Редакцияот 11.05.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 11-майы №209

Бишкек шаарында 2005-жылдын 3-февралында кол коюлган "Агробизнес жана маркетинг" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Өнүктүрүү максатына кредит жөнүндө макулдашууга (№4015-КG кредити) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Бишкек шаарында 2005-жылдын 3-февралында кол коюлган "Агробизнес жана маркетинг" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Өнүктүрүү максатына кредит жөнүндө макулдашууга (№4015-КG кредити) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын финансы министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министри

А. Атамбаев

 

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2005-жылдын 3-февралында кол коюлган " Агробизнес жана маркетинг" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Өнүктүрүү максатына кредит жөнүндө макулдашууга (№4015-КG кредити) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

Бишкек шаарында 2005-жылдын 3-февралында кол коюлган "Агробизнес жана маркетинг" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Өнүктүрүү максатына кредит жөнүндө макулдашууга (№4015-КG кредити) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-кат ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте жогоруда аталган Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына билдирсин.

3-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти