Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 9-марты №100
Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылууга карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча 2010-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн шарттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 58-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги №269 токтому менен бекитилген, 2009-жылга акысыз жана жеңилдиктүү шарттарда мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык-санитардык жардам алууга укуктуу болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын категорияларынын тизмесине киргизилген жарандар аталган жеңилдиктерди жана кепилдиктерди 2010-жылы алууга укуктуу экендиги белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги №269 токтому менен бекитилген, 2009-жылга Бирдиктүү акы төлөөчү системасында иштегендерге саламаттык сактоо уюмдары көрсөтүүчү стационардык дарылоодо медициналык кызматтар үчүн кошо акы төлөөнүн деңгээли 2010-жылы колдонула тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы №363 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын колдонулушу 2010-жылга узартылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттыкты сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом 2010-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-июлундагы №350 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 1-июлу №350
Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, калктын аялуу топторун социалдык коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын Медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууга багышталган милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын Медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча саламаттык сактоо уюмдары көрсөткөн медициналык кызматтар үчүн кошумча төлөм жөнүндө жобо;
- Бирдиктүү төлөөчү системасындагы саламаттык сактоо уюмдарынын атайын каражаттары жөнүндө жобо.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы 2011-жылга белгиленген бюджеттердин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоону камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
- бир айлык мөөнөттө 2011-жылга белгиленген республикалык бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражатынан Бирдиктүү төлөөчү системасындагы саламаттык сактоо уюмдарын каржылоонун ченемдиктерин иштеп чыгышсын жана бекитишсин;
- медициналык кызматкерлер жана калк арасында Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүү шарттары боюнча кеңири түшүндүрүү ишин жүргүзүшсүн;
- пациенттер уюмдун кассасына төккөн кошумча төлөмдөн ашыкча саламаттык сактоо уюмдарына калктан кошумча жыйымдарды алууга тыюу салынсын, буга пациенттин дары-дармегине кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар стационардык дарылануунун үч эселик орточо наркынан ашып кеткен учурлар кирбейт.
4. Кыргыз Республикасынын жарандарын 2011-жылы медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуунун Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык-санитардык жардам көрсөткөн саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери калктан кошумча төлөмдөн ашыкча кошумча жыйымдар алган фактылары үчүн жекече администрациялык жоопкерчилик тартышары белгиленсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-январындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн 2006-жылга мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-апрелиндеги № 192 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого карата мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча 2008-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн шарттары тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 269 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоого кепилдиктер программасы боюнча 2009-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн шарттары тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча 2010-жылы Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам көрсөтүү шарттары жөнүндө" токтому.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 12-июлундагы № 56 жарыяланды
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
|
|