеттери (аракетсиздиги);
чарбакер субъекттер - коммерциялык уюмдар, алардын бирикмелери (кошуундары, ассоциациялары), жеке ишкерлер;
экономикалык концентрация - ишке ашырылышы атаандаштыктын абалына таасир этүүчү чарбакер субъекттин бүтүмдөрү же башка иш аракеттери.
4-берене. Үстөмдүк абал
Төмөндөгү шарттардын бири бар болсо чарбакер субъекттин абалы үстөмдүк болуп эсептелет:
1) чарбакер субъекттин тийиштүү рыноктогу үлүшү 35 пайыз же андан жогору болсо;
2) чарбакер субъекттер рыноктогу абалды кыянаттык менен пайдалануусу аныкталган учурда чарбакер субъекттин үлүшү монополияга каршы мамлекеттик орган белгилеген үстөмдүктүн чегинен жогору болсо;
3) чарбакер субъект рынокко (суроо-талапка, сунушка, баага, рыноктун субъекттеринин жүрүм-турумуна ж.б.) орчундуу таасир эткидей рыноктук күчкө (бийликке) ээ болсо;
4) үчтөн ашык чарбакер субъекттин биргелешкен үстөмдүк абалы жана бул рынокто ар биринин үлүшү башка субъекттердин үлүштөрүнөн көп жана жалпысынан 50%дан ашат, же бештен көп эмес чарбакер субъекттин биргелешкен үлүшү жана алардын ар биринин үлүшү тиешелүү рынокто башка субъекттердин үлүштөрүнөн ашат;
5) узак мезгилдин ичинде (бир жылдан кем эмес аралыкта же эгерде мындай мөөнөт бир жылдан аз болсо - тиешелүү рыноктун иштөө мезгилинде) чарбакер субъекттердин үлүштөрүнүн салыштырма өлчөмдөрү өзгөрбөсө же бир аз гана өзгөрсө, ошондой эле жаңы атаандаштардын тиешелүү товар рыногуна кирүүсү кыйындаган болсо;
6) чарбакер субъекттер сатчу же алчу товар керектөөдө башка товарга алмаштырылышы мүмкүн эмес (анын ичинде өндүрүштүк максатта колдонгондо да), ал товардын баасы, аны сатуунун же алуунун шарты жөнүндө маалыматтар айрым гана жактарга белгилүү.
5-берене. Жактардын тобу
1. Жактардын тобу деп төмөнкүлөр таанылат:
1) чарбалык коом (шериктештик) жана жеке адам же юридикалык жак, эгерде мындай жеке адам же юридикалык жак ушул чарбалык коомго (шериктештикке) катышкандыктан же башка жактардан алган ыйгарым укуктарга ылайык ошол чарбалык коомдун (шериктештиктин) уставдык капиталында добуш берүүчү акциялардын (үлүштөрдүн) жалпы санынын элүү пайыздан ашыгына ээ болсо;
2) чарбалык коомдор (шериктештиктер), мында бир эле жеке адам же бир эле юридикалык жак ушул чарбалык коомго (шериктештикке) катышкандыктан же башка жактардан алган ыйгарым укуктарга ылайык ошол чарбалык коомдордун (шериктештиктердин) ар биринин уставдык капиталында добуш берүүчү акциялардын (үлүштөрдүн) жалпы санынын элүү пайыздан ашыгына ээ болсо;
3) чарбалык коом (шериктештик) жана жеке адам же юридикалык жак, эгер мындай жеке адам же юридикалык жак ушул чарбалык коомдун аткаруу органынын милдетин жеке өзү аткарса;
4) аткаруу органынын милдетин бир эле жеке адам же бир эле юридикалык жак жеке өзү аткарган чарбалык коомдор;
5) чарбалык коом (шериктештик) жана жеке адам же юридикалык жак, эгер мындай жеке адам же юридикалык жак ошол чарбалык коомдун (шериктештиктин) уюштуруу документтеринин же ушул чарбалык коом (шериктештик) менен түзүлгөн келишимдин негизинде ошол чарбалык коомго (шериктештикке) аткаруу үчүн милдеттүү көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу болсо;
6) бир эле жеке адам же бир эле юридикалык жак ошол чарбалык коомдун (шериктештиктин) уюштуруу документтеринин же ушул чарбалык коомдор (шериктештиктер) менен түзүлгөн келишимдин негизинде ошол чарбалык коомдорго (шериктештиктерге) аткаруу үчүн милдеттүү көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу болгон чарбалык коомдор (шериктештиктер);
7) чарбалык коом жана жеке адам же юридикалык жак, эгер мындай жеке жактын же юридикалык жактын сунушу менен ошол чарбалык коомдун жеке башкаруучу аткаруу органы дайындалса же тандалса;
8) жеке аткаруучу органы бир эле жеке жактын же бир эле юридикалык жактын сунушу менен дайындалган же тандалган чарбалык коомдор;
