Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-апрели № 194
«Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2006-ж., №4, 392-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Кодекстин бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү жана сандагы «майып», «майып бала», «майып балдар», «бала кезинен майып болгондор» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү жана сандагы «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам», «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала» «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар», «бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 20-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«- бош жумуш орундары (вакансиялар) жөнүндө маалыматты жумуштун шарттарын жана эмгек акысын көрсөтүү менен ишке орноштуруунун мамлекеттик кызматына ай сайын берип турууга.».
3. 59-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы «иш берүүчүлөрдүн ортосундагы макулдашуу боюнча башка уюмдан которуу тартибинде» деген сөздөр алып салынсын.
4. 66-берененин 1-бөлүгүндөгү»(жеке жак болуп эсептелбеген иш берүүчүдөн тышкаркы учурларда)»деген сөздөр алып салынсын.
5. 70-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү «таанылат» деген сөз «таанылбайт» деген сөз менен алмаштырылсын.
6. 73-берененин 1-бөлүгүндөгү»(үч айдан ашпаган мөөнөткө)»деген сөздөр алып салынсын.
7. 74-берененин 3-бөлүгүндө «дайындоого жол берилбейт» деген сөздөр «дайындоо 3 айдан ашпоого тийиш» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 79-беренеде:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
«11) сыноо мөөнөтүнүн натыйжалары канааттандыраарлык эмес болсо (62-берененин 7-бөлүгү).»;
- төртүнчү бөлүк «жол-жоболоштурулат» деген сөздөн кийин», бул буйрукта ушул Кодекстин же башка мыйзамдын тиешелүү беренесине, пунктуна шилтеме кылуу менен эмгек келишимин токтотуунун негизи көрсөтүлөт.».
9. 87-берененин 1-бөлүгүндөгү «календардык» деген сөз «жумушчу» деген сөз менен алмаштырылсын.
10. Расмий тилдеги 106-берененин 1-бөлүгүндөгү «при необходимости эпизодически» деген сөздөр «в необходимых случаях» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 113-беренеде:
- 2-бөлүктөгү «жумуш күндөрү деп саналбайт» деген сөздөр «жумуш эмес майрам күндөрү деп саналат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктөгү «Жалпы» деген сөз алып салынсын.
12. 119-берененин 1-бөлүгүндөгү «ага теңештирилген жерлерде» деген сөздөр «алыскы жана барууга кыйын аймактарда» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. 130-берененин 1-бөлүгүндөгү «бир бөлүктүн» деген сөздөр «биринчи бөлүктүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14. 132-берененин 4-бөлүгүндөгү «башка кызматкер которуу тартибинде» деген сөздөр «жазуу формасында башка кызматкер, ошондой эле ушул Кодекске жана башка мыйзамдарга ылайык эмгек келишимин түзүүдөн баш тартуу каралбаган кызматкер» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
15. 137-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Кызматкерге арызы боюнча баласы үч жашка чыкканга чейин бала багуу үчүн эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүү берилет. Эмгек келишиминдеги тараптардын макулдашуусу боюнча бала багуу үчүн өргүү кыскартылышы мүмкүн.».
16. 147-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү «боло албайт» деген сөздөн кийин», мындай актыны иш берүүчү каттоого алууга тийиш» деген сөздөр менен толукталсын.
17. 151-берененин 2-бөлүгү «белгиленет» деген сөздөн кийин», буга эмгек акыга эсептелүүчү райондук коэффициент кирбейт» деген сөздөр менен толукталсын.
18. 172-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү «Эгерде кызматкер иш берүүчүгө токтоп туруу башталганы жөнүндө жазуу жүзүндө эскертсе,»деген сөздөр алып салынсын.
19. 205-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«205-берене. Зыян келтирген учурда окуучуларга эмгек мыйзамдарынын колдонулушу
Окуучулук келишимге ылайык милдеттерин аткарганда окуучуларга жаракат келтирүү, кесипкөй ооруга туш кылуу же ден-соолугуна башка залал келтирүү сыяктуу зыян келтирүү учурлары пайда болгондо, зыяндын ордун толтуруу эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды кошкондо эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.».
20. 333-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Эмгек акысына райондук коэффициенттер жана кызматтык маянасына үстөктөр белгиленген райондордо айкалыштырылып иштеген адамдарга эмгек акы төлөө ушул коэффициенттерди жана үстөктөрдү эсепке албастан жүргүзүлөт.».
21. 335-берененин 1-бөлүгүндөгү «жана ага теңештирилген жерлерде» деген сөздөр «райондордо жана алыскы барууга кыйын аймактарда» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
22. 347-берененин 2-бөлүгүндөгү, 350-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун а) пунктчасындагы «2000» деген цифралар «1800» деген цифралар менен алмаштырылсын.
23. 350-берененин 2-бөлүгүнүн 1пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1) бийик тоолуу райондордо жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда туруктуу иштеген адамдар үчүн каралган тартипте жана өлчөмдө эмгек акысына райондук коэффициент белгиленет жана кызматтык маянасына пайыздык үстөк төлөнөт;».
24. 363-берене «төлөө» деген сөздөн кийин «эмгек акысына» деген сөздөр менен толукталсын.
25. 368-беренеде:
- 1-бөлүктөгү үчүнчү абзацындагы «бийик тоолуу райондорго теңештирилген жерлерде» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«Жыл сайын берилүүчү акы төлөнүүчү кошумча өргүүнү берүүнү бир нече нормативдик укуктук актылар менен жөнгө салганда, алардын ичинен кызматкер үчүн абдан жагымдуу шарттар белгиленген бир нормативдик укуктук акты колдонулат.».
26. 412-берененин 3-бөлүгү «түздөн-түз» деген сөздөн кийин «Мамлекеттик эмгек инспекциясында же» деген сөздөр менен толукталсын.
27. 414-берененин 3-бөлүгүндөгү «Доонун эскириши» деген сөздөр «Эскирүү» деген сөз менен алмаштырылсын.
28. 423-берененин 5-бөлүгүндөгү «жекече эмгек талаш-тартышын караган сот» деген сөздөр, 6 жана 8-бөлүктөрүндөгү «сот» деген сөз «эмгек талаш-тартышын караган орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|