Редакцияот 27.05.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 27-майы № 249

Үлүштүк инвестициялык фонддордун башкаруучу компаниялары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үлүштүк инвестициялык фонддордун башкаруучу компаниялары жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жобонун нормаларын ишке ашырууга багытталган чараларды көрсүн.

3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

А.Атамбаев