Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы № 116 токтому менен бекитилген |
I. Жалпы жоболор
II. Финансылык полициясынын катардагы, кенже, орто жана улук башкаруучу курамына атайын наамдарды ыйгаруу (андан ажыратуу) тартиби
III. Финансылык полициясындагы кызмат тартиби
IV. Финансылык полициясынын кызматкерлеринин өргүүлөрү жана социалдык кепилдиктери
V. Финансылык полициясында кызмат өтөөнүн токтотулушу
VI. Финансылык полициясында кызмат ордун, атайын наамдарын жана кызматында калыбына келтирүү
VII. Корутунду жоболор
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасынын финансылык полиция кызматынын (мындан ары - Финансылык полиция), катардагы жана жетекчилик курамы кызмат өтүшүнүн укуктук негизин, тартибин жана шарттарын аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1. Финансылык полициясында кызмат өтөө Финансылык полициясында кызмат орундарында турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик кызматынын түрү болуп эсептелет.
2. Финансылык полициясынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана ушул Жобо түзөт.
3. Финансылык полициядагы кызмат мыйзамдуулук, адам укуктары менен эркиндиктерин урматтоо жана сактоо, гумандуулук, маалымдуулук, кызмат тартибин сактоо, кызматы үчүн адилеттүү сыйлоо, кызматкерлердин жөндөмүн жана квалификациясын эске алуу менен кызматтык ишинин натыйжасы боюнча кызматы боюнча көтөрүлүү принциптеринде түзүлөт.
4. Финансылык полициясынын кызматкерлери болуп ушул Жободо белгиленген тартипте Финансылык полициясынын күбөлөнгөн курамынын штаттык кызмат орундарын ээлеген, Финансылык полициясынын атайын наамдары ыйгарылган Кыргыз Республикасынын жарандары эсептелет.
Финансылык полициясынын кызматкерлери белгиленген тартипте атайын формалык кийим-кече менен камсыз кылынат, аны кийип жүрүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Аларга белгиленген үлгүдөгү кызматтык күбөлүктөр жана жетон берилет.
Жетондун жана күбөлүктүн сыпаттамасы Финансылык полициясынын төрагасы тарабынан бекитилет.
Финансылык полициясынын кызматкеринин кызматтык күбөлүгү анын белгиленген тартипте табелдик куралды жана атайын каражаттарды сактоого жана алып жүрүүгө уруксат берүүчү жана Финансылык полиция органдарында ыйгарылган наамына жараша кызмат өтөп жаткандыгын тастыктоочу расмий документ болуп эсептелет.
Адистик бөлүмүнүн жетекчиси кызматка жаңы алынган Финансылык полиция кызматкерине кызматтык күбөлүктү тапшыруу учурунда документти пайдалануунун эрежелери жана аны сактоонун тартиби жөнүндө нускоо берет.
Кызмат боюнча кийин иштен орун которгондо, кезектеги атайын наам ыйгарылганда, Финансылык полициядан иштен бошогондо жана мурда берилген күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү бүткөндө аны алган жери боюнча кайтарып берилет.
Финансылык полициясынын кызматкерлери тиешелүү даярдыктан өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ок атуучу куралды жана атайын каражаттарды дайыма алып жүрүүгө жана сактоого укуктуу.
5. Финансылык полицияга кызматка кирген жарандар өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга, антты, ички иш тартибин, Тартип уставынын жана ушул Жобонун талаптарын сактоого милдеттүү.
6. Финансылык полицияга кызматка кабыл алуу жарандар алардын кызмат өтөөгө жарактуулугун аныктоо үчүн милдеттүү түрдө атайын текшерүүдөн, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тутумундагы аскердик-врачтык комиссияларда медициналык текшерүүдөн, ошондой эле талапкерлердин дене-күч даярдыгын текшерүүдөн өткөн шартта ишке ашырылат.
Финансылык полиция кызматкерин кызматка алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык Финансылык полициясынын төрагасынын буйругу менен таризделет.
Буйрук Финансылык полициясынын кызматкерине кол койдуруу менен жарыяланат.
Финансылык полиция кызматына кабыл алынган жарандар ушул Жободо белгиленген тартипте ант берет.
Финансылык полицияга кызматка жаңыдан кабыл алынып жаткан адамдарга сынак мөөнөтү белгилениши мүмкүн, ал 3 айдан ашпайт. Талапкер тиешелүү кызматка катардагы жана башкаруучу курамдын атайын наамын ыйгаруу менен дайындалат жана ага тажрыйбалуу кызматкерлерден насаатчы бекитилет.
7. Кыргыз Республикасынын жараны Финансылык полицияга кызматка төмөнкүдөй учурда кабыл алынбайт, эгерде ал:
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен аракетке жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылса;
- соттолгон же соттуулугу бар, кылмыш жоопкерчилигинен реабилитацияланбаган негиздер боюнча бошотулса;
- башка мамлекеттин жарандыгына ээ болсо;
- саясый партиянын мүчөсү болсо;
- укук коргоо органдарынан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан жаманатты кылган себептери боюнча бошотулса.
8. Финансылык полициясынын кызматкерлери жакын туугандык (ата-эне, жубай, бир туугандар жана балдар) байланышта болгон, түздөн-түз баш ийүүсүндө же контролдугунда турган адамдар менен байланышкан кызматта болууга укуксуз.
9. Финансылык полиция кызматкерине төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- педагогикалык, илимий жана чыгармачылык ишке байланышкан кызматтардан тышкары, башка акы төлөнүүчү кызматты ээлөөгө;
- ишкердик жүргүзүүгө;
- кандайдыр бир ишкананын башкаруу органынын мүчөсү болууга;
- финансылык полиция органдарында жана башка мамлекеттик органдарда үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү адамы же өкүлү болууга;
- финансылык каражаттарды, материалдык-техникалык жана маалыматтык камсыздоо каражаттарын, башка мамлекеттик мүлктү, ошондой эле кызматтык маалыматты кызматтык эмес максатта колдонууга;
- саясый партиялардын катарында турууга, саясый партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын ишине өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу жана кызмат убактысында катышууга;
- кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу аракетти ишке ашыргандыгы же аракетсиздиги үчүн үчүнчү жактардан белек, акча жана кызмат көрсөтүү түрүндө сый акы алууга.
Ушул пункттун жоболорун бузган жана ээлеген кызматына шайкеш келбеген кандайдыр бир иш аракетти жасаган учурда Финансылык полициясынын кызматкери мындай аракеттин жасалган убактысына карабастан кызматтан бошотулууга тийиш.
10. Финансылык полициясынын катардагы жана кенже башкаруучу курамынын кызмат ордуна юридикалык, экономикалык же финансылык орто, атайын-орто жана жогорку билими бар жарандар кабыл алынат.
Финансылык полициясынын орто, улук жана жогорку башкаруучу курамынын кызматына тиешелүү юридикалык, экономикалык же финансылык жогорку билими бар жарандар кабыл алынат.
Финансылык полициясынын катардагы жана башкаруучу курамынын тиешелүү кызмат ордуна дайындалган аскердик кызматка милдеттүү адамдар белгиленген тартипте аскердик каттоодон чыгарылат жана атайын каттоодо турат.
11. Катардагы, кенже, орто жана улук башкаруучу курамдагы кызмат орундарынын тизмеси жана ушул кызматтарга туура келген атайын наамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Финансылык полициясынын төрагасы тарабынан аныкталат.
Кызматка кабыл алынган Финансылык полициясынын катардагы, кенже, орто жана улук башкаруучу курамындагы адамдарга кызматка дайындалгандан 3 ай өткөндөн кийин Финансылык полициясынын төрагасы тарабынан атайын наамдар ыйгарылат.
12. Финансылык полицияга кызматка кабыл алууда кызматкерлер төмөнкүдөй мазмундагы антты берет:
"Мен, Кыргыз Республикасынын жараны (аты-жөнү), Кыргыз Республикасынын Финансылык полициясына кызматка киришип жатып, Кыргызстандын элине берилгендигим менен:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын кынтыксыз сактоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын жетекчиликке алууга;
жарандардын жана мамлекеттин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана мыйзамга жат кол салуулардан коргоого, зардалдардын буйруктарын ак ниеттүү аткарууга;
мыйзамдуулукту сактоого, чынчыл, эр жүрөк кызматкер болууга, Мекенимдин экономикалык таламдарын коргоого, мамлекеттик жана кызматтык сырды бекем сактоого;
кызматтык милдеттерди жана мага тапшырылган милдеттерди ак ниеттүү аткарууга;
иштин кызыкчылыгы үчүн зарыл болгон жерлерде кызмат өтөөгө салтанаттуу ант берем.
Антымды бузсам, мага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жаза толук колдонулсун.".
Ант берүүчү анттын текстине кол коет жана ант берген убактысын көрсөтөт. Анттын тексти кызматкердин жеке ишинде сакталат.
Ант берүү тартибин төрага аныктайт.
13. Финансылык полициясынын кызматкерин кызматы боюнча көтөрүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- жогору турган кызматка - кызматы боюнча көтөрүү иретинде;
- теңдеш кызматка:
иш тажрыйбасын эске алуу менен адистиги боюнча алда канча максаттуу пайдалануу үчүн; кызматтын кызыкчылыктарында кызматкерди башка жерге которууга - ротациялоого байланыштуу. Кызматкерлерди ротациялоо, эреже катары, 5 жылда бир жолу жүргүзүлөт;
кызматкердин үй-бүлөлүк муктаждыгына, курагына жана ден-соолугуна байланыштуу, жеке өтүнүчү боюнча.
Мында кызмат орду, эгерде ага мурдагы кызмат орду боюнча атайын наамына теңдеш атайын наам жана ээлеген кызмат орду боюнча теңдеш кызматтык маяна каралган болсо, теңдеш болуп саналат;
- төмөн турган кызмат ордуна:
штаттардын саны кыскарганда же Финансылык полиция кайра уюштурулганда бул адамдарды теңдеш кызмат орундарына которууга мүмкүндүк болбогондо;
аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде ден соолугунун абалы боюнча;
аттестациялоо тартибинде кызматка дал келбегендиги боюнча;
жаза колдонуу тартибинде;
жеке өтүнүчү боюнча.
14. Финансылык полициясынын кызматкерлери Финансылык полициясынын адистигинде калтыруу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына кызматын улантуу үчүн жөнөтүлүшү мүмкүн.
Финансылык полициясынын адистигинде калтыруу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына кызматын улантуу үчүн жөнөтүлгөн кызматкерлерди акчалай күтүү (эмгек акы) кызмат өтөөгө жиберилген тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан, аталган мамлекеттик органдарда белгиленген эрежелер жана ченемдер боюнча камсыздалат.
