Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 438 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-июлу № 444
Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин акча каражаттарын натыйжалуу башкаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-мартындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин ресурстарын эсепке алууну жүргүзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгынын Кыргыз Республикасынын банк мекемелери менен эсептешүүлөрүн уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын бирдиктүү казыналык эсебинин иштөө тартиби жөнүндөгү убактылуу нускамасын бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 629 "Орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун операцияларын Казыналык системасына которуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-октябрындагы № 675 "2012-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансынын башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин орто мөөнөттүү планын бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-февралындагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын бирдиктүү казыналык эсебинин иштөө тартиби жөнүндө убактылуу нускамасын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоону киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-июнундагы № 332 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Казыналык системасын модернизациялоо боюнча "GТАС" долбоорун ишке ашырууга тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-июлундагы № 508 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 431 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналыгынын Кыргыз Республикасынын банк мекемелери менен эсептешүүлөрүн уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |