Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-майы № 234
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Султанбекова демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 234 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Султанбекова демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А.Султанбекова демилге кылган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү билдирет.
Берилген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда спорттук натыйжаларды көрсөткөн, Кыргыз Республикасынын спортунун түрлөрү боюнча курама командаларынын мүчөлөрү алуучу бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү стипендияларды, курама командалардын мүчөлөрүнө, Олимпия оюндарынын, дүйнөлүк чемпионаттардын, Азия жана Азиялык оюндардын байге ээлерине бир жолку сыйлыктарды киреше салыгынан бошотуу сунушталат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык мамлекет дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү үчүн шарт түзөрүн белгилөө керек.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин колдонулуудагы редакциясынын 167-беренесинин 36-пунктунда бюджеттин каражаттарынын эсебинен Олимпия оюндарынын чемпиондоруна жана байге ээлерине төлөнүүчү стипендия түрүндөгү алынган киреше болсо киреше салыгы алынбоочу киреше болуп эсептелээри каралган.
Ошону менен бирге айрым субъекттерге берилүүчү ар кандай салыктык жеңилдиктер салык салуунун негизги принциптеринин бири болгон - бардык субъекттер үчүн бирдей шарттарды түзүүнү жана адилеттүүлүк жана бирдей бөлүү принциби боюнча айрым субъекттердин ортосунда салыктарды бөлүштүрүү механизмин түзүүнү сунуштаган адилеттүүлүк принцибин бузууга алып келээрин белгилөө керек.
Кыргыз Республикасынын спортунун түрлөрү боюнча курама командалардын мүчөлөрүнө стипендияларды жана бир жолу берилүүчү сыйлыктарды салык алынбоочу кирешелерге киргизүү киреше салыгы боюнча салык базасын кысууга жана тиешелүү түрдө анын бюджетке түшүүсүн азайтууга алып келет, буга өлкөнүн бюджетинин тартыштыгы шарттарында жол берилбейт.
Түзүлгөн кырдаалда салык төлөөдөн бошотууда адегенде бюджеттин кирешесинин тикелей жоготууларын компенсациялоонун тиешелүү альтернативалык булактарын аныктоо зарыл. Андай болбогондо бюджеттик каражаттардын өтө чектелген шарттарында бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышы, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды эске алганда терс экономикалык жана социалдык кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги аталган мелдештердин катышуучуларына түрткү берүү (сыйлоо) байгелүү орундарды ээлөө аркылуу алар жогорку спорттук натыйжаларга жетишкен учурда гана мүмкүн деп эсептешет.
Ошондой эле курама командалардын мүчөлөрү деп чемпион же байге ээси болбостон эле машыктыруучу, массажчы, кайтаруучу ж.б. катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн кеңири спектрин түшүнүүгө болоорун белгилөө керек, башкача айтканда берилген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда "курама командалардын мүчөлөрү" деген терминге туура келген адамдардын так аныктамасы жок.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, ошондой эле чемпиондор жана Олимпия оюндарынын байге ээлери, дүйнөлүк чемпионаттардын, Азия жана Азиялык оюндардын жеңүүчүлөрү менен катар мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн максатка ылайыктуулугун көңүлгө алып, берилген мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 167-беренесинин 36-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"36) бюджеттин каражаттарынын эсебинен Олимпия оюндарынын, дүйнөлүк чемпионаттардын, Азия жана Азиялык оюндардын чемпиондоруна жана байге ээлерине төлөнүүчү стипендиялар жана/же бир жолку сыйлыктар;".
Баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү берилген мыйзам долбоорун жогоруда айтылган пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен аны толуктап иштеп чыгуу шартында кабыл алууну колдойт.