Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-марты №99
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин ресурстарын эсепке алууну жүргүзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана республикалык бюджеттин ресурстарын натыйжалуу башкаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин ресурстарын эсепке алууну жүргүзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө тиркелген нускама бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |