Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 252 токтому менен бекитилген) |
Инвестициялык фонддордун активдери жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 392, 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары - ФОЭС), бухгалтердик эсепти жана финансылык отчет берүүнү жөнгө салган Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Бул Жобо:
- инвестициялык фонддордун инвестициялык активдеринин курамына жана түзүмүнө коюлуучу талаптарды, инвестициялык фонддордун таза активдеринин наркын баалоонун, акционердик инвестициялык фонддун бир акциясынын таза активдеринин наркын жана пайлык инвестициялык фонддун бир инвестициялык пайынын наркын эсептөөнүн тартибин, ошондой эле баалуу кагаздардын ээлеринин талабы боюнча инвестициялык фонд эмитент болгон баалуу кагаздарды сатып алуу милдети менен интервалдык инвестициялык фонддун жана инвестициялык фонддун бир баалуу кагазын (акциясын/инвестициялык пайын) жайгаштыруунун жана сатып алуунун баасын аныктайт;
- инвестициялык фонддун менчигинде инвестициялык портфелдеги мүлктү сактоонун жана баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алуунун тартибин, инвестициялык фонддун депозитарий менен эриш-аркак иштөөсүнүн принциптерин белгилейт.
3. Инвестициялык фонддордун инвестициялык активдеринин курамы жана түзүмү ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык инвестициялык фонддордун инвестициялык декларациясы менен аныкталат.
4. Инвестициялык фонддордун негизги каражаттардын наркын эсепке алуу жана баалоо ФОЭСке ылайык жүргүзүлөт.
5. Бул Жободо белгиленген пайлык инвестициялык фонддордун инвестициялык активдеринин курамына жана түзүмүнө талаптар инвестициялык пайларды баштапкы жайгаштыруунун мөөнөтү аяктаганда коюлат. Фонддун инвестициялык пайларын баштапкы жайгаштыруунун мөөнөтүндө фонддун башкаруучусу фондду түзгөн акча каражаттарын валютага эркин алмаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарга, коммерциялык банктардын депозиттерине 6 айлык мөөнөткө инвестициялоо үчүн гана пайдаланууга укуктуу. Жогоруда аталган талаптар инвестициялык декларацияга ылайык каражаттары жайгаштырыла турган квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фондго колдонулбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Инвестициялык фонддордун инвестициялык активдери жөнүндө отчетту түзүү жана берүү Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт.
7. Бул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
- акционердик инвестициялык фонд (мындан ары - АИФ) - ачык акционердик коом, ал акцияларды жалпыга эмиссиялоонун жолу менен жеке жана юридикалык жактардын каражаттарын тартат, тартылган каражаттарды жана инвестициялык иштин процессинде алынган каражаттарды инвестициялык активдерге инвестициялайт, орточо наркы акыркы эки кварталда белгилүү бир мезгилдеги активдеринин орточо наркынан 30 же андан көп процентти түзгөн инвестициялык активдерге менчик укугунда ээлик кылат;
- акционердик инвестициялык фонддор төмөнкүлөргө бөлүнөт:
акционерлердин талаптары боюнча инвестициялык фонд эмитент болгон акцияларды сатып алуу милдеттенмеси жок акционердик инвестициялык фонд (мындан ары - жабык АИФ);
акционерлердин талаптары боюнча инвестициялык фонд эмитент болгон акцияларды сатып алуу милдеттенмеси бар акционердик инвестициялык фонд (мындан ары - ачык АИФ);
- интервалдык акционердик инвестициялык фонд, анын акциялары алдын ала макулдашылган мөөнөттө жылына кеминде бир жолу наркын төлөөнү эмитенттен талап кылуу укугун интервалдык акционердик инвестициялык фонддун ээлерине берет (мындан ары - интервалдык АИФ);
- инвестициялык фонддун активдери - өткөн мезгилдеги окуялардын натыйжасында инвестициялык фонд контролдогон ресурстар, бул ресурстардан келечекте инвестициялык фонд экономикалык пайда табууну көздөйт;
- инвестициялык фонддун депозитарийлери - тиешелүү лицензияга ээ болгон юридикалык жак, ал инвестициялык фонддун баалуу кагаздарын жана активдерин сактайт, инвестициялык декларацияга ылайык инвестициялык фонддун активдеринин жүгүртүлүшүн контролдойт жана акционердик инвестициялык фонд же инвестициялык пайлык фонддун башкаруучу компаниясы менен түзүлгөн келишимдин жоболоруна ылайык башка функцияларды аткарат;
- инвестициялык фонддун инвестициялык активдери - инвестициялык фонддун инвестицияларын жүргүзгөн активдер;
- инвестициялык декларация - акционердик инвестициялык фонддун уставында жана акцияларды эмиссиялоонун проспектинде камтылган инвестициялык фонддун инвестициялык максаттары жөнүндө маалымат жана анын инвестициялык саясатынын багыттарынын берилиши;
- пайлык инвестициялык фонд (мындан ары - ПИФ) - юридикалык жакты түзбөгөн, обочолонгон мүлк комплекси, бул комплекс инвестициялык пайларды ачык сатуу жолу менен башкаруучу компания ишенимдик башкарууга алган инвестордун мүлкүнөн, ошондой эле ишенимдик башкаруунун процессинде башкаруучу компания алган мүлктөн турат;
- пайлык инвестициялык фонддор төмөнкүдөй бөлүнөт:
интервалдык инвестициялык фонд, анын инвестициялык пайлары алдын ала макулдашылган мөөнөттө жылына кеминде бир жолу наркын төлөөнү башкаруучу компаниядан талап кылуу укугун интервалдык инвестициялык фонддун ээлерине берет (мындан ары - интервалдык ПИФ);
пайлардын ээлеринин талаптары боюнча инвестициялык фонд эмитент болгон инвестициялык пайларды сатып алуу милдеттенмеси бар инвестициялык фонд (мындан ары - ачык ПИФ);
пайлардын ээлеринин талаптары боюнча инвестициялык фонд эмитент болгон инвестициялык пайларды сатып алуу милдеттенмеси жок пайлык инвестициялык фонд (жабык пайлык инвестициялык фонддор);
- инвестициялык фонддун милдеттенмелери - өткөн мезгилдеги окуялардан пайда болгон инвестициялык фонддун учурдагы карызы, бул карызды тындыруу инвестициялык фонддун экономикалык пайдалуу активдеринин эсептен чыгып калуусун пайда кылат;
- квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонд - жабык типтеги инвестициялык фонд, анын акцияларына (пайларына) квалификациялуу инвесторлор гана ээлик кылат;
- квалификациялуу инвестор - баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында квалификациялуу инвесторго коюлган талаптарга ылайык келген, анын ичинде Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналбаган жеке же юридикалык жак. Квалификациялуу инвестор өзүнүн ушундай статусун инвестициялык фонддордун баалуу кагаздарына өзүнүн акча каражаттарын инвестициялоого багытталган ар кандай документтерге кол койгондо көрсөтүүгө милдеттүү.
- активдин баштапкы наркы - активдерди сатып алуу наркы, буга акцияны сатып алуунун чыгымдары да кошулат;
- активдин рыноктук наркы - активди сатуудан алынышы мүмкүн болгон же активдүү рынокто активди сатып алганда төлөнүүгө тийиш болгон акча каражаттары;
- активдин адилет наркы - бири бирине көз каранды болбогон, бүтүм түзүүнү каалаган, жакшы маалымдар болгон тараптардын ортосунда бүтүмдү түзүүдө активдерди сатып алуу же милдеттенмелерди аткаруу үчүн жетиштүү болгон акча каражатынын суммасы;
- таза активдердин наркы - милдеттенмелерди кошпогондо активдердин жалпы наркы;
- фондулук биржа - акционердик коомдун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу, ал баалуу кагаздар менен бүтүм кылууга тикелей өбөлгө болуучу кызматтарды көрсөтөт, ал эми бүтүмдөр жана тоорук сессиялары жөнүндө маалымат тоорук өткөрүүнүн жери жана убактысы, фондулук биржадагы тоорукка киргизилген баалуу кагаздардын тизмеси жана котировкасы, тоорук сессияларынын натыйжалары жөнүндө тооруктун катышуучуларына кабарлоо жолу менен ачыкка чыгарылат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 392, 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Инвестициялык фонддордун активдеринин курамы жана түзүмү
8. Инвестициялык фонддор төмөнкүдөй инвестициялык активдерге гана ээ болот:
а) коммерциялык банктардын депозитиндеги жана накталай акча каражаттары;
б) мамлекеттик баалуу кагаздар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кепилдик берген баалуу кагаздар;
в) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын баалуу кагаздары;
г) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эмиссиялык баалуу кагаздары;
д) төмөнкү белгилердин бирин канааттандырган чет элдик коммерциялык уюмдардын баалуу кагаздары (акциялар, облигациялар):
- мындай баалуу кагаздарды Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүгүртүүгө уруксат берилсе;
- мындай баалуу кагаздардын эмитенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү инвестициялык фонддун каражаттарын инвестициялоо үчүн мүмкүн деп белгилеген деңгээлдеги, баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уруксат берген рейтингдик агенттиктин кредиттик рейтингине ээ болсо;
- мындай баалуу кагаздар баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган инвестициялык фонддун каражаттарын инвестициялоо үчүн мүмкүн деп белгилеген деңгээлдеги, баалуу кагаздардын рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уруксат берген фондулук биржанын расмий котировкалык (листингдик) рейтингине ээ болсо;
ж) Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп эсептелген юридикалык жактардын эмиссиялык баалуу кагаздары;
з) өтүмдүүлүк, кирешелүүлүк принциптерине жооп берген кыймылсыз мүлк;
и) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеген, инвестициялык фонддор акцияларына ээлик кылган акционердик коомдорду кайра уюштурууда түзүлгөн жоопкерчилиги чектелген коомдордун уставдык капиталындагы үлүш.
Квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордун виртуалдык активдери болушу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүүсү: Берилген Жобонун 8-пунктундагы абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 8-пунктундагы абзацтарынын санына дал келбейт.
9. Инвестициялык фонддордун инвестициялык активдеринин түзүмү бир мезгилде төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:
а) инвестициялык фонддордун таза активдеринин наркынын кеминде 10 проценти өтүмдүүлүгү жогору болгон активдерге салым болууга тийиш, бул активдерге: Кыргыз Республикасынын же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мамлекеттик баалуу кагаздары, коммерциялык банктардын 6 айлык мөөнөткө чейинки депозиттери кирет;
б) инвестициялык фонддун бир коммерциялык банктын депозитине акчалай салымы инвестициялык фонддун таза активдеринин наркынын 20 процентинен ашпоого тийиш;
в) квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордон жана мамлекеттик баалуу кагаздарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кепилденген баалуу кагаздарга инвестициялоодон тышкары, бир эмитенттин баалуу кагаздарынын наркы инвестициялык фонддун таза активдеринин наркынын 20 (жыйырма) пайызынан ашпоого тийиш;
г) кыймылсыз мүлктүн бир бирдигинин наркы инвестициялык фонддун таза активдеринин наркынын 20 процентинен ашпоого тийиш;
д) (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
е) квалификациялуу инвестор үчүн инвестициялык фонддогу бир эмитенттин санариптик салымдары инвестициялык фонддун таза активдеринин наркынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Төмөнкүлөр инвестициялык фонддун активдери боло албайт:
а) башка инвестициялык фонддор чыгарган баалуу кагаздар;
б) инвестициялык фонддун аффилирленген жактары, депозитарий, көз карандысыз аудитор, көз карандысыз баалоочу, ошондой эле алардын аффилирленген жактары чыгарган баалуу кагаздар;
в) инвестициялык