Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-апрелии № 201
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Долбоор
1-берене. «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-ж., № 8, 323-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 4-берененин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында:
1) «жана негизги» деген сөздөрдөн кийин «жалпы» деген сөз менен толукталсын;
2) «жалпы орто» деген сөздөр «орто жалпы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 6-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Мамлекет ар бир адамдын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен тартып негизги жалпы билим берүү мекемелерине чейин мамлекеттик, расмий жана эл аралык тилдердин бирин үйрөнүшү үчүн шарттарды түзөт.».
3. 7-берененин үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмүндөгү «жалпы орто» деген сөздөр «орто жалпы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 9-берененин 6-бөлүгүндөгү жана 29-берененин 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацындагы «билим берүүнүн мамлекеттик башкаруунун борбордук органы» деген сөздөр «Өкмөт» деген сөз менен алмаштырылсын.
5. 10-берененин 1-бөлүгүндөгү «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында» деген сөздөр «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 13-берененин 2-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Президенти» деген сөздөр «мыйзамдарга ылайык» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 16-берененин 2-бөлүгүндөгү «жалпы орто» деген сөздөр «орто жалпы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 34-берененин 1-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши» деген сөздөр алып салынсын.
9. 38-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоонун жана бошотуунун тартиби мыйзамдарга ылайык аныкталат.».
10. 47-берененин 8-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндөгү «жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет» деген сөздөр алып салынсын.
11. 49-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ишинин алкагында жүргүзүлгөн билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташтык накта өнөктөштүккө, өз ара ишенимге негизделет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте күчүнө кирген жана Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болгон эл аралык келишимдин негизинде курулат.»
2-берене. Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|