Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 249 токтому менен бекитилген |
Үлүштүк инвестициялык фонддордун башкаруучу компаниялары жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 392 , 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул жобо үлүштүк инвестициялык фонддорду башкаруучу компанияларга болгон талаптарды (мындан ары - башкаруучу компания), үлүштүк инвестициялык фонддорду (мындан ары - Фонд) башкаруу боюнча ишмердикти жүзөгө ашыруу шарттарын аныктайт.
2. Башкаруучу компанияларга коюлуучу талаптар
2. Башкаруучу компания - баалуу кагаздар боюнча кесипкөй ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү лицензиялары бар жана инвестициялык үлүштөрдүн эмиссия проспектин жана Фонддун эрежелерин каттаган юридикалык жак.
Банктар, инвестициялык фонддордун башкаруучу компаниянын милдетин жүзөгө ашырууга укуксуз.
3. Башкаруучу компания, тиешелүү фонддордун инвестициялык декларациялары ар түрдүү инвестициялык стратегияда болгон шартта, бир нече инвестициялык фонддорго, үлүштүк жана акционердик фонддорду, башкарууга укуктуу.
4. Башкаруучу компаниянын кызмат адамдарын квалификациялары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишти жүзөгө ашыруучу адамдарга коюлган квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш.
5. Башкаруучу компаниянын аткаруу органы юридикалык жак болушу мүмкүн эмес.
6. Башкаруучу компания, Фонддун активдеринин менчик ээси болуп эсептелбейт. Башкаруучу компаниянын мүлкү фонддун мүлкүнөн ажыратылууга тийиш. Фонддун активдерине камак салынбайт жана башкаруучу компаниянын милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу жүргүзүлбөйт.
7. Башкаруучу компаниянын өзүнүн минималдуу капиталы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келүүсү керек.
3. Фондду башкаруу боюнча ишмердикти жүзөгө ашыруунун шарттары
8. Башкаруучу компания өзүнүн иш милдетин Фонддун инвестициялык декларациясына, бул Фонддун эрежелерине, бул Жобого жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырат.
9. Башкаруучу компания, фондго жетекчиликти жүзөгө ашырууда өз атынан аракеттенет. Муну менен ал Фонддун аталышына шилтеме жасап, фонддун башкаруучу компаниясы катары чыгып жаткандыгын көрсөтүүгө милдеттүү.
Башкаруучу компания, акциялары фондду түзгөн акционердик коомдорду башкарууга, атайын ишеним катсыз катышууга укуктуу.
10. Башкаруучу компания, Фондду башкарууну, бул Фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн ээлеринин кызыкчылыктарында башкарууну жүзөгө ашырууга милдеттүү. "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык инвестициялык мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө башкаруучу компания менен келишим түзүлөт, ал инвестициялык үлүштөрдү сатып алууга билдирменин негизинде кайра токтотулат.
Инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштырууда башкаруучу компаниянын инвестициялык үлүштүн наркын белгилейт, ал инвестициялык үлүштөрдү алгачкы жайгаштыруунун бүткүл мөөнөтү ичинде өзгөрбөөгө тийиш.
Фонддун мүлкүн башкаруунун жүрүшүндө башкаруучу компания тарабынан алынган киреше, башкаруучу компаниянын менчиги болуп саналбайт, ал фондду түзгөн мүлктү көбөйтүүгө кирет.
11. Башкаруучу компания, Фондду түзгөн мүлктүн эсебинен, Фондду башкарууну жүзөгө ашырууда төмөнкүлөргө укуксуз:
- инвестициялык декларацияда көрсөтүлбөгөн активдерге инвестирлөөнү жүзөгө ашырууга;
- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарын, анын ичинде бекиткен үлүштүк инвестициялык фонддордун тиешелүү типтеринин активдеринин түзүмүнө карата талаптарды бузууга алып келген бүтүмдөрдү жасоого;
- Фондду түзүүчү мүлктү акысыз алып коюуга:
- мүлктү өткөрүп берүү боюнча милдеттенмелерди, аларды кабыл алган учурда Фондду түзбөгөн милдеттерди өзүнө алууга:
- Фондду түзгөн мүлктүн эсебинен кайтарылып берилүүгө тийиш зайымдык каражаттарды Фонддун инвестициялык үлүштөрү аларды ээлеринен сатып алуу үчүн бул каражаттарды пайдалануу максатында гана жана Фондду түзгөн акча каражаттары ал үчүн жетишсиз болгондо гана зайымдык каражаттар тартылат. Ошол эле учурда, Фондду түзгөн мүлктүн эсебинен жабылууга тийиш болгон карыздын жалпы көлөмү бардык зайым кирешелери жана кредиттик келишимдер боюнча келишим түзүлгөн датага карай Фонддун таза активдеринин наркынан 10%га ашпоого тийиш. Зайым келишимдеринин жана кредиттик келишимдердин ар бири боюнча эайым каражаттарын тартуу мөөнөтү узартуу укугусуз алты айдан ашпайт;
- зайымдарды жана кредиттерди акча каражаты же башка мүлк менен берүүгө;
- Фондду түзүүчү мүлктү, бул фондду башкарууга байланышкан, милдеттемелерин аткарууну, же үчүнчү жактардын милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн пайдаланууга;
- милдеттенмелерди үчүнчү жактардын өткөрүүсүнүн гаранты жана кепили катары чыгууга;
- фьючерстик жана форвардык бүтүмдөрдү жасоого;
- туунду баалуу кагаздарды сатып алууга;
- башкаруучу компания акционердик коом болгон учурдан башкада, инвестициялык үлүштөрдөн башка баалуу кагаздарды чыгарууга;
- өзүнүн оффилирленген жана байланышкан жактарынан инвестирлөө объекттерин сатып алууга же мындай объекттерди ээликтен ажыратууга;
- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордон тышкары, башка инвестициялык фонддор чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга;
- Фонддун оффилирленген жана байланышкан жактары чыгарган баалуу кагаздарга каражаттарды, башкаруучу компаниянын, анын оффилирленген жана байланышкан жактарынын, депозитарийдин, көз карандысыз аудиторлордун, көз карандысыз баалоочунун, ошондой эле алардын оффилирленген жана байланышкан жактарынын инвестирлөөгө;
- фондду түзүүчү мүлктү, Фонддун эрежелерине ылайык сый акы алган жана чыгымдын орду толтура алган, ошондой эле бул Фонддун инвестициялык үлүштөрүн сатып алуу үчүн башкаруучу компания пайдаланган зайымдык каражаттын суммасынын орду толтурулган учурдан башкада Фондду түзүүчү мүлктү менчигине сатып алууга;
- бул Фонддун оффилирленген жана байланышкан жактары менен бүтүмдөр жасоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Фонддун эрежелерине карама каршы келген шарттарда жана тартипте өзүнө милдеттемелерди алууга;
- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордон жана мамлекеттик баалуу кагаздарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кепилденген баалуу кагаздарга инвестициялоодон тышкары, Фонддун бардык таза активдеринин 20 (жыйырма) пайызынан ашыгын бир эмитенттин баалуу кагаздарына же жоопкерчилиги чектелген инвестициялык фонддордун үлүшүнө инвестициялоого;
- бир эмитенттин баалуу кагаздарынын 25 пайызынан жогору ээлик кылууга;
- инвестициялык активдер менен репо операцияларын жасоодон тышкары, ар кандай түрдөгү кепилдиктерди берүүгө же күрөө бүтүмдөрүн жасоого;
- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордон тышкары, Фонддун туунду ишканаларын түзүүгө;
- пайданын ачык-айкын деңгээлин кепилдөөгө жана убада кылууга, ошондой эле Фонддун инвестициялык үлүштөрүнүн наркын көбөйтүүгө;
- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордон тышкары, күрөө бүтүмдөрүн жасоого.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 392, 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Башкаруучу компания төмөнкүлөргө милдеттүү:
- бул Фонддун эрежелерине, бул жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык башкаруучу компаниялардын инвестициялык үлүштөрдү сатып алуусу жана сатып алууга билдирмелерин кабыл алууну жүзөгө ашырууга карабастан Фонддун инвестициялык үлүштөрүн сатып алууга жана жайгаштырууга;
- бул Фонддун эрежелерине ылайык Фонддун инвестициялык үлүштөрүн жайгаштыруу жана сатып алууга боюнча агенттик турган жерде инвестициялык үлүштөрдү сатып алууга билдирмелерди кабыл алууну камсыз кылууга, инвестициялык үлүштөрдү жайгаштыруу жана сатып алуу боюнча агенттик жоюлган, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органдын тийиштүү уруксатынын колдонулушу токтотула турган жана жокко чыгарылган учурда, ошондой эле анын фонддун инвестициялык үлүштөрүн жайгаштырууну жана сатып алууну жүзөгө ашырууга ишеним каты кайра алынган же келишими бузулган учурдан тартып бир айдын ичинде;
- инвестициялык үлүштөрдү баштапкы жайгаштыруу мөөнөтү аяктагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органга инвестициялык үлүштөрдү баштапкы жайгаштыруунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту бекитүүгө берүүгө жана аны жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого;
- эгерде инвестициялык үлүштөрдү баштапкы жайгаштыруу мөөнөтү аяктагандан кийин, Фонддун таза активдеринин наркы, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик орган белгиленген суммадан азды түзгөн учурда инвестициялык үлүштөрдү сатып алууга билдирмелерди кабыл алууну токтотууга, андан кийин Фонд жоюлууга тийиш. Баштапкы жайгаштыруунун натыйжасында алынган каражаттар инвестициялык үлүштүн ээлерине кайтарылып берилүүгө тийиш.
13. Башкаруучу компания Фондду түзгөн акча каражаттарын бул Фонддун депозитарийинде ачылган өзүнчө банк эсебинде сактоого милдеттүү, эгерде ал банк болуп саналса. Эгерде депозитарий банк болуп саналбаса башкаруучу компания Фондду түзгөн акча каражаттарын банкта ачылган өзүнчө банктык эсебинде сактоого тийиш. Фонддун активин түзгөн чет өлкөлүк валюта, банкта ачылган өзүнчө эсепте турушу мүмкүн.
Башкаруучу компания инвестициялык үлүштөрдү баштапкы жайгаштыруу мезгилинде алынган акча каражаттарын коммерциялык банктардагы депозиттерде гана акча каражаттарында жана мамлекеттик баалуу кагаздарда жайгаштырууга укуктуу.
Башкаруучу компания, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга ылайык Фонддун инвестициялык үлүштөрүн майдалап бөлүштүрүүгө укуктуу.
14. Башкаруучу компания Фонддун депозитарийине баалуу кагаздарды жана баалуу кагаздардын эсепке алуу үчүн зарыл болгон Фонддун мүлкүн түзгөн башка документтерди берүүгө милдеттүү.
15. Башкаруучу компания Фондду түзүүчү мүлккө карата бардык баштапкы документтердин көчүрмөлөрүн депозитарийдин сактоосуна алар алынгандан жана (же) түзүлгөндөн кийин үч жумушчу күнүнүн ичинде берүүгө тийиш.
16. Башкаруучу компания, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча мамлекеттик органга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары белгилеген көлөмдө жана мөөнөттө отчет берүүгө милдеттүү.