Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 4-марты №97
"Чолпон-Ата шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, ТРАСЕКА мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Чолпон-Ата шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, ТРАСЕКА мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Чолпон-Ата шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, ТРАСЕКА мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Чолпон-Ата шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, ТРАСЕКА мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп эсептелген Азербайжан Республикасына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти