Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-майы №208
"Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө
Бул Мыйзамдын максаты болуп жылуулук микроклиматын жакшыртууну эске алуу менен имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун, чыгымдардын натыйжалуулугун жогорулатууга, энергетикалык ресурстарды керектөөнү (колдонууну) жана атмосферага парник газдарын чыгарууну төмөндөтүүгө көмөктөшүү болуп саналат.
1-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы мамилелерди укуктук жөнгө салуу
Ушул Мыйзам энергетикалык натыйжалуулукту жана имараттардын энергетикалык ресурстарын керектөөлөрдү төмөндөтүү, энергетикалык натыйжалуу курулуштарды баалоо жаатындагы укуктук негиздерди белгилейт, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан имараттардын менчик ээлери менен сертификацияланган адистердин жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ортосундагы укуктук жана уюштуруучулук мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Бул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Бул Мыйзам төмөнкүлөргө колдонулат:
1) имараттарга: турак жай, коомдук, административдик жана көп функциялык өндүрүштүк эмес имараттарга, ошондой эле алардын техникалык системаларына;
2) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу менен байланышкан иштерге, аларды:
а) долбоорлоодо жана курууда;
б) пайдаланууга берүүдө;
в) ижарага берүүдө;
г) сатууга коюуда;
д) имаратты энергетикалык кайра жаңылоодон кийин.
3-берене. Негизги терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
имарат - адамдардын жашап турушу үчүн жайы, тосулган курулмалары, жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылуу үчүн жылуулук жана электр энергиясын пайдалануучу техникалык системалары, ошондой эле аны пайдалануу үчүн арналган башка системалары жана жабдуулары бар курулуш объектиси;
имараттарды энергетикалык кайра жаңылоо:
а) колдонулуп жаткан имаратты же анын техникалык системасын этап-этап боюнча же бир жолку өзгөртүү, мында кошумча жылуулук изоляциясын, жарык өтүүчү жана ачылып туруучу конструкцияны алмаштыруунун же техникалык системанын жабдууларын алмаштыруунун эсебинен имараттын энергия керектөө түзүмү өзгөрүлөт;
б) сырткы тосуучу конструкциялардын жалпы аянтынын 25 проценттен кем эмес жылуулук коргоосунун деңгээлин этап-этап боюнча же бир жолку өзгөртүү;
имараттардын техникалык системасы - бир имарат үчүн орнотулган жылытуунун, ысык суу менен камсыздоонун, желдетүүнүн, муздатуунун жана жарык берүүнүн техникалык системасы;
буу казаны (жылуулук генератору) - тикелей буу казандан жана күйгүзүүчү блоктон турган жана күйүү процессинде жаралган жылуулукту жылуулук өткөрүүчүгө берүү үчүн арналган бириктирилген конструкция;
имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу - имараттарды нормалык пайдаланууда бардык энергетикалык керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн зарыл энергиянын саны;
имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун минималдуу талаптары - ишке ашырылууга тийиш болгон имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун белгиленген минималдуу деңгээли;
имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун классы - жылуулук берүү мезгили үчүн имаратты жылытууга жана ысык суу менен камсыздоого жылуулук энергиясынын үлүштүк сарпталышынын чоңдугунун интервалы менен мүнөздөлүүчү имараттын энергетикалык натыйжалуулугунун деңгээлин белгилеген классификация;
имараттын энергетикалык сертификациясы - пайдаланылган энергетикалык ресурстардын көлөмү тууралуу, имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү жөнүндө туура маалыматтарды алуу, энергияны үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн табуу жана алынган натыйжаларды энергетикалык сертификатка чагылдыруу менен энергетикалык натыйжалуулукту көтөрүү максатында энергетикалык ресурстарды пайдалануу тууралуу маалыматтарды жыйноо жана иштеп чыгуу процесси;
имараттын энергетикалык сертификаты - сертификациялоодон өткөн адис тарабынан толтурулган, имараттын энергетикалык натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн өзүнө камтыган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан документ;
сертификацияланган адис - өзүнүн кесиптик жактан компетенттүүлүгүн далилдеген жана имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана буу казандарынын, жылытуучу жана ысык суу менен камсыздоо системасынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү түрдө контролдоону жүзөгө ашыруу чөйрөсүндө мамлекеттик квалификациялык сертификат алган жеке жак;
энергетикалык маркировка (энергетикалык натыйжалуулуктун көрсөткүчү) - маалымат үчүн кызмат кылган энергетикалык натыйжалуулук боюнча имараттын кыскача мүнөздөмөсү;
буу казандарынын, жылытуучу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо буу казандарын, жылытуучу жана ысык суу менен камсыздоо системасын энергетикалык натыйжалуулуктун талаптарына ылайык келишин белгилөө боюнча иш-чаралардын комплекси.
4-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу чөйрөсүндөгү мыйзамдар "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан, ушул Мыйзамдан жана аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
5-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы ишти камсыз кылуу жана анын принциптери
1. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы иштер төмөндөгүдөй принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) энергетикалык ресурстарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу;
2) алгачкы энергияны пайдаланууну азайтуу;
3) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун талаптарын белгилөөдө эрежелердин бирдиктүүлүгү;
4) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды колдоо жана дем берүү;
5) СО2 эквивалентинде парник газдарын чыгарууну төмөндөтүү;
6) Кыргыз Республикасынын ченемдик жана укуктук актыларынын имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы эл аралык ченемдерге ылайык келиши.
2. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугуна минималдуу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Имараттардын энергетикалык минималдуу талаптары 10 жылда бир жолудан кем эмес кайра каралууга тийиш.
3. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун минималдуу талаптары төмөнкүлөргө колдонулбайт:
1) жалпы аянты 150 квадрат метрден ашпаган жеке турак имараттарына;
2) диний каада, расым жана азем өткөрүү үчүн арналган имараттарга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маданий мурастардын (тарых жана маданият эстеликтери) объекттерине кирген имараттарга, алардын сырткы түрүнүн жана тосуучу конструкцияларынын стилинин өзгөрүшүнө байланыштуу энергетикалык натыйжалуулуктун талаптарын аткаруу мүмкүн болбой калган учурда;
4) капиталдык эмес курулуштардын убактылуу объекттерине;
5) дачалык үйлөргө;
6) кошумча пайдалануудагы (көмөкчү-чарбалык багыттагы) имараттарга жана курулмаларга.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө аталгандарды копшогондо, жаңы имараттар жана энергетикалык кайра жаңылоо жүргүзүлгөн имараттар энергетикалык натыйжалуулуктун минималдуу талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
5. Курулушка же имараттарды кайра жаңылоону жүзөгө ашырууга уруксат алуу үчүн долбоордук документтер энергетикалык натыйжалуулуктун минималдуу талаптарын эске алуу менен иштелип чыгууга тийиш.
6. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун минималдуу талаптарына ылайык келбеген, жаңыдан курулган жана энергетикалык кайра жаңылоодон өткөн имараттарды пайдаланууга берүүгө жол берилбейт.
7. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдөн башка, ушул Мыйзамдын 2-беренесинде көрсөтүлгөн имараттар үчүн энергетикалык сертификациялоо милдеттүү болуп эсептелет. Бардык калган учурларда имараттарды энергетикалык сертификациялоо ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.
8. Имараттын энергетикалык классын аныктаган имараттын энергетикалык сертификаты имараттын энергетикалык сертификациясын ишке ашыруунун далили болуп саналат.
9. Энергетикалык сертификат он жылдан ашпаган мөөнөткө берилет. Энергетикалык сертификат имараттын профилин жана пландоосун, ошондой эле тышкы тосмо конструкцияларын жана техникалык системасын өзгөртүүгө байланыштуу энергия керектөөлөрү да өзгөрсө, белгиленген колдонуу мөөнөтү өткөнгө чейин күчүн жоготот.
10. Энергетикалык сертификациядан өткөн көп квартиралуу турак жай имараттары, коомдук, административдик жана өндүрүштүк эмес көп функциялык имараттар маркировкаланууга тийиш, ал эми имараттардын энергетикалык натыйжалуулук классынын көрсөткүчү фасаддын көрүнүктүү жерине жайгаштырылууга тийиш.
11. Ушул берененин 3-бөлүгүндө аталгандан тышкары, ушул Мыйзамдын 2-беренесинде аталган имараттарды жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо системасы үчүн орнотулган буу казандары милдеттүү түрдө мезгил-мезгили менен буу казандарынын, жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугу боюнча контролдонууга тийиш.
12. Буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгилдүү жана бир жолку контролдоону ишке ашыруунун далили буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоону контролдоо жөнүндө отчет болуп саналат.
13. Буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоону жүргүзүүнүн жыштыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
6-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы мамлекеттик органдардын иши
1. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы мамлекеттик органдардын иши төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) техникалык системаларын эске алуу менен имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун минималдуу талаптарын жана көрсөткүчтөрүнүн тизмесин белгилөө;
2) ушул Мыйзамда каралган милдеттерди аткаруу тартибин белгилөө;
3) ушул Мыйзамга ылайык имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуунун башка чаралары.
2. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу отун-энергетика комплексинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуу жана ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Отун энергетика комплексинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуу жана ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча максаттуу программаларды иштеп чыгуу;
2) имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана буу казандарынын, жылытуучу жана ысык суу менен камсыздоо системасынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча аткарылган иштердин сапаты үчүн мониторингди жүзөгө ашыруу;
3) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы мыйзамдардын аткарылышына мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруу.
4. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрүн жана имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун класстарын аныктоо боюнча эрежелерди иштеп чыгуу;
3) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун минималдуу талаптарына аныктоо жана аларды кайра кароодо өзгөртүүлөрдү киргизүү;
4) төмөнкүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү:
а) имараттардын энергетикалык сертификаттарынын;
б) буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системасынын энергетикалык натыйжалуулугунун мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчеттордун;
5) адистерди даярдоону, классификацияларын жогорулатууну уюштуруу жана имараттардын энергетикалык сертификациясы жана буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системасынын энергетикалык натыйжалуулугунун мезгил-мезгили менен контролдоо жаатында алардын мамлекеттик классификациялык сертификациясын жүргүзүү;
6) төмөнкүдөй сертификацияланган адистердин реестрин бекитүү жана жүргүзүү:
а) имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча;
б) буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча;
7) Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексинде бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуу жана ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга имараттарды энергетикалык сертификаттоону жана буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоону жүргүзүү боюнча иштердин натыйжалары жөнүндө ар жылдык отчетторду даярдоо;
8) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду даярдоо боюнча иштерди координациялоо;
9) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
7-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында сертификацияланган адистердин иши
1. Имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо имараттын менчик ээси менен сертификацияланган адистин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде сертификацияланган адистер тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Бир имаратты энергетикалык сертификациялоо бир сертификацияланган адис тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Бир имараттын буу казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгили менен контролдоо бир сертификацияланган адис тарабынан жүзөгө ашырылат.
8-берене. Тараптардын укуктары жана милдеттери
1. Имараттын менчик ээси төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) имараттын энергетикалык сертификатын жана буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетту так маалыматы менен алууга;
2) бул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген башка укуктарга.
2. Сертификациялаган адис төмөнкүдөй укуктарга ээ:
1) имаратка берилген долбоордук-техникалык документтерди алууга;
2) имараттарга жана анын техникалык системаларына көз салып текшерүү жүргүзүүгө;
3) ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген башка укуктарга.
3. Имараттын менчик ээси имараттардын энергетикалык сертификациясын жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо жүргүзүүдө сертификацияланган адиске көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
4. Жаңыдан курулган жана энергетикалык кайра жаңылоодон өткөн имараттардын менчик ээлери алардын энергетикалык натыйжалуулугунун белгиленген минималдуу талаптарга ылайык келишин, ошондой эле энергетикалык маркировкалоону (энергетикалык классынын көрсөткүчтөрүн) жайгаштырууну камсыз кылууга милдеттүү.
5. Имараттын менчик ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) энергетикалык сертификаты жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетту бардык колдонуу мөөнөтүнүн аралыгында сактоого;
2) имаратты сатууда имараттын анык сертификатын жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетту жаңы менчик ээсине берүүгө;
3) имаратты ижарага берүүдө энергетикалык сертификаттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетту ижарачыга берүүгө.
6. Сертификацияланган адис төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) имараттардын менчик ээлерине имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча техникалык жана экономикалык маалымат берүүгө;
2) иштин ар бир түрүнө (имараттардын энергетикалык сертификациялары, буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо) тиешелүү кесипкөйлүк сертификатка ээ болууга;
3) толтурулган энергетикалык сертификаттарды жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо жөнүндө отчетту архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүүгө.
9-берене. Тараптардын жоопкерчилиги
1. Сертификацияланган адис имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин сапаты үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Мониторингде имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана (же) буу казандарын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча аткарылган иштердин сапатынын төмөн болушу бир нече жолу далилденген учурда сертификацияланган адис ушул иштерди жүргүзүү боюнча мамлекеттик квалификациялык сертификатынан ажыратылышы мүмкүн.
10-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу чөйрөсүндө мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө мыйзамдарды бузган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчилик тартышат.
11-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатындагы эл аралык кызматташтык
1. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында эл аралык кызматташтыктын негизги багыттары болуп төмөндөгүлөр саналат:
1) чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен энергетикалык натыйжалуу технологияларды өз ара пайдалуу алмашуу;
2) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу жаатындагы эл аралык долбоорлорго Кыргыз Республикасынын катышуусу;
3) Кыргыз Республикасынын нормаларында каралган энергетикалык натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүн эл аралык стандарттардын талаптары менен макулдашуу, ошондой эле имараттарды энергетикалык сертификациялоонун натыйжаларын өз ара таануу.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде ушул Мыйзамдан башкача эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин жоболору колдонулат.
12-берене. Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун пропагандалоо жана маалыматтык жактан камсыз кылуу
Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун пропагандалоо жана маалыматтык жактан камсыз кылуу төмөнкү жолдор аркылуу ишке ашырылат:
1) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу чөйрөсүндө курстарды, семинарларды, конференцияларды уюштуруу;
2) жогорку энергетикалык натыйжалуу жабдууларды жана түзүлүштөрдү көрсөтүү менен көргөзмөлөрдү, конкурстарды уюштуруу;
3) техникалык багыттагы окуу жайларына милдеттүү түрдө ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу боюнча окуу программасын киргизүү;
4) имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун маселелери боюнча маалыматтарды берүү жана жайылтуу;
5) энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну жана парник газдарынын абага чыгууларын төмөндөтүүнү пропагандалоо.
13-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап 12 айдан кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти