Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-майы №210
"Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2000-ж., № 5, 239-берене) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
2-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген куткаруучусу".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана
Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна карата
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│Кыргыз Республикасынын мыйзамынын │Кыргыз Республикасынын мыйзамынын │
│ колдонуудагы редакциясы │ сунуш кылынган редакциясы │
├──────────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│"Кыргыз Республикасынын ардак │"Кыргыз Республикасынын ардак │
│наамдары жана Ардак грамотасы │наамдары жана Ардак грамотасы │
│жөнүндө" Кыргыз Республикасынын │жөнүндө" Кыргыз Республикасынын │
│Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын │Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын │
│Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2000-ж.,│Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2000-ж.,│
│№ 5, 239-берене) │№ 5, 239-берене) │
│ │ │
│2-берене. │2-берене │
│ │ │
│Кыргыз Республикасынын төмөнкү │Кыргыз Республикасынын төмөнкү │
│ардак наамдары белгиленсин: │ардак наамдары белгиленсин: │
│Кыргыз Республикасынын эл │Кыргыз Республикасынын эл │
│жазуучусу; │жазуучусу; │
│Кыргыз Республикасынын эл акыны; │Кыргыз Республикасынын эл акыны; │
│Кыргыз Республикасынын эл │Кыргыз Республикасынын эл │
│сүрөтчүсү; │сүрөтчүсү; │
│Кыргыз Республикасынын эл артисти;│Кыргыз Республикасынын эл артисти;│
│Кыргыз Республикасынын эл │Кыргыз Республикасынын эл │
│мугалими; │мугалими; │
│Кыргыз Республикасынын эмгек │Кыргыз Республикасынын эмгек │
│сиңирген мугалими; │сиңирген мугалими; │
│Кыргыз Республикасынын билим │Кыргыз Республикасынын билим │
│берүүсүнө эмгек сиңирген │берүүсүнө эмгек сиңирген │
│кызматкер; │кызматкер; │
│Кыргыз Республикасынын эмгек │Кыргыз Республикасынын эмгек │
│сиңирген врачы; │сиңирген врачы; │
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│саламаттыкты сактоосуна эмгек │саламаттыкты сактоосуна эмгек │
│сиңирген кызматкер; │сиңирген кызматкер; │
│Кыргыз Республикасынын эмгек │Кыргыз Республикасынын эмгек │
│сиңирген артисти; │сиңирген артисти; │
│Кыргыз Республикасынын маданиятына│Кыргыз Республикасынын маданиятына│
│эмгек сиңирген ишмер; │эмгек сиңирген ишмер; │
│Кыргыз Республикасынын илимине │Кыргыз Республикасынын илимине │
│эмгек сиңирген ишмер; │эмгек сиңирген ишмер; │
│Кыргыз Республикасынын өнөр жайына│Кыргыз Республикасынын өнөр жайына│
│эмгек сиңирген кызматкер; │эмгек сиңирген кызматкер; │
│Кыргыз Республикасынын айыл │Кыргыз Республикасынын айыл │
│чарбасына эмгек сиңирген │чарбасына эмгек сиңирген │
│кызматкер; │кызматкер; │
│Кыргыз Республикасынын эмгек │Кыргыз Республикасынын эмгек │
│сиңирген куруучусу; │сиңирген куруучусу; │
│Кыргыз Республикасынын │Кыргыз Республикасынын │
│транспортуна эмгек сиңирген │транспортуна эмгек сиңирген │
│кызматкер; │кызматкер; │
│Кыргыз Республикасынын байланышына│Кыргыз Республикасынын байланышына│
│эмгек сиңирген кызматкер; │эмгек сиңирген кызматкер; │
│Кыргыз Республикасынын геология │Кыргыз Республикасынын геология │
│кызматына эмгек сиңирген │кызматына эмгек сиңирген │
│кызматкер; │кызматкер; │
│Кыргыз Республикасынын калкты │Кыргыз Республикасынын калкты │
│тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген │тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген │
│кызматкер; │кызматкер; │
│Кыргыз Республикасынын эмгек │Кыргыз Республикасынын эмгек │
│сиңирген юристи; │сиңирген юристи; │
│Кыргыз Республикасынын эмгек │Кыргыз Республикасынын эмгек │
│сиңирген экономисти; │сиңирген экономисти; │
│Кыргыз Республикасынын жаратылышты│Кыргыз Республикасынын жаратылышты│
│коргоосуна эмгек сиңирген │коргоосуна эмгек сиңирген │
│кызматкер; │кызматкер; │
│Кыргыз Республикасынын эмгек │Кыргыз Республикасынын эмгек │
│сиңирген ойлоп табуучусу; │сиңирген ойлоп табуучусу; │
│Кыргыз Республикасынын дене тарбия│Кыргыз Республикасынын дене тарбия│
│жана спортунун эмгек сиңирген │жана спортунун эмгек сиңирген │
│кызматкери; │кызматкери; │
│Кыргыз Республикасынын мамлекеттик│Кыргыз Республикасынын мамлекеттик│
│кызматынын эмгек сиңирген │кызматынын эмгек сиңирген │
│кызматчысы; │кызматчысы; │
│Кыргыз Республикасынын жергиликтүү│Кыргыз Республикасынын жергиликтүү│
│өз алдынча башкаруусунун эмгек │өз алдынча башкаруусунун эмгек │
│сиңирген кызматчысы. │сиңирген кызматчысы. │
│ │["Кыргыз Республикасынын эмгек │
│ │сиңирген куткаруучусу"] │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