Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы №227 ««Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган, Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 227
Кабыл алынган
2011-жылдын 16-майы
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Каттоо жана жарыялоо

Реестрде
2011-жылдын 18-майы

Реестрде

Минюст коду
92587

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция16.05.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 16-майы № 227

«Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган, Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган, Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашуунун 21-беренесине ылайык ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган, Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

 А. Атамбаев

 

 

 Долбоор

Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы

 

Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган, Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене. Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган, Маданий баалуулуктарды уурдоого каршы күрөшүүдө жана аларды кайта алууну камсыз кылууда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин кызматташуусу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.