Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-апрели № 137
"Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 15, 2018-жылдын 5-июлундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" тиркелген Регламент бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Техникалык регламентке ылайык келтирүү жөнүндө сунуш киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 15, 2018-жылдын 5-июлундагы № 312 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |