Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 25-марты № 116
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын маселелери
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №129 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы № 15 "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүп берүү маселелери жөнүндө" Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын ишин регламенттештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматына кайра түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө түздөн-түз баш ийген жана отчет берүүчү, мамлекеттик укук коргоо органынын статусуна ээ болгон, Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган кылмыштардын экономикалык түрлөрүн, ошондой эле экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кызматтык кылмыштарды табуу, алдын алуу, бөгөт коюу, ачуу жана тергөө боюнча бирден бир орган болуп саналган мамлекеттик орган;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын укук мураскери болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын карамагынан жана ыйгарым укуктарынан төмөнкүлөр алынып салынсын:
- келтирилген зыяны Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарынын кароосуна жаткан операциялардан тышкары, чакан жана орто бизнес чөйрөсүндөгү укук бузууларды текшерүүнү, табууну жана тергөөнү жүргүзүү;
- ар кандай чарба субъекттери жана/же жарандар ортосундагы мамлекетке зыян келтирүүгө байланышпаган, талаштарды чечүү, анын ичинде чарба субъекттеринин жана/же жарандардын жарандык мыйзамдар чөйрөсүнө кирген мындай талаштарды чечүүгө түздөн-түз кайрылууларын чечүү;
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына жатпаган укук бузууларды табуу жана тергөө;
- Жасалма акчаны даярдоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө байланышкан укук бузууларды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тийиштүү функцияларына өткөрүп берүү менен табуу жана тергөө;
- ЭЭМ үчүн зыяндуу программаларды түзүү, пайдалануу жана таратуу менен байланышкан укук бузууларды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тийиштүү функцияларына өткөрүп берүү менен табуу жана тергөө.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматы бир айлык мөөнөттө:
- иштин натыйжасы жөнүндө жарандык коомдун алдында ачык жана туруктуу отчеттулуктун механизмдерин ишин практикага киргизүүнү жана регламентин камсыз кылсын;
- иштин натыйжаларына карата "калктын ишеними индексин" милдеттүү чен өлчөм методикасын иштеп чыгуу жана колдонуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин;
- кадрлар менен иштөөнү, кызматка азырка жана коррупцияга тартылбаган кызматкерлерди тартуу жана кабыл алуу, коррупциялык көрүнүштөрдү пайда кылуучу себептерди жана шарттарды түп тамырынан жок кылуу жана алдын алуу ишин өркүндөтүү максатында бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүүдө, кызматкерлерди аттестациялоодо жана ротациялоодо полиграфта (калпычылык детекторунда) тестирлөө системасын пайдалануу милдеттүү деп эсептелсин;
- чарба субъекттеринин ишине укук коргоо органдары тарабынан кайталоолорду жок кылуу жана мыйзамсыз кийлигишүүлөрдү кыскартуу максатында экономикалык кылмыштарды табуу, алдын алуу, бөгөт койуу, ачуу жана тергөө боюнча ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын жана башка укук коргоо органдарынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматына өткөрүп берүү жөнүндө ченемдик-укуктук актыларды өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин чектүү штаттык саны 30 пайызга кыскартылсын.
6. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №129 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укук тартибин жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы № 116 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №129 токтомуна ылайык күчүн жоготту)