Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-майы №206
"Стамбул шаарында 2010-жылдын 8-июнунда кол коюлган, Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин мүчө мамлекеттеринин катчылыгынын, анын кызматкерлеринин жана өкүлдөрүнүн артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Стамбул шаарында 2010-жылдын 8-июнунда кол коюлган, Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин мүчө мамлекеттеринин катчылыгынын, анын кызматкерлеринин жана өкүлдөрүнүн артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Стамбул шаарында 2010-жылдын 8-июнунда кол коюлган, Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин мүчө мамлекеттеринин катчылыгынын, анын кызматкерлеринин жана өкүлдөрүнүн артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Стамбул шаарында 2010-жылдын 8-июнунда кол коюлган, Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин мүчө мамлекеттеринин катчылыгынын, анын кызматкерлеринин жана өкүлдөрүнүн артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенция ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин мүчө мамлекеттеринин катчылыгынын, анын кызматкерлеринин жана өкүлдөрүнүн артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө конвенцияны ратификациялоо тууралуу грамотаны Азияда өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин катчылыгы болуп саналган депозитарийге депонерлесин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти