Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-апрели № 140
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-августундагы N 164 "Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймагындагы жабыр тарткан адамдарга курулушта жана объекттерди калыбына келтирүүдө мамлекеттик жардам көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-августундагы № 164 "Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймагындагы жабыр тарткан адамдарга курулушта жана объекттерди калыбына келтирүүдө мамлекеттик жардам көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- 8-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагындагы объекттерди куруу жана калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн кызматтык командировкаларга чыгууда 2010-жылдын июлунан 2011-жылдын май айынын аягына чейинки мезгилде жогоруда аталган мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-апрелиндеги № 137 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу министрликтерди, мамлекеттик комитеттердеги, Кыргыз Республикасынын администрациялык ведомстволорундагы жана аткаруу бийлигинин башка органдарындагы кызматтык жеңил автомашиналарды пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунда белгиленген кызматтык автотранспорттун жүрүү лимитиндеги командировкага чыгууларды эске албастан аларды пайдаланууга уруксат берилсин.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев
|