Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-майы № 232
"Кыргыз Республикасынын аймагындагы оюн автоматтар залдарынын (жайларынын) ишине тыюу салуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Ж.Жетигенов жана А.Ү.Жапаров тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын аймагындагы оюн автоматтар залдарынын (жайларынын) ишине тыюу салуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 232 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын аймагындагы оюн автоматтар залдарынын (жайларынын) ишине тыюу салуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Ж.Жетигенов жана А.Ү.Жапаров тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын аймагындагы оюн автоматтар залдарынын (жайларынын) ишине тыюу салуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, аларды төмөнкүдөй пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга макулдук берет.
"Кыргыз Республикасынын аймагындагы оюн автоматтар залдарынын (жайларынын) ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуш кылабыз:
"Бул Мыйзам 2012-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.".
Маалымат иретинде буларды билдиребиз: 2011-жылга карата бюджеттин киреше бөлүгү 2010-жылы оюн автоматтардан түшкөн кирешени (дээрлик 85,2 млн. сом) эске алып жана оюн-зоок иштерди салыктык башкарууну жакшыртуу боюнча чара көрүлөөрүн (40 млн. сомдун тегерегинде) эске алуу менен түзүлгөн. 2011-жылга карата бюджет республиканын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде жана мыйзам туруктуу болот жана киргизилчү өзгөртүүлөр бюджеттин кирешелерине карата нейтралдуу мүнөздө болот деген божомолдун негизинде түзүлгөн.
Буга байланыштуу, оюн автоматтар залынын (жайларынын) иштешине тыюу салуу бюджеттин кирешесин азайышына алып келиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасында 2011-жылдын 1-мартына карата оюн автоматтар орнотулган 130 зал жана жайлар "оюн-зоок клуб" деген ат менен иштеп жатышат, алар иштерин тийиштүү уруксат документтерсиз жүргүзүшөт.
Оюн автоматтардын (жайлардын) иштешине толук тыюу салуу проблеманы чече албашы мүмкүн, анткени мындай жайлардын жашырын иштөө ыктымалдыгы бар. Мындан тышкары, айрым оюн автоматтуу залдардын ээлери салык төлөбөш үчүн аларды көңүл ачуучу клуб деп өзгөртүп алып иштешин улантып жатышат.
Россия Федерациясынын жана Казакстандын мисалдарындагы практика көрсөткөндөй, бул мамлекеттерде оюн-зоок жайлар (казино, оюн автоматтар) жабылгандан кийин алар терең көмүскөгө кетишкен. Россиянын телеканалдарында Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин уруксатсыз оюн-зоок жайларды аныктоо боюнча иштери жөнүндө маалымат такай берилет. Ошондой болсо да, Россияда жашырын оюн-зоок жайлардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө, бул адамдардын оюн-зоок жайларга баруу проблемасын жойгон жок.
Ошондой эле, сунушталган мыйзам долбоорлорунда "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан "ойнолуучу автомат" деген түшүнүктү алып салуу каралган. "Ойнолуучу автомат" деген түшүнүктү алып салганда, андай түшүнүк жок болгондуктан Мыйзамдын сунушталып жаткан долбоорун ишке ашыруу мүмкүн эмес болот.
Оюн-зоок жайлардын жаман таасиринин олуттуулугун жана зарылдыгын эске алуу менен, мыйзамдык деңгээлде төмөнкүлөрдү киргизүү ылайыктуу болоор эле:
- оюн автоматтар залдарынын (жайларынын) ишин чектөө жана иштеп жаткан оюн автоматтардын техникалык регламентти аткарышына катуу контроль киргизүү;
- колдонуудагы мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында оюн автоматтар залдарына карата талаптарды катуулатуу, бул проблеманы чечүүнүн кыйла алгылыктуу чарасы болмокчу.
Мындан тышкары, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык:
- ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлоруна жөнгө салуучу таасирдин анализи жасалууга тийиш;
- иштеп чыгуучу жөнгө салуучу таасирге анализдин негизинде даярдалган негиздемесин бербесе нормативдик укуктук актынын долбоору четке кагылууга тийиш.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей тиешеси болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу жолу менен коомдук талкууга алынууга жатат. Ченем жаратуучу органдын расмий сайты болбогон учурда, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын чечими боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 25-беренесине ылайык, нормативдик укуктук актынын негиздеме маалыматында төмөнкүдөй маалыматтар болууга тийиш:
- нормативдик укуктук актыны кабыл алуунун натыйжасында жетишилчү максаттар жана чечилчү маселелер;
- кабыл алынчу нормативдик укуктук актынын мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, тендерлик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларынын божомолу;
- коомдук талкуулоо жүргүзүлүшү керек болгон учурларда анын натыйжалары жөнүндө маалымат.
|
|