9) чарбалык коом жана жеке жак же юридикалык жак, эгер мындай жеке жактын же юридикалык жактын сунушу менен коллегиялуу аткаруучу органдын сандык курамынын же ушул чарбалык коомдун директорлор кеңешинин (байкоочу кеңешинин) элүү пайыздан ашыгы шайланса;
10) коллегиялуу аткаруучу органынын сандык курамынын жана (же) директорлор кеңешинин (байкоочу кеңешинин) элүү пайыздан ашыгы бир эле жеке жактын же бир эле юридикалык жактын сунушу боюнча шайланган чарбалык коомдор;
11) коллегиялуу аткаруучу органынын сандык курамынын жана (же) директорлор кеңешинин (байкоочу кеңешинин) элүү пайыздан ашыгы бир эле жеке жактар түзгөн чарба коомдору;
12) бир эле финансылык-өнөр жайлык топтун катышуучусу болгон жактар;
13) жеке адам, анын жубайы, ата-энелери (анын ичинде асырап алгандар), балдары (анын ичинде асыроого алынгандар), толук кандуу же толук кандуу эмес бир тууган ага-инилер жана эже-карындаштар;
14) ар бири ушул бөлүктүн 1-13-пункттарында көрсөтүлгөн негиздердин бири боюнча бир эле жак менен бир топко кирген жактар, ошондой эле ар бири ушул бөлүктүн 1-13-пункттарында көрсөтүлгөн негиздердин бири боюнча андай жактардын ар бири менен бир топко кирген башка жактар.
2. Ушул Мыйзамда чарбакер субъекттин, чарбакер субъекттердин аракеттерине (аракетсиздигине) карата белгиленген тыюу салуулар жактардын тобунун аракеттерине (аракетсиздигине) карата колдонулат.
6-берене. Үстөмдүк абалдан кыянат пайдалануу
Үстөмдүк абалдагы чарбакер субъекттин (жактардын тобунун) атаандаштыкты чектеген жана (же) башка чарбакер субъекттердин же жеке жактардын кызыкчылыгын кысымга алган же чектөөчү жана кысымга алуучу иш-аракеттерине тыюу салынат, анын ичине төмөнкүдөй иш-аракеттер да кирет:
1) башка чарбакер субъекттердин рынокко чыгуусуна тоскоолдуктарды жаратуу;
2) рынокто дефицитти түзүү жана (же) кармап туруу же бааларды көтөрүү максатында товарларды жүгүртүүдөн алып коюу;
3) контрагентке келишимдин ал үчүн пайдасыз же келишимдин предметине кирбеген шарттарын таңуулоо (контрагенттен финансылык каражаттарын, башка мүлкүн, мүлк укуктарын, жумушчу күчүн ж.б. берүүнү негизсиз талап кылуу);
4) келишимге контрагентти башка чарбакер субъекттерге салыштырганда тең эмес абалга койгон, кысымга алуучу же артыкчылык берүүчү шарттарды киргизүү;
5) контрагентке (кардарга) белгилүү бир өндүрүүчү же сатып алуучу менен гана келишим түзүүгө милдеттендирген шарттарды таңуулоо;
6) контрагент же кардар кызыкпаган товарларга тиешелүү жоболорду киргизүү шарты менен гана келишим түзүүгө макулдук берүү;
7) баа коюунун тартибин бузуу, анын ичинде монополиялык кымбат (арзан) бааларды коюу;
8) эгер товарга суроо-талап болсо же аны берүүгө заказдар жасалса жана аны рентабелдүү өндүрүүгө мүмкүндүк бар болуп туруп, ошондой эле эгер товар өндүрүүнү мындай азайтуу же токтотуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же соттук актыларда каралбаса, товарды өндүрүүнү экономикалык же технологиялык негизсиз азайтуу же токтотуу;
9) келишимдин шарттарын аткаруудан форс-мажордук кырдаалсыз эле негизсиз баш тартуу;
10) эгер тийиштүү товарды рентабелдүү өндүрүүгө же берүүгө мүмкүндүк бар болуп туруп айрым сатып алуучулар (заказчылар) менен келишим түзүүдөн экономикалык же технологиялык себептерсиз баш тартуу же качуу, ошондой эле эгер андай баш тартуу же качуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же соттук актыларда каралбаса да баш тартуу же качуу;
11) атаандаштыкты чектөө максатында бүтүмгө келүү, ага кырдаалдын экономикалык талдоосу далил боло алат;
13) кысымга алган же өзгөчө шарттарды түзүү;
14) эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, бир эле товарга ар түрдүү бааларды (тарифтерди) экономикалык, технологиялык жана башка негиздерсиз коюу.
7-берене. Чарбакер субъекттердин атаандаштыкты чектөөчү, атаандаштыкка каршы макулдашуулары (макулдашкан аракеттери)
1. Чарбакер субъекттердин, атаандаш чарбакер субъекттердин атаандашууну чектеген же чектеши мүмкүн болгон турган ар кандай формадагы толук жана жарым-жартылай жетишилген макулдашууларына (макулдашылган аракеттерине) тыюу салынат жана жараксыз деп эсептелет, анын ичинде төмөнкүлөргө багытталган макулдашууларга (макулдашылган аракеттерге) тыюу салынат:
1) бааларды (тарифтерди), арзандатууларды, үстөктөрдү (кошумча төлөөнү), үстөк кошууну белгилөө (кармап туруу);
2) рынокто бааларды жогорулатуу, төмөндөтүү же бир калыпта кармап туруу;
3) рынокту аймактык принцип боюнча, сатуунун же сатып алуунун көлөмү боюнча, сатылчу товарлардын ассортименти боюнча, көрсөтүлчү кызматтардын түрлөрү боюнча, сатуучулардын же сатып алуучулардын (заказчылардын) чөйрөсү боюнча бөлүүгө;
4) башка чарбакер субъекттерди айрым товарлардын сатуучусу же сатып алуучусу (заказчысы) катары рынокко чыгышын чектөө же рыноктон сүрүп чыгаруу;
5) суроо-талаптын көлөмүн жасалма өзгөртүү максаты менен өндүрүштүн көлөмүн макулдашуу;
6) айрым сатуучулар же сатып алуучулар (заказчылар) менен келишим түзүүдөн негизсиз баш тартуу;
7) баалык кысымга алууну жүргүзүү;
8) товарга бааларды жасалма көтөрүү (арзандатуу) менен атаандаштыктын чектелишине алып келүү;
9) товарларды берүүнү жүйөөлүү себептерсиз негизсиз кыскартуу же токтотуу;
10) келишимдин керектөөчүлөрдү кирешесиз абалга дуушарланткан же товарды тандоонун эркиндигин жана ал товарларды өндүрүүчү чарбакер субъекттердин эркиндигин чектөөчү типтүү шарттарын белгилөө же келишимдин предметине тиешеси жок жоболорду караштыруу;
11) чектелген сунуш шартында айрым чарбакер субъекттерге товар берүүнү негизсиз азайтуу же токтотуу.
2. Атаандаш эмес чарба жүргүзүүчү субъекттердин атаандаштыкка каршы толук же айрым бөлүгүндө жетишилген макулдашуулары (макулдашкан аракеттери) эгер өзүнүн жыйынтыгы менен атаандаштыкты чектесе, же атаандаштыкты чектеши мүмкүн болсо, андай макулдашууларга (макулдашылган аракеттерге) тыюу салынат, анын ичинде:
1) контрагентке пайдасыз шарттарды таңуулагандар;
2) кайсы бир товарды бир гана сатуучудан, бирок анын атаандаштарынан эмес, алууну шарттагандар;
3) сатып алуучулардын аймагын же чөйрөсүн чектөөчүлөр;
4) кардар сатып алган товарын кайра сатууда бааларга чектөөлө коюучулар;
5) атаандаштар өндүргөн товарды сатууга тыюу салчулар.
3. Чарбакер субъекттердин ушул берененин 1, 2-пункттарында көрсөтүлгөн макулдашуулары (макулдашылган иш-аракеттери) өзгөчө учурларда монополияга каршы орган тарабынан мыйзамдуу деп табылат, эгер чарбакер субъект макулдашуулардын (макулдашылган иш-аракеттердин) оң натыйжасы кесепеттен басымдуу экендигин далилдесе, ошондой эле эгер алардын жыйынтыктары төмөндөгүлөр болсо же болушу ыктымалдуу болсо:
1) товарларды өндүрүүнү, сатууну жакшыртуу же техникалык, экономикалык прогресске түрткү берүү, же дүйнөлүк рынокто товарлардын атаандаштыкка жарактуулугун жогорулатуу;
2) аракеттердин (аракетсиздиктин), макулдашуулардын жана макулдашылган аракеттердин, бүтүмдөрдүн жыйынтыгында чарбакер субъекттер тарабынан алынган артыкчылыктарга (пайдага) шайкеш артыкчылыктарды (пайдаларды) керектөөчүлөр да алса.
4. Мында монополияга каршы орган тарабынан макулдашууда атаандаштыкты камсыздоо үчүн милдеттүү түрдөгү шарттар каралат, ал шарттар атаандаштыкка каршы макулдашууларда (макулдашылган аракеттерде) караштырылууга тийиш.
8-берене. Кара ниет атаандаштык
1. Кара ниет атаандаштыкка жол берилбейт, анын ичинде:
1) формаларынын тышкы көрүнүшү техникалык функция менен аныкталгандан башка учурларда бөлөк чарбакер субъекттин товарын, упаковкасын жана тышкы жасалгасын өз алдынча көчүрүп алууга;
2) башка чарбакер субъекттин патенттик-лицензиялык укугун бузуу жолу менен анын продукциясын кайталап өндүрүп чыгарууга;
3) тейлөө белгисин, товардын чыгарылган жеринин аталышын, фирмалык аталышын, товардык маркасын башка чарбакер субъекттин иши менен чаташтырууга алып келгидей кылып мыйзамсыз пайдаланууга;
4) башка чарбакер субъекттин ишкердик бедели жана финансылык абалы жөнүндө аны чыгашага дуушарлантуучу же ишкердик беделине зыян келтирүүчү жалган жана бурмаланган маалыматты таратууга;
5) башка чарбакер субъекттин товарынын (продуктусунун) тышкы көрүнүшүн, анын ичинде упаковкасын, формасын, түстөрдүн айкалышын жана функциялык эмес башка өзгөчөлүктөрүн көчүрүү жана анын товардык белгисин копиянын жаратуучусун көрсөтпөстөн башка чарбакер субъекттин иши менен чаташтыргыдай кылып товардык белгиге киргизүүгө (сырткы көрүнүшүн көчүрүүгө);
6) башка чарбакер субъекттин продукциясын интеллектуалдык иштин жыйынтыгына товарларды жарандык жүгүртүүнүн катышуучуларын индивидуалдаштыруу каражаттарына барабар болгон укуктарын бузуу жолу менен даярдоо, сатуу жана рынокто башкача колдонууга (мыйзамсыз пайдаланууга);
7) атаандаштын илимий-техникалык жана өндүрүштүк мүмкүндүктөрү жөнүндө бурмаланган маалыматты таркатууга;
8) атаандаштын ишкердик мамилелерин мыйзамсыз жолдор менен атайылап бузууга, үзгүлтүккө учуратууга жана токтотууга;
9) атаандаштын кызматкерлерине аларды кызматтык милдеттерин аткарбоого түртүү максатында мыйзамсыз жолдор менен таасир этүүгө;
10) чарбакер субъекттин илимий-техникалык, өндүрүштүк же соода иштери жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде коммерциялык сырын мыйзамсыз жолдор менен билүүгө, пайдаланууга жана жарыялоого;
11) атаандаштыкты чектөөчү макулдашууларга (макулдашкан аракеттерге);
12) атаандашынан адилетсиз артыкчылык алуу максатында анын чарбалык чечимдерди кабыл алуусуна жана аткаруусуна мыйзамсыз жолдор менен таасир этүүгө;
13) атаандаштын ишкердик байланыштарын бузуу жана андай байланыштарды түзүүсүнө тоскоолдук кылуу максатында рыноктун башка субъекттерин үндөөгө (кайрылууга);
14) кардарларды адаштыруу максатында чарбакер субъекттин товарынын чыккан жери, жасоо ыкмасы, пайдалануу үчүн жарактуулугу, сапаты жана башка касиеттери жөнүндө, ишкердин жеке өзү же чарбалык ишинин мүнөзү жөнүндө адаштыруучу ар түрдүү маалыматтарды таратууга;
15) товарды колдонуу боюнча же дагы башка касиеттерине байланыштуу кардарларды адаштыруу максатында товарды ылайык эмес айырмалоо белгиси менен жабдууга;
16) товардын өз касиетине же ага коюлуучу талаптарга дал келбестигин жашырууга;
17) тийиштүү товардык рынокто бааларды будамайлоо максатында, атаандаштыкты чектөө багытында же кардарлардын кызыкчылыктарына тиешелүү учурларда товардын кайсы бир түрүн атайылап жапырт сатууга.
2. Юридикалык жакты индивидуалдаштыруу каражаттарына, продукцияны, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү индивидуалдаштыруу каражаттарына жекече укукту алууга жана пайдаланууга байланышкан кара ниет атаандаштыкка жол берилбейт.
3. Чарбакер субъекттердин кара ниет атаандаштык кылуусу боюнча маселелерди кароонун жана ал боюнча чечим кабыл алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
9-берене. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же
жоюуга багытталган актылары жана аракеттери
(аракетсиздиги)
1. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эгер алардын актылары атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же атаандашты жок кылууга жана (же) чарбакер субъекттердин жана жеке адамдардын кызыкчылыктарын кысымга алууга дуушарлантса же дуушарлантышы мүмкүн болсо, чарбакер субъекттердин өз алдынчалыгын чектечү, айрым чарбакер субъекттердин иши үчүн кысымга алуучу же ыңгайлуу болчу актыларды кабыл алууга тыюу салынат, анын ичинде төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) ишкердиктин кайсы бир чөйрөсүндө жаңы чарбакер субъекттерди түзүүгө тыюу салуу же чек коюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда ишкердиктин айрым түрлөрүн, анын ичинде соода жана (же) сатып алууну жүргүзүүгө же товарлардын айрым түрлөрүн чыгарууга тыюу салууга;
2) иштин кайсы бир чөйрөсүндө чарбакер субъекттердин иштешине негизсиз тоскоолдук кылуу;
3) чарбакер субъекттерге атаандаштыктын чектелишине алып келүүчү ыйгарым укуктарды берүүгө;
4) продукцияны Кыргыз Республикасынын региондору арасында ташууга карата негизсиз тыюу салууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда рынокто үстөмдүк абалды ээлөөсү шартталган чарбакер субъекттерди түзүүгө;
6) айрым чарбакер субъекттерге бир эле рыноктогу башка субъекттерге караганда артыкчылыктуу абалга чыгуучу жеңилдиктерди негизсиз берүү;
7) чарбакер субъекттердин тышкы экономикалык иштерине негизсиз чек коюуга;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, чарбакер субъектке керектөөчүлөрдүн айрым чөйрөсү менен келишимдерди түзүү, товарларды биринчи кезекте берүү жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүүгө;
9) товарларды бөлүштүрүү, камдоо жана сатуу боюнча параллель структуралардын түзүлүшүнө тоскоолдук кылууга;
10) жаңы продукцияны жана технологияларды иштеп чыгууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы негизсиз тоскоолдук кылууга;
11) айрым чарбакер субъекттердин иштери үчүн атаандаштыкты чектеген артыкчылыктуу же кысымга алуучу шарттарды түзүүгө.
2. Мамлекеттик органдын башка мамлекеттик орган же чарбакер субъект менен атаандаштыкты чектеген же чектеши мүмкүн болгон макулдашууларына монополияга каршы орган тарабынан тыюу салынат жана жараксыз деп табылат.
3. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишке ашырылышы натыйжада атаандаштыктын болбошуна, чектелишине же жоюлушуна алып келүүчү (алып келиши мүмкүн болгон) укуктарды берүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат көрсөтүүлөрдү, өндүрүштү жана (же) товарларды сатууну монополиялаштыруучу структуралык подразделениелерди түзүшүнө тыюу салынат.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын чарбакер субъекттердин функциялары менен айкалыштырууга, ошондой эле чарбакер субъекттерге мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана укуктарын берүүгө тыюу салынат.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана атаандаштыкты өнүктүрүү максатында социалдык маанилүү товарлардын бааларын 90 календарлык күндөн ашпаган мөөнөткө мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүгө укуктуу.
10-берене. Товарларды сатып алууда монополияга каршы талаптар
1. Сатып алууларды жүргүзүүдө атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга алып келген же алып келиши мүмкүн болгон аракеттерге тыюу салынат, анын ичинде:
1) сатып алууларды уюштуруучулар тарабынан же заказчылар тарабынан анын катышуучуларынын иштерин координациялоого;
2) эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, сатып алуунун катышуучусуна же бир канча катышуучуларына сатып алууларга катышуунун артыкчылыктуу шарттарын түзүүгө, анын ичинде маалымат берүү жолу менен түзүүгө;
3) сатып алуулардын жеңүүчүсүн же жеңүүчүлөрүн аныктоо тартибин бузууга;
4) сатып алууну уюштуруучулардын же заказчылардын жана (же) сатып алууну уюштуруучулардын кызматкерлеринин же сатып алуунун заказчыларынын кызматкерлеринин сатып алууга катышуусуна.
2. Сатып алууларды жүргүзүүдө ушул берененин 1-пунктунда белгиленген тыюу салуулар менен катар, эгер сатып алууну уюштуруучулар же заказчылар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болсо, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн товарларды алуу, жумуштарды аткаруу, кызмат көрсөтүү үчүн заказдарды берүүгө сатып алууларды жүргүзүүдө сатып алууларга катышууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же ченемдик укуктук актыларында каралбагандай чектөөгө тыюу салынат.
3. мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн товарларды берүүгө, жумуштарды аткарууга, кызмат көрсөтүүгө заказдарды жайгаштырууга тооруктарды өткөрүүдө ушул берененин 1 жана 2-пунктунда белгиленген тыюулар менен кошо, лоттун курамына сатып алуунун предмети менен технологиялык жана функциялык жактардан байланышы жок продукцияны (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) лоттордун курамына кошуу жолу менен сатып алуунун катышуучулары арасында атаандаштыкты чектөөгө тыюу салынат.
4. Ушул берене менен белгиленген ченемдерди бузуу монополияга каршы органдын тиешелүү сатып алууларды жана мындай сатып алуулардын жыйынтыктары боюнча түзүлгөн бүтүмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жараксыз деп эсептешине негиз болот.
11-берене. Чарбакер субъекттердин түзүлүшүн, өзгөртүп уюштурулушун
жана жоюлушун мамлекеттик контролдоо
1.Чарбакер субъекттердин мүмкүн болуучу үстөмдүк абалын жана атаандаштыктын чектелишин болтурбоо максатында монополияга каршы орган төмөнкү учурларда мамлекеттик контроль жүргүзөт:
1) чарбакер субъекттерди (алардын бирикмелерин) өзгөртүп түзүлгөндө (бириктирилгенде, кошулганда, өзгөртүлгөндө), эгерде бул үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин пайда болушуна алып келсе;
2) табигый жана уруксат берилген монополия субъекттерин жоюуда;
3) мамлекеттик жана муниципалдык ишкананы кошууда, бириктирүүдө жана жоюуда, эгер бул үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарбакер субъекттин жаралышына алып келсе.
2. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык өзгөрүп уюшуу, жоюлуу тууралуу чечим кабыл алуучу чарбакер субъекттер монополияга каршы органдан макулдук алуусу зарыл.
Чарбакер субъекттер өзгөрүп уюшулууда, жоюлууда монополияга каршы органга чарбакер субъектти өзгөртүп уюштурууга, жоюуга макулдук берүү жөнүндө өтүнүчтү, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте документтердин тизмесин милдеттүү түрдө беришет.
Монополияга каршы орган бардык керектүү документтерди алгандан кийин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен арыз ээсине өзүнүн чечими тууралуу жазуу түрүндө билдирет.
3. Эгер өтүнүчтү канааттандыруу тийиштүү уюмдун үстөмдүк абалынын пайда болушуна же күчөшүнө жана анын натыйжасында атаандаштыктын чектелишине алып келиши мүмкүн болсо, же макулдашуу процессинде туура эмес маалыматтар берилсе, монополияга каршы орган өтүнүчтү четке кагууга укуктуу.
4. Чарбакер субъекттер ушул берененин 1-пунктунда каралгандай өзгөртүп уюшулган, жоюлган учурда, аларды мамлекеттик каттоодон өткөрүү (кайра каттоо), каттоо органдары тарабынан монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашкан соң гана жүргүзүлөт.
Ушул беренени бузуу менен иштеген чарбакер субъекттердин жана алардын бирикмелеринин мамлекеттик каттоосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жараксыз деп таанылат.
12-берене. Чарбакер субъекттердин уставдык капиталындагы
акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууда жана башка
учурларда монополияга каршы мыйзамдардын сакталышын
мамлекеттик контролдоо
1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин ошол эле товар рыногунда иштеген башка чарбакер субъекттин уставдык капиталындагы акцияларды, үлүштүк укуктарды, катышуу үлүштөрүн алышы, ошондой эле үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъекттин акцияларынын контролдук пакетин, пайларын, катышуу үлүштөрүн башка бир юридикалык жактын же жарандын сатып алуусу монополияга каршы органдын алдын ала макулдугу менен ишке ашырылат.
Ушул берененин максаты үчүн акциялардын, пайлардын контролдук пакети деп, акционерлердин, уюштуруучулардын, пайчылардын жалпы чогулуштарында чечим кабыл алууда добуштардын 50 пайыздан ашыгын түз жана кыйыр камсыз кылуучу сан түшүндүрүлөт.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү түзүү үчүн ыйгарым укуктуу жактар монополияга каршы органга аларды түзүүгө макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө бекитилген тартипке ылайык маалыматты беришет.
3. Эгер өтүнүчтү канааттандыруу чарбакер субъекттин (жактардын тобунун) үстөмдүк абалы жаралышына же күчөшүнө жана анын натыйжасында атаандаштыктын чектелишине алып келиши мүмкүн болсо, же чечим кабыл алуу үчүн маанилүү маалымат туура эмес берилсе, өтүнүч канааттандырылбайт.
4. Ушул беренеде белгиленген тартипти бузуу менен түзүлгөн, үстөмдүк абалдын пайда болушуна же күчөшүнө жана анын натыйжасында атаандаштыктын чектелишине алып келүүчү бүтүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жараксыз деп эсептелет.
13-берене. Чарбакер субъекттерди мажбурлап ажыратуу (бөлүү)
1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субъект монополиялык ишти такай жүргүзгөн учурда монополияга каршы орган мындай уюмдарды мажбурлап бөлүү же бир нече уюмду алардын курамынан бөлүп чыгаруу жөнүндөгү чечим кабыл алууга укуктуу. Мажбурлап бөлүүнүн натыйжасында түзүлгөн уюмдар жактардын бир тобуна кире албайт.
2. Чарбакер субъекттерди мажбурлап ажыратуу же бөлүү жөнүндө чечим төмөнкүдөй бир же бир нече шарттар болгондо чыгарылат:
1) рынокто атаандаштыктын өнүгүүсүнө алып келсе;
2) уюмдун түзүмдүк бөлүктөрүн бөлүүгө мүмкүн болсо;
3) уюмдун түзүмдүк бөлүктөрүнүн технологиялык жактан шартталган өз ара байланышы жок болсо;
4) өзгөртүп уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн юридикалык жактар үчүн тийиштүү товардык рынокто өз алдынча иштөөгө мүмкүндүк бар болсо.
3. Чарбакер субъекттерди мажбурлап ажыратуу же бөлүү жөнүндө чечим менчик ээси же ыйгарым укуктуу орган тарабынан ал чечимде каралган талаптарды эске алуу менен, жана ошол чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылууга тийиш, ал мөөнөт үч айдан кем болушу мүмкүн эмес.
14-берене. Монополияга каршы органдын кызматкерлеринин маалымат алууга укуктары
Монополияга каршы мыйзамды бузуу жөнүндө арыздарды кароодо, монополияга каршы мыйзамды бузуулар жөнүндө иштерди кароодо, экономикалык концентрацияны мамлекеттик контролдоодо жана атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүүдө зарыл документтерди, маалыматтарды алуу үчүн өздөрүнө тапшырылган ыйгарым укуктарына ылайык, кызматтык күбөлүктөрүн жана монополияга каршы органдын жетекчисинин (анын орун басарынын) чечимин көрсөтүү менен мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана мекемелерге, чарбакер субъекттерге жана алардын бирикмелерине уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу.
15-берене. Монополияга каршы органга маалымат берүү боюнча милдеттер
Монополияга каршы органга берилген тапшырмалардын жана милдеттердин аткарылышы үчүн статистика, юстиция, бажы органдары жана чарбакер субъекттердин иштерин жөнгө салуучу (көзөмөлдөөчү) жана алардын мамилелерин каттоого алуучу башка мамлекеттик органдар, архивдик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттер монополияга каршы органдын талабы боюнча керектүү документтерди жана маалыматты, анын ичинде чарбакер субъекттер боюнча да, берүүгө милдеттүү.
16-берене. Зыяндын ордун толтуруу
1. Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, анын ичинде монополияга каршы органдын монополияга каршы мыйзамды бузуп кабыл алган актысынан улам, же бул органдар өз милдеттерин аткарбагандыктан же тийиштүү түрдө аткарбагандыктан чарбакер субъектке же башка тарапка зыян келтирилген болсо, ал зыяндын орду Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык толтурулууга тийиш.
2. Монополияга каршы мыйзамдар бузулган учурда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алардын кызмат адамдары), чарбакер субъекттер (алардын жетекчилери) мыйзам бузууну монополияга каршы органдын чечимине ылайык токтотууга, мурдагы абалды кайра калыбына келтирүүгө, келишимди бузууга (келишим түзүүгө) же ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамына каршы келген актыны жокко чыгарууга, монополияга каршы мыйзамды бузуунун натыйжасында алынган кирешени республикалык бюджетке которууга жана көрсөтмөдө каралган башка иштерди аткарууга милдеттүү.
3. Эгер чарба жүргүзүүчү субъекттин монополияга каршы мыйзамды бузуусунан (аракетсиздигинен) башка чарбакер субъектке же адамга зыян келтирилсе, ал зыянды зыянга дуушарланткан чарбакер субъект Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык төлөп берүүгө тийиш.
17-берене. Жоопкерчилик ченемдери
Монополияга каршы мыйзамды бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Жоопкерчиликке тартуу күнөөлүү адамдарды монополияга каршы органдын чечимин аткаруудан бошотпойт.
18-берене. Монополияга каршы органдын монополияга каршы мыйзамды
бузгандыгы жөнүндө иштерди кароо үчүн негиздер
1. Монополияга каршы орган монополияга каршы мыйзамды бузгандык боюнча иштерди өз демилгеси боюнча, жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрүнүн жана өзүндө болгон, ушул Мыйзамды бузгандыкты далилдеген башка материалдардын негизинде карайт.
2. Арыздар монополияга каршы органга жазуу түрүндө, монополияга каршы мыйзамды бузулгандык фактылары жөнүндө документтерди тиркөө менен берилет.
3. Монополияга каршы мыйзамды бузгандык тууралуу иштерди кароонун жана иликтөө жүргүзүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
19-берене. Монополияга каршы органдын көрсөтмөлөрүн жана башка чечимдерин аткаруу
Монополияга каршы органдын чечими (көрсөтмөсү) толук түрдө жана чечимде (көрсөтмөдө) белгиленген мөөнөттө аткарылууга тийиш. Андай чечимди (көрсөтмөнү) өз убагында жана толук түрдө аткарбоо монополияга каршы мыйзамда каралган натыйжаларга кириптер кылат.
20-берене. Монополияга каршы органдын чечимдеринин үстүнөн даттануу укугу
Мамлекеттик органдар, чарбакер субъекттер жана алардын кызмат адамдары монополияга каршы органдын чечимин (көрсөтмөсүн) толугу менен же айрым бөлүгүн туура эмес деп эсептөө жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
21-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши жөнүндө
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Бул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, № 5, 163-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2003-жыл, № 5, 221-ст.);
- "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2003-жыл, № 11, 505-ст.);
- "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 134 Мыйзамы.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1488-ХII "Монополиялык иш-аракетти чектөө, атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, № 5, 164-ст.).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу тиешелүү мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|