Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы № 116 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы №41 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Финансы полициясынын негизги милдеттери
III. Финансы полициясынын функциялары
IV. Финансы полициясынын укуктары
V. Финансы полициясынын ишин уюштуруу
VI. Финансы полициясынын кызматкерлеринин укуктук статусу
VII. Мүлкү, каржылоо жана материалдык-техникалык камсыз кылуу
VIII. Эсепке алуу жана отчеттуулук
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматы (мындан ары - Финансы полициясы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө түздөн-түз баш ийген жана отчет берүүчү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы болуп саналат.
Финансы полициясынын негизги максаты экономика жана финансы чөйрөсүндөгү экономикалык жана кызматтык укук бузуулардын деңгээлин төмөндөтүү болуп саналат.
Финансы полициясы Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган кылмыштардын экономикалык түрлөрүн, ошондой эле экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарды табуу, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана тергөө боюнча бирден-бир орган болуп саналат.
Финансы полициясы иши Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында каралган экономикалык жана башка кылмыштарды табууга, алдын алууга, бөгөт коюуга, ачууга жана тергөөгө багытталган мамлекеттик укук коргоо органынын статусуна ээ болот.
Финансы полициясынын карамагына кирген маселелерди чечүүгө мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүнө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тышкары учурларда жол берилбейт.
2. Финансы полициясы өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди жана ушул жобону жетекчиликке алат.
3. Финансы полициясы юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар мөөрүнө, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышына ээ болот, борбордук аппараттан жана аймактык бөлүмдөрдөн турат.
II. Финансы полициясынын негизги милдеттери
4. Финансы полициясынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекетке кызмат адамдарынын катышуусуз зыян келтирүүгө байланышкан кылмыштардын экономикалык түрлөрүн табуу, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана тергөө;
- экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарды табуу, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана тергөө, мындай укук бузууларды жасоого көмөк көрсөткөн себептерди жана шарттарды четтетүү;
- коррупциялык схемаларды пайда кылган, түрткү берген жана колдоо көрсөткөн шарттарды талдоо жүргүзүү, ошондой эле аларды жоюуга жана алдын алууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
III. Финансы полициясынын функциялары
5. Финансы полициясы коюлган милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- оперативдүү-иликтөө, оперативдүү-издөө иштерин жана сотко чейинки өндүрүштү, анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жана күрөшүүнүн алкагында ишке ашырат;
- жасалып жаткан, жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө мамлекеттик органдардан келип түшкөн арыздарды билдирүүлөрдү кабыл алат, каттайт, караштырат, аларга бөгөт коюу, ачуу, аларды жасаган адамдарды кармоо боюнча өз убагында чара көрөт;
- алгачкы текшерүүнү жана тергөөнү жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында каралган жоболордун чегинде ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
- жазык-процесстик мыйзамдарында каралган экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөштүн нормаларын жана методдорун өркүндөтөт, оперативдүү-издөө ишинин тактикасын жана методикасын аныктайт, Финансы полициясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- коррупция фактыларын табуу жана бөгөт коюу, мындай фактылардын пайда болушунун себептерин белгилөө жана аларды болтурбоо боюнча чараларды көрүү максатында өзүнүн компетенциясынын чегинде коррупцияга каршы изилдөөлөрдү жүзөгө ашырат;
- кызмат адамдарынын катышуусу менен мамлекетке зыян келтирген экономикалык кылмыштарга каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- Финансы полициясынын тергөөсүнө караштуу жазык иштери боюнча адамдарды издөөнү жүзөгө ашырат;
- кызматкерлердин кесиптик чеберчилигинин деңгээлин жогорулатууга жана методикалык базаны түзүүгө багытталган методдорду иштеп чыгат, окууну уюштурат, семинарларды өткөрөт;
- коррупцияны алдын алуу, кызматтык кылмыштарды табуу маселелери боюнча эл аралык, коомдук уюмдар, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенет;
- экономика жана финансы чөйрөсүндөгү укук бузууларды табууга, бөгөт коюуга, алдын алууга жана тергөөгө багытталган чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча КМШга катышкан мамлекеттердин тийиштүү органдары менен өз ара аракеттенүүнү уюштурат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы №41 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Финансы полициясынын укуктары
6. Финансы полициясы өзүнө жүктөлгөн максаттарды аткарууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- өндүрүштөгү болгон текшерүүлөрдүн материалдары жана козголгон жазык иштери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан, жеке адамдардан алардын карамагындагы кабарларды тоскоолдуксуз жана акысыз суратууга жана алууга, уюмдардын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, жеке адамдардан аларды берүүнү, алардын көчүрмөлөрүн тартып алууну талап кылууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалымкаттарда жана түшүнүктөрдү алууга;
- Финансы полициясынын өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча жарандарды жана кызмат адамдарын чакырууга;
- өндүрүштө болгон жазык иштери боюнча чакыруу боюнча келүүдөн качкан адамдарды алып келүүгө;
- тийиштүү убактылуу кармоо изоляторун, тергөө изоляторлорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык Финансы полициясынын өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча документтерди, товарларды, буюмдарды жана башка мүлктө алып коюуга же алып коюуну жүргүзүүгө;
- табылган жана белгиленген укук бузуулар актылары боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга, менчигинин формасына карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерине, ошондой эле ишкердик иш жүргүзгөн адамдарга аларды жасоого көмөк көрсөткөн себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө милдеттүү аткаруу үчүн сунуштар киргизүүгө;
- козголгон жазык иштери боюнча сот-экономикалык экспертизасын дайындоого жана жүргүзүүгө, ошондой эле келип түшкөн материалдар боюнча иликтөөлөр жүргүзүүгө;
- ыйгарым укуктуу органдарга алардын текшерүүлөрдү, эсеп-кысап текшерүүлөрүн, аудитти жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда баалоолорду жүргүзүүсү жөнүндө кайрылууга;
- Финансы полициясына жүктөлгөн милдеттерди чечүүнү камсыз кылуучу маалыматтык системаны түзүүгө жана пайдаланууга;
- мамлекетке зыян келтирүү менен байланышкан экономикалык жана финансы чөйрөсүндөгү укук бузууларды болтурбоо маселелери боюнча ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
V. Финансы полициясынын ишин уюштуруу
7. Финансы полициясын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындаган жана кызматынан бошоткон төрага жетектейт.
Төраганын үч орун басары, анын ичинде бир биринчи орун басары болот. Алар төраганын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалышат жана кызматтан бошотулушат.
8. Төрага Финансы полициясынын ишин уюштурат жана жетектейт. Өзүнүн компетенциясынын чегинде өз алдынча чечимдер кабыл алат жана Финансы полициясынын иши үчүн жекече жоопкерчиликтүү болот.
9. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төрага:
- Финансы полициясына жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- Финансы полициясынын аймактык бөлүмдөрүнүн функцияларын жүзөгө ашырууну, Финансы полициясынын аймактык бөлүмдөрүнүн алардын ишинин бардык багыттары боюнча аракеттерин координациялоону жана макулдашууну уюштурууну жана контролдоону камсыз кылат;
- Финансы полициясын өзгөртүп түзүү жөнүндө, анын ичинде уюштуруучулук-штаттык, кадр жана материалдык-техникалык чыңдоо маселелери боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- бардык мамлекеттик органдарда жана уюмдарда Финансы полициясынын атынан чыгат;
- Финансы полициясынын борбордук аппаратынын, ошондой эле аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык санын, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Финансы полициясынын башкармалыктары, бөлүмдөрү жана секторлору жөнүндө жоболорду белгиленген тартипте бекитет;
- Финансы полициясынын катардагы, кенже, орто жана улук башчылык курамынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот;
- Финансы полициясынын кызматкерлерине кенже, орто жана улук атайын наамдарын ыйгарат;
- өзүнүн орун басарларынын, борбордук аппараттын бөлүмдөрүнүн, облустардын Бишкек жана Ош шаарларынын Финансы полиция башкармалыктарынын (бөлүмдөрүнүн) жетекчилеринин функционалдык милдеттерин бөлүштүрөт;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Финансы полициясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жана кызматкерлеринин аткаруусу үчүн милдеттүү приказдарды, буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөр берет;
- Финансы полициясынын кызматкерлерине жогорку атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө белгиленген тартипте сунуштар киргизет;
- Финансы полициясынын кызматкерлерин сыйлоо, материалдык жардам көрсөтүү жана тартиптик жаза чараларын көрүү маселелерин мыйзамда белгиленген тартипте чечет, аларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгарууга сунуштайт;
- Финансы полициясынын бөлүмдөрүнүн кадрларын жайгаштырууну жана алардын квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- Финансы полициясынын ишин эсепке алууну жана отчеттуулукту, оперативдүү, тергөө, эксперттик жана кадрдык иштердин абалын жана материалдарын баалоону уюштурат;
- Финансы полициясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн оперативдүү-изилдөө, тергөө кызматтык ишин инспектордук текшерүүнү уюштурат;
- Финансы полициясынын кызматкерлеринин жана зарыл болгон учурда алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кызматтык милдеттерин аткаруусундагы ички коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну уюштурат;
- бөлүнгөн материалдык ресурстарды жана бюджеттик ассигнованияларды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну, алар боюнча эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүнү, ошондой эле Финансы полициясынын аймактык бөлүмдөрүнүн финансылык-чарбалык ишине ведомстволук ички контролду камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
10. Финансы полициясында коллегия уюштурулат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын төрагасы коллегиянын төрагасы, анын орун басарлары кызматы боюнча коллегия мүчөлөрү болуп саналышат. Коллегиянын сандык жана жекече курамы төраганын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет. Финансы полициясы жөнүндө төрага тарабынан бекитилет.
Коллегиянын чечими токтом формасында кабыл алынат жана төраганын буйругу менен ишке ашырылат.
VI. Финансы полициясынын кызматкерлеринин укуктук статусу
11. Финансы полициясынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болуп саналышат жана мамлекеттин коргоосунда турушат. Финансы полициясында кызмат өтөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
12. Финансы полициясынын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
- атайын техникалык каражаттарды пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дүрмөттүү куралды, атайын каражаттарды жана кара күч таасирлери чараларын колдонууга жана пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте менчигинин формасына карабастан ар кандай өндүрүштүк, кампа, соода жана башка жайларга юридикалык жана жеке жактар турган жерлерге ишти жүзөгө ашыруу жана аларды изилдөө үчүн тоскоолдуксуз кирүүгө.
13. Укукка жат аракеттери үчүн Финансы полициясынын кызматкери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат. Финансы полициясынын кызматкерлеринин укукка жат аракеттери менен жарандарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга келтирилген зыян Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралаган тартипте толтурулуп берилүүгө тийиш.
VII. Мүлкү, каржылоо жана материалдык-техникалык камсыз кылуу
14. Финансы полициясына мүлк оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилет.
Финансы полициясы ага бекитилип берилген мүлктү өз алдынча ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен башкарууга укуксуз.
15. Финансы полициясын каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле мыйзамда каралган башка каржылоо булактарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Финансы полициясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайын каражаттарды түзүүгө жана пайдаланууга укуктуу.
16. Финансы полициясын камсыз кылуунун тартибин жана материалдык-техникалык нормаларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
VIII. Эсепке алуу жана отчеттуулук
17. Финансы полициясы ага жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашырууда өзүнүн ишинин каржылык, статистикалык жана башка эсебин алууну жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарга отчет берет.
18. Финансы полициясынын иши ал өзгөртүлүп түзүлгөн же жоюлган учурда токтотулат. Иши токтотулган учурда Финансы полициясынын документтери "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
|
|