Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-апрели № 197
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2011-жылдын 18-мартында кол коюлган 1992-жыл үчүн карыз милдеттенмелерин жана талаптарын жөнгө салуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын ортосунда Бишкек шаарында 2011-жылдын 18-мартында кол коюлган 1992-жыл үчүн карыз милдеттенмелерин жана талаптарды жөнгө салуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Беларусь Республикасынын Өкмөтү, Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы Бишкек шаарында 2011-жылдын 18-мартында кол коюлган 1992-жыл үчүн карыз милдеттенмелерин жана талаптарды жөнгө салуу тууралуу макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду кыргыз тарабы аткаргандыгы жөнүндө беларусь тарапка кабарласын.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|