Редакцияот 27.05.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 27-майы № 252

Инвестициялык фонддордун активдери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

"Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Инвестициялык фонддордун активдери жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

А.Атамбаев