Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-майындагы № 219
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Жогорку Кеңештин ведомосттору, 2008-ж., № 922) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 256-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«256-берене. Алтындын жана күмүштүн куймасынын, аффинирленген алтындын жана күмүштүн берими жана экспорттоо КНСтен бошотулган берим болуп эсептелет.».
2. 261-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«261-берене. Товарларды экспорттоо
Алтындын жана күмүштүн куймасын, аффинирленген алтынды жана күмүштү экспорттоону кошпогондо, товарларды экспорттоо КНСтин нөлдүк ставкасы менен беримдер болуп эсептелет.».
3. 283-берененин 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
4. 284-берененин 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
5. 285-берененин 1-бөлүгүнүн 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
6. 287-берененин 1-бөлүгүндө төмөнкү позиция күчүн жоготту деп табылсын:
«
Алтындан, платинадан же күмүштөн жасалган зергер буюмдар | 7113, 7114, 7118, 9111100000, 9113101000 | Рыноктук сатык баасы | 5% |
»;
2-берене. 1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|