Аталган мамлекеттик органдарда болуу мөөнөтү бүткөндөн кийин кызматкерлер Финансылык полициясынын адистигинин карамагына келет жана мамлекеттик органдарга жиберилгенге чейин ээлеп турган кызмат ордуна же ага барабар кызмат орунга ишке орноштурулууга тийиш.
Финансылык полиция кызматкерин кызматы боюнча ордун которуу бардык учурларда ордун которуунун негизин көрсөтүү менен буйрук аркылуу таризделет.
Төмөн турган кызматка жылдырылган Финансылык полиция кызматкери кийин анын кызматтык квалификациясын, иш тажрыйбасын, иштиктүү жана жеке сапаттарын, ден соолугунун абалын эске алуу менен кызматы боюнча жогору турган кызматка жылдырылышы мүмкүн.
15. Финансылык полициясынын кызматкери төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан убактылуу четтетилиши мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын тергөө органдары тарабынан кызматтан четтетүү жөнүндө токтом чыгарылганда - иш боюнча биротоло чечим чыкканга чейин;
- кызматтык тергөө жүргүзүүдө (тергөө кызматкердин өзүнүн талабы менен дайындалган учурларды кошпогондо) тергөөнү жүргүзүүнүн толук мөөнөтүнө, анын ичинде кызматтык тартипти одоно түрдө бузган учурларда.
Жогоруда көрсөтүлгөн учурларда кызматкер кызматтан убактылуу четтетилген учурда анын эмгек акысы сакталат, буга кызматтык тартип одоно түрдө бузулган учурлар кирбейт.
16. Финансылык полициясынын кызматкерин башка жерлерге кызмат өтөөгө которууга анын өтүнүчү боюнча Финансылык полициясынын тийиштүү бөлүмдөрүнүн зардалдары менен макулдашуу боюнча жол берилет.
17. Финансылык полициясынын кызматкерлерин кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин окуу жайларында жүргүзүлөт.
18. Финансылык полициясынын ички иш тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Финансылык полициясынын төрагасы тарабынан иштин өзгөчөлүгүн эске алуу менен бекитилет.
Зарыл учурларда Финансылык полициясынын кызматкерлери белгиленген убакыттан тышкары, түнкү убакытта, майрам күндөрү кызматтык милдеттерин аткарууга тартылышы мүмкүн, мында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бир айдын ичинде кошумча эс алуу күндөрү же компенсация берилет.
19. Финансылык полициясынын катардагы, орто жана улук башкаруучу курамынын адамдарын күбөлөөндүрүү, алардын ээлеген кызмат ордуна шайкеш келүүсүн жана кызматтык өсүү мүмкүнчүлүгүн аныктоо, алардын кесиптик даярдыгынын деңгээлине, укуктук маданиятына, адамдар менен иштей билүү жөндөмүнө баа берүү, кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, адистерди тандоону, жайгаштырууну жана тарбиялоону жакшыртуу, алардын квалификациясын, демилгесин, чыгармачыл жигердүүлүгүн жана тапшырылган ишке жоопкерчилигинин өсүшүнө түрткү берүү максатында жүргүзүлөт.
Күбөлөө учурунда баа берүүнүн негизги критерийи болуп кызматкерлердин өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүүлүгү эсептелет.
Кызматкерлерди күбөлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Финансылык полиция органдарында кызматта болгондо үч жылда бир жолудан ашык жүргүзүлбөйт.
Күбөлөө-конкурстук комиссияны Финансылык полициясынын төрагасы түзөт.
Финансылык полициясынын кызматкерлерин күбөлөөгө даярдоо жана өткөрүү тартиби мамлекеттик кызматкерлерди күбөлөө Жобосунда аныкталат.
Күбөлөө натыйжасында Финансылык полициясынын кызматкерине төмөнкүдөй баалардын бири берилет:
- ээлеген мамлекеттик кызмат ордуна ылайык келет;
- анын кызматтык иши боюнча аттестациялык комиссиянын сунуштамасын аткарган учурда, 6 айдан кийин кайта аттестациялоодон өтүү шарты менен ээлеген кызматына ылайык келет;
- ээлеген мамлекеттик кызмат ордуна ылайык келбейт;
- кызматынан көтөрүлүүгө сунушталат. Кезексиз күбөлөөнү өткөрүүгө жол берилбейт.
II. Финансылык полициясынын катардагы, кенже, орто жана улук башкаруучу курамына атайын наамдарды ыйгаруу (андан ажыратуу) тартиби
20. "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык финансылык полиция органдарынын кызматкерлеринин атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:
- кенже атайын наамдар - финансылык полициясынын катардагысынан тартып прапорщигин кошо алганда ага чейинкилер;
- орто атайын наамдар - финансылык полициясынын кенже лейтенантынан тартып капитанын кошо алганда ага чейинкилер;
- улук атайын наамдар - финансылык полициясынын майорунан тартып полковнигин кошо алганда ага чейинкилер;
- жогорку атайын наамдар финансылык полициясынын генерал-майорунан тартып генерал-лейтенантын кошо алганда ага чейинкилер.
Финансылык полициясынын кызматкерлерине атайын наамдар ырааттуу, жекелик түрдө, алардын квалификацияларын, билимин, кызматка болгон мамилесин, иштеген жылдарын жана ээлеген штаттык кызмат ордун эске алуу менен ыйгарылат.
21. Ыйгаруунун ырааттуулугуна жараша атайын наамдар баштапкы жана кезектеги болуп бөлүнөт.
Башкаруучу курамдын кезектеги атайын наамы мурдагы атайын наамындагы белгиленген мөөнөтү бүткөнгө чейин мөөнөтүнөн мурда же болбосо ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган атайын наамдан бир баскычка жогору наам иштеги жогорку натыйжаларга жеткендиги жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн колдоо көрсөтүү катарында Финансылык полициясынын төрагасы тарабынан ыйгарылышы мүмкүн.
Улук жана жогорку башкаруучу курамдын жетектөөчү кызмат ордуна кабыл алынган Финансылык полициясынын кызматкерине финансылык полициясынын подполковнигинен жогору эмес алгачкы атайын наам, эгерде анын запас боюнча кыйла жогорку аскердик наамы болбосо, ыйгарылышы мүмкүн.
Ушул Жободо каралган учурларды кошпогондо, Финансылык полициясынын кызматкерлерине кезектеги атайын наам ырааттуу түрдө кезектеги наам ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган наамга туура келгенде жана мурдагы наамындагы өтөгөн жылдарынын белгиленген мөөнөтү бүткөндө ыйгарылат.
Финансылык полицияга кызматка алынган запастагы офицерлердин аскердик жана атайын наамдарындагы өтөгөн жылдарынын мөөнөтү алардын Финансылык полицияга кызматка алынган убактысы менен дал келген учурда аларга кезектеги атайын наамдар ыйгарылышы мүмкүн.
22. Ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын, салык кызматынын жана финансылык полициясынын мурдагы аскер кызматчыларына жана башкаруучу курамдагы адамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын аскердик, атайын наамдары же атайын класстык чендери бар, Финансылык полицияга кызматка алынган кызматкерлерге атайын наамдар алардын мурдагы аскердик, атайын наамдарын же атайын класстык чендерин эске алуу менен колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык ыйгарылат.
23. Атайын наам мөөнөтүнөн мурда мурунку атайын наамында иштөөнүн белгиленген мөөнөтүнүн жарымынан көбү өткөндө жана ээлеген штаттык кызматында каралган наамга ыйгарылуучу атайын наамга туура келгенде ыйгарылат.
24. Ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскычка жогору болгон кезектеги атайын наам мурдагы наамындагы жылдарынын белгиленген мөөнөтүнүн кеминде экөө бүткөндө ыйгарылат. Мында ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган атайын наамдан бир баскычка жогору жана мөөнөтүнөн мурда атайын наам ыйгаруу Финансылык полицияда кызмат өтөө жылдарынын бүткүл мезгилинде бир жолу жүргүзүлөт. Ушундай негиздер боюнча бир эле учурда наамдарды ыйгарууга жол берилбейт, буга Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен жүргүзүлгөн учурлар кирбейт.
25. Атайын наамда иштеген жылдардын мөөнөтү бул наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн тартып эсептелет.
Пенсия дайындоодо эске алынуучу 20 жана андан ашык жыл иштеген, ыйгарылган наамында белгиленген мөөнөттө кызмат өтөгөн жана күбөлөөдөн жакшы өткөн офицердик курамдын адамдарына кезектеги атайын наам ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган чектик наамга карабастан пенсияга кетүү же оорусу боюнча аларды кызматтан бошотуу менен бир эле учурда Финансы полициясынын төрагасы тарабынан ыйгарылышы мүмкүн.
26. Кенже башкаруучу курамдын атайын наамы бар, орто жетекчи курамдагы кызматка дайындалган Финансылык полициясынын кызматкерлери ошол наамында иштеген жылдарынын мөөнөтүнө карабастан орто башкаруучу курамдын алгачкы атайын наамын ыйгарууга көрсөтүлөт.
27. Кезектеги атайын наам Финансылык полициясынын кызматкерлерине кызмат ордуна дайындоого чейин тиешелүү түрдө кадрлар резервинде турган учурда, алып салына элек тартиптик айып болгондо, реабилитациялоочу негиз боюнча кылмыш-жаза иши токтотулганча, кызматтык териштирүү (бирок бир айдан ашык эмес) бүтмөйүнчө ыйгарылбайт.
Финансылык полиция бөлүмүнүн жетекчиси кызматкерине кезектеги атайын наамды ыйгарууга көрсөтүүнү негизсиз кечеңдеткендиги үчүн тартиптик жоопкерчилик тартат.
28. Финансылык полициясынын жогорку атайын наамдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
29. Финансылык полициясынын катардагы, кенже, орто, улук жана жогорку башкаруучу курамынын наамдарында иштеген жылдарынын мөөнөттөрү "атайын наам жана атайын класстык чин, класстык чин, аскер наамдарын орнотуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык орнотулат:
финансылык полициясынын кенже сержантынын наамында - бир жылдан кем эмес;
финансылык полициясынын сержантынын наамында - бир жылдан кем эмес;
финансылык полициясынын улук сержантынын наамында - эки жылдан кем эмес;
финансылык полициясынын старшинасы наамында - төрт жылдан кем эмес;
финансылык полициясынын кенже лейтенанты наамында - бир жылдан кем эмес;
финансылык полициясынын лейтенанты наамында - эки жылдан кем эмес;
финансылык полициясынын улук лейтенанты наамында - үч жылдан кем эмес;
финансылык полициясынын капитаны наамында - үч жылдан кем эмес;
финансылык полициясынын майору наамында - үч жылдан кем эмес;
финансылык полициясынын подполковниги наамында - төрт жылдан кем эмес.
Финансылык полициясынын катардагысы, прапорщиги, полковниги, генерал-майору жана генерал-лейтенанты атайын наамдарында иштөө жылдарынын мөөнөтү орнотулат.
III. Финансылык полициясындагы кызмат тартиби
30. Финансылык полицияда кызмат тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Антта, Финансылык полициясынын Тартиптик уставында, ошондой эле Финансылык полициясынын төрагасынын буйруктарында жана ушул Жободо орнотулган ченемдерди жана эрежелерди кызматкерлеринин сакташын билдирет.
31. Финансылык полициясынын тийиштүү бөлүмүнүн зардалы ага баш ийгендердин арасында кызмат тартибинин абалына жекече жоопкерчилик тартат.
Жетекчи:
- баш ийгендердин иши жана квалификациясын жогорулатуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт;
- баш ийгендердин арасында өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерине жоопкерчилик сезимин тарбиялайт;
- баш ийгендердин кызматтык иштерине баа берүүдө ачык-айкындуулукту жана калыстыкты камсыз кылат;
- баш ийгендердин кадыр-баркын урматтайт;
- жеке курамдын арасында коррупция көрүнүштөрүнө, Финансылык полициясынын ишинде жекече мүнөздөгү себептер же кемчиликтерин сындоо боюнча баш ийгендердин артынан түшүүгө бөгөт коет.
32. Кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы жана кызматтык иштеринде жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн Финансылык полициясынын кызматкерлерине сыйлоонун төмөнкүдөй түрлөрү каралат:
- алкыш жарыялоо;
- баалуу белек же акчалай сыйлык менен сыйлоо;
- мурунку тартиптик жазасын алып салуу;
- Финансылык полициясынын Грамотасы же Ардак грамотасы менен сыйлоо;
- төш белги менен сыйлоо;
- ведомстволук медаль менен сыйлоо;
- мөөнөтүнөн мурда кезектеги атайын наам ыйгаруу же ээлеген штаттык кызматы боюнча каралган өзүнүн наамынан бир баскычка жогору наам ыйгаруу;
- ысымы жазылган курал-жарак менен сыйлоо.
Финансылык полициясынын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн, мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүлүшү мүмкүн.
33. Кызматтык милдеттерин тиешелүү аткарбагандыгы, кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн Финансылык полициясынын кызматкерлерине төмөнкүдөй жаза чаралары колдонулушу мүмкүн:
- эскертүү;
- сөгүш;
- катуу сөгүш;
- кызматына толук ылайык келбегендиги тууралу эскертүү;
- кызматынан төмөндөтүү;
- атайын наамын бир тепкичке төмөндөтүү;
- ээлеген кызматынан бошотуу;
- Финансылык полициядагы кызматынан бошотуу.
34. Сыйлоолор жана тартиптик жаза берүүлөр Финансылык полициясынын төрагасынын буйруктары менен жарыяланат. Айып салынган адамга кабыл алынган чечим үч күндүк мөөнөттө (кол тамгасын койдуруу менен) Финансылык полициясынын кадр бөлүмү тарабынан билдирилет.
Тартиптик жаза берүү жөнүндө буйрук менен таанышуудан баш тартуу учурлары Финансылык полициясынын кадр бөлүмү тарабынан акт түзүү жолу менен таризделет.
Сыйлоо колдонуу тартиби Финансылык полициясынын төрагасы тарабынан өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде аныкталат.
Кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн Финансылык полициясынын кызматкерлерине тартиптик жаза, ушул Жобого жана Финансылык полициясынын Тартиптик уставына ылайык колдонулат.
35. Финансылык полициясынын Тартиптик уставы Финансылык полициясынын төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилет.
IV. Финансылык полициясынын кызматкерлеринин өргүүлөрү жана социалдык кепилдиктери
36. Финансылык полиция кызматкерлерине өргүүнүн төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет:
ар жылдык төлөнүүчү;
кошумча (иштеген жылдары үчүн);
социалдык (убактылуу ишке жарамсыздыгы, кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү, бала баккандыгына байланыштуу);
окуу (окуу жайлардын угуучуларына, сырттан окуган кызматкерлерге);
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өргүүлөрдүн башка түрлөрү.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен иш эмес күн деп белгиленген жалпы мамлекеттик майрам күндөрү өргүүлөрдүн узактыгын аныктоодо эске алынбайт.
Финансылык полициясынын кызматкерлерине ар жылдык өргүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.
Кезектеги ар жылдык (акы төлөнүүчү) өргүү ар жылдык өргүүлөрдүн тизмесине ылайык Финансылык полициясынын ар бир кызматкерине календардык жыл ичинде берилиши керек.
Ар жылдык өргүү (анын бир бөлүгү), өргүү мезгилинде кызматкердин убактылуу ишке жарамсыздыгы болгон учурда башка мөөнөткө которулат же узартылат, бирок бул учурда акчалай үлүш өргүүгө дал келген күндөр үчүн сакталат.
Кезектеги өргүүдөн кызматкерлерди чакырып алууга Финансылык полициясынын өз алдынча органынын жетекчисинин уруксаты менен кызматтык зарылдык учурунда жол берилет. Кезектеги өргүүдөн чакырып алууда анын пайдаланылбаган бөлүгү учурдагы жылда же кийинки жылдын биринчи кварталында берилет.
Кызматкер иши боюнча жылдырылса, ага чейин колдонулбаган кезектеги өргүүсү жаңы иштеген жери боюнча берилет.
37. Узактыгы 45 сутка болгон кезектеги өргүү иштеген жылдарына карабастан бийик тоолуу жерлерде (бийиктиги 1500 метр жана андан жогору) кызмат өтөгөн, аттестацияланган курамдын адамдарына берилет.
Кызматы аттестацияланган курамга жеңилдетилген шарттарда пенсия чектөө үчүн иштеген жылдарына эсептеле турган жана узактыгы 45 күндүк кезектеги өргүү алууга укук берген климаты оор шарттардагы жерлердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
38. Финансылык полициясынын кызматкерине убактылуу ишке жарамсыздыгына байланыштуу төлөнүүчү өргүү аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде берилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн өргүүнүн узактыгы оорунун мүнөзүнө жараша аныкталат.
Узакка ооруган катардагы жана жетекчи курамдын адамдары, эгерде ишке жарамсыздык күндөрү бир жылдын ичинде үзгүлтүксүз төрт айды же жыл ичинде үзгүлтүктөр менен беш айды түзсө Финансылык полициясынын кадр бөлүмү тарабынан алардын андан ары кызмат өтөөгө жарактуулугун аныктоо максатында аскердик-врачтык комиссиянын медициналык текшерүүсүнө жиберилет.
Кызматтык милдеттерин аткарууда жаракат, контузия алганына же майыптыкка учурагандыгына байланыштуу кызматкерлердин дарыланууда жүргөн мезгили чектелбейт. Көрсөтүлгөн адамдар медициналык текшерүүгө дарылоо бүткөндөн кийин же оорунун себеби аныкталганда жиберилет.
Оорусуна байланыштуу өргүү кезектеги ар жылдык өргүүнүн эсебине кошулбайт.
39. Финансылык полициясынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн (календардык эсептөөдө) акы төлөнө турган төмөндөгүдөй кошумча өргүү берилет:
а) 5тен 10 жылга чейин - жыл сайын 2 календардык күнгө чейин;
б) 10дон 15 жылга чейин - жыл сайын 4 календардык күнгө;
в) 15 жыл жана андан ашык - жыл сайын 6 календардык күнгө.
40. Финансылык полиция кызматкерлери - аялдарга (эркектерге) баланы багуу боюнча, ошондой эле үч айга чейинки курактагы уул (кыз) асырап алгандыгы үчүн айлык (акчалай үлүшүн) акысын сактабастан өргүү Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык берилет.
Социалдык жана окуу өргүүлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
Мындай өргүүлөрдүн узактыгы Финансылык полиция кызматкеринин кезектеги ар жылдык өргүүсүнө кошулбайт.
41. Бала багуу боюнча өргүүдө болгон кызматкердин ордун, кызматында атайын наам бербестен, оперативдүү кызматтык ишке байланышпаган жана жашыруун иш кагаздары менен иштөө талап кылынбаган башка кызматкер менен алмаштырууга уруксат берилет.
42. Финансылык полиция кызматкерлерин акчалай күтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет жана төлөнөт.
43. Финансылык полиция кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык стационардык дарыланууда жүргөн мезгилинен тышкары календарлык күндөргө азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсация төлөнүп берилет.
Финансылык полиция кызматкерлерине кызмат кылган жылдары боюнча пенсияга укугу бар, бирок, аны белгиленген тартипте тариздебеген жана иштөөсүн улантып жаткандарга негизги акчалай үлүшүн төлөп берүү учурунда төлөнүүгө тийиш болгон пенсиясынын суммасынын 50 пайыздык өлчөмүндө кошумча акы төлөнөт.
44. Финансылык полиция кызматкерлери ар жылдык кезектеги өргүүгө чыккан учурда аларга айлык акынын эки айлык фондусу өлчөмүндө ден соолугун чыңдоого жөлөкпул төлөнүп берилет.
Календарлык жылдын аягында Финансылык полициясынын кызматкерлерине орточо айлык акы өлчөмүндө он үчүнчү айлык акы төлөнүп берилет.
45. Финансылык полиция кызматкерлерин милдеттүү түрдө мамлекеттик, өздүк жана мүлктүк камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
V. Финансылык полициясында кызмат өтөөнүн токтотулушу
46. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн токтотулушу үчүн төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
- Финансылык полициясынан кызматтан бошоо;
- Финансылык полициясынын кызматкерин мыйзамда белгиленген тартипте белгисиз себептер менен келген жок, дайынсыз жоголду жана сот тарабынан ишке жарамсыз деп табуу;
- Финансылык полиция кызматкеринин каза болушу. Финансылык полициясынын кызматкерлери соттун чечими менен атайын наамына ажыратылышы мүмкүн. Атайын наамдарынан ажыратылган кызматкерлер Финансылык полициядан финансылык полициясынын катардагы кызматкери катары бошотулат.
Иштеген жылдары же оорусу боюнча пенсияга укугу барларга, пенсиялары Финансылык полициясынын жетектөөчү жана катардагы курамы үчүн мыйзамда белгиленген шарттар жана ченемдер боюнча эсептелет. Мында пенсияны эсептөөдө атайын наам боюнча маяна Финансылык полициясынын катардагы кызматкеринин атайын наамына жараша эсепке алынат.
47. Финансылык полициясынын кызматкерлери Финансылык полициясынан кызматтан төмөнкүдөй негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн:
- өз каалоосу боюнча;
- кызматта иштөө мөөнөтү боюнча, пенсияга чыгууга укук берген;
- Финансылык полициясы жоюлганда же кайра түзүлгөндө Финансылык полициясынын кызматкерин кызматка пайдалануу мүмкүнчүлүгү болбой калганда;
- оорусу боюнча - Финансылык полицияда иштөөгө жарамсыздыгы тууралу медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде;
- ден соолугу боюнча - иштөөгө жарамдуулугунун чектелүү экендиги жөнүндө, ээлеген кызматына ылайык милдетин ден соолугуна байланыштуу аткарууга мүмкүн эместиги, кызматы боюнча башка жерлерге барып иштей албастыгы тууралу медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде;
- күбөлөө тартибинде кызматына ылайык келбестиги боюнча;
- кызмат тартибин одоно же дайыма бузгандыгы үчүн;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгына байланыштуу;
- башка мамлекеттин жараны болгонуна байланыштуу;
- Финансылык полицияга кызматка кирүүдө жасалма документтерди жана атайылап жалган маалыматтарды бергендиги үчүн;
- ротация иретинде которуудан баш тартканда;
- кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугуна байланыштуу соттун айып өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин.
48. Кызматтык тартипти одоно бузууга төмөнкүлөр кирет:
- кызматкердин кызматтык милдеттерди аткарбоосу;
- кызматкердин күжүрмөн куралды жоготуусу (буга кармашууда жана кылмыштуу кол салууда жоготкондон учурлар кирбейт);
- кызматкердин ишке чыкпашы, анын ичинде ар күндүк белгиленген кызматтык убакыттын ичинде катары менен үч сааттан ашык себепсиз иште жок болушу;
- кызматкердин ишке алкоголдук, баңгилик же токсикалык мас абалда келиши;
- ушул Жобонун 9-тарамында белгиленген чектөөлөрдү сактабоо;
- мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды ачыкка чыгаргандык;
- иштеген жеринде мүлктү атайылап бузуу же уурдоо;
- кызматты өз эркинче таштап коюу.
49. Финансылык полициясынын катардагы, кенже, орто, улук жана жогорку башкаруучу курамынын кызматында турган кызматкерлерди бошотуу Финансылык полициясынын төрагасынын буйругу менен ишке ашырылат.
50. Эгерде кызматтан бошотуу күнү буйрукта көрсөтүлбөсө, кызматтан бошотуу күнү болуп буйрукка кол коюлган күн эсептелет.
Финансылык полициясынын кызматкерлери иштен бошотула тургандыгы тууралу кеминде бир ай мурда өзүлөрүнүн түздөн-түз зардалдары же Финансылык полициясынын кадрлар бөлүмү тарабынан жазуу түрүндө билдирилет.
Каза (курман) болгон, белгиленген тартипте дайынсыз жок деп табылган Финансылык полициясынын кызматкерлерине, ошондой эле атайын наамынан ажыраган кызматкерлерге Финансылык полициясынын кызматкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Финансылык полициясынын төрагасынын буйругу чыгарылат.
51. Финансылык полициясынын кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу "Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана ченем боюнча ишке ашырылат.
52. Финансылык полициясынын кадрларынын карамагына штаттык санынын кыскарышына байланыштуу, анын ичинде Финансылык полиция органын кайра уюштурууга байланыштуу, ошондой эле ушул Жобонун 14-тарамында көрсөтүлгөн негиздер боюнча кызмат орундарынан бошотулган кызматкерлер киргизилет.
Кызматкердин кадрлардын карамагында турган мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгили, кезектеги же башка өргүүлөрдө болгон, жазык жоопкерчилигине тартууга байланыштуу камакта болгон убакыт, жазык иши токтотулган же соттун актаган өкүмү чыккан учурда камак күнүнөн тартып бошотулган күнгө чейинки мезгил кошуп эсептелбейт.
Кызматкерди Финансылык полициясынын кадрларынын карамагына киргизүү жөнүндө буйрук менен милдеттүү түрдө жазуу жүзүндө тааныштыруу бир эле учурда Финансылык полиция органдарынан мүмкүн болгон бошотуу жөнүндө билдирүү болуп саналат.
53. Финансылык полициясынын кызматтан бошотула турган кызматкерлерине бир жолку жөлөкпул кызматынын жалпы узактыгы:
5 жылдан 10 жылга чейин - акчалай үлүштүн 5 айлык маянасы өлчөмүндө;
10 жылдан 15 жылга чейин - акчалай үлүштүн 10 айлык маянасы өлчөмүндө;
15 жылдан 20 жылга чейин - акчалай үлүштүн 15 айлык маянасы өлчөмүндө;
20 жылдан ашык - акчалай үлүштүн 20 айлык маянасы өлчөмүндө төлөнөт, буга төмөнкүчө бошотулган учурлар кирбейт:
- өз каалоосу боюнча;
- аттестациялоо тартибинде кызматына ылайык келбестиги боюнча;
- кызмат тартибин одоно же дайыма бузгандыгы үчүн;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгына байланыштуу;
- башка мамлекеттин жараны болгонуна байланыштуу;
- Финансылык полицияга кызматка кирүүдө жасалма документтерди жана атайылап жалган маалыматтарды бергендиги үчүн;
- кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугуна байланыштуу соттун айып өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин.
54. Финансылык полициясынын кадрларынын карамагына киргизилген кызматкерлерге 3 айдын ичинде акчалай маяна (кызмат орду жана наамы боюнча) төлөнүп берилет. Үч ай өткөндөн кийин алар кызматка дайындалбаган учурда Финансылык полиция органдарынан бошотулууга тийиш.
VI. Финансылык полициясында кызмат ордун, атайын наамдарын жана кызматында калыбына келтирүү
55. Белгиленген тартипте кызматтан мыйзамсыз же негизсиз которулган, ээлеген кызмат ордунан бошотулган же кызмат ордунан төмөндөтүлгөн, атайын наамынан ажыратылган же атайын наамынан төмөндөтүлгөн, ошондой эле Финансылык полиция органдарынан мыйзамсыз бошотулган деп табылган Финансылык полициясынын кызматкерлери Финансылык полицияда тиешелүү түрдө кызмат орду, атайын наамы, кызматында калыбына келтирилүүгө тийиш.
Финансылык полицияда кызмат ордун, атайын наамын, кызматында калыбына келтирүүнүн негиздери болуп кызматтык териштирүүнүн натыйжалары боюнча корутунду, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими саналат.
56. Кызматы боюнча которуу, ээлеген кызматынан бошотуу, кызмат ордунан төмөндөтүү, атайын наамын төмөндөтүү, Финансылык полициядан бошотуу жөнүндө чечимдерге Финансылык полициясынын кызматкери макул болбогон учурда ал кызматы боюнча которуу, ээлеген кызматынан бошотуу, кызмат ордунан төмөндөтүү, атайын наамын төмөндөтүү, Финансылык полициядан бошотуу жөнүндө буйруктун көчүрмөсү колуна тийген күндөн тартып же болбосо Финансылык полицияда кызмат ордун, атайын наамын, кызматында калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү берилген күндөн тартып сотко даттанууга укуктуу.
Финансылык полицияда кызмат ордун, атайын наамын, кызматында калыбына келтирүү жөнүндө кабыл алынган соттун чечими, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жогорку инстанцияларга даттануулар берилбесе аткарылууга тийиш.
Финансылык полициясында кызматында калыбына келтирүү Финансылык полициясынын бошотулган кызматкерин мурдагы кызмат ордуна дайындоо, мурдагы кызмат ордуна дайындоо мүмкүн болбогондо, ага тете ишке дайындоо аркылуу ишке ашырылат.
57. Финансылык полициясында кызматында калыбына келтирилген кызматкерлерге кезектеги атайын наамды ыйгаруу, пайыздык үстөк акыны төлөө жана пенсия дайындоо үчүн иштеген жылдарын эсептөөдө үзгүлтүксүз стажысына алардын иштен бошогон учурдан тартып кызматын калыбына келтирүү жөнүндө буйрукка кол коюлган датага чейинки убактысы кошулат.
VII. Корутунду жоболор
58. Финансылык полициясынын кызматкерлери ушул Жобонун жана Финансылык полицияда кызмат өтөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Кызмат адамдары тарабынан Финансылык полициясынын кызматкерине карата укукка жат иш-аракеттер кызматкерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен кызматтык калыс териштирүүдөн өтүүгө тийиш, ал эми мындай тартип бузууларга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
59. Финансылык полицияга кызматка кирген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, прокуратура жана сот органдарынын, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын аскер кызматчыларына жана кызматкерлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башка органдарынын кызматчыларына алар тиешелүү кызмат ордуна дайындалгандан кийин аскердик жана атайын наамдарын эске алуу менен финансылык полициясынын атайын наамдары ыйгарылат.
Аталган кызматкерлерге Финансылык полициясында иштеген жылдары, анын ичинде жогоруда көрсөтүлгөн органдарда алардын иштеген мөөнөтүн эске алуу менен пенсия дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштеген жылдары эсептелет. Финансылык полиция органдарынын катардагы жана башкаруучу курамынын иштеген жылдарына, аларга "Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия дайындоодо, алардын Финансылык полиция органдарына кызматка киргенге чейинки иш мезгили кошулат.
Финансылык полиция кызматкерлеринин согуш мезгилинде жана өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда кызмат өтөөсүнүн өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Финансылык полициясынын кызматкери башка мамлекеттик органга которулган учурда анын атайын наамы сакталып, ал мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын наамдарына, класстык чендерине, атайын класстык чендерине, дипломатиялык рангдарына теңештирилет.
60. Кызматтык милдетин аткарууга байланыштуу курман (каза) болгон же кызмат өтөп бүткөндөн кийин кызмат ишин аткарууга байланыштуу алган жаракаттан, контузиядан, оорудан улам каза болгон Финансылык полициясынын кызматкерлеринин сөөгүн коюу Финансылык полиция органдарынын каражатынын эсебинен жүргүзүлөт жана тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн зардалдары тарабынан уюштурулат.
Кызматкер дүйнөдөн кайткан учурда анын ар айлык кошумча акчалай үлүшүнүн түрлөрү жана кызматтык акы акчалай түрүндө анын өлгөн күнүнө чейин алынбаган маянасы (анын ичинде кызматкер каза болгон ай үчүн толук) аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө же ишке жарамсыздыгынын айынан каза болгон кызматкердин багуусундагы адамдарга төлөнүп берилет. Мындан тышкары, аларга Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген өлчөмдө акчалай жөлөкпул төлөнөт.
Үй-бүлө мүчөлөрүнө Финансылык полиция кызматкери пайдаланбаган өргүүсү үчүн компенсация да төлөнөт.
Финансылык полициясынын каза болгон кызматкеринин сөөгүн коюу расымдарынын тартиби Финансылык полициясынын төрагасы тарабынан аныкталат.
|
|