Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-апрели № 195
«Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
Долбоор
1-берене. «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 6/1, 6-48-беренелер) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 10-берененин 1-бөлүгү «муниципалдык кызмат» деген сөздөрдөн кийин «кызматтан көтөрүлүүдө» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 23-берененин 1 жана 3-бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын.
3. 24-беренеде:
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Жогорку Кеңеш өз компетенциясынын чегинде бир жыныстагы адамдардын жетимиш проценттен ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен:
- Президенттин сунушу боюнча Жогорку соттун судьяларын (анын ичинде Конституциялык палатанын судьялары) шайлайт;
- Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитет;
- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүн шайлайт;
- Эсеп палатасынын мүчөлөрүн шайлайт;
- гендерлик теңчиликти эске алуу менен Акыйкатчынын (Омбудсменинин) сунушу боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт;
3-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
4. 25-берене төмөнкү мазмундагы биринчи жана үчүнчү абзацтары менен толукталсын:
«- гендерлик саясаттын негизги багыттарын аныктайт;
- мыйзамда белгиленген жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык түрдүү социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого багытталган гендерлик саясатты ишке ашырууну камсыздоо боюнча атайын чараларды ишке ашырат;».
5. 32-берененин 1-бөлүгүндөгү «Прокуратура ишке ашырат» деген сөздөр «прокуратура органдары ишке ашырат» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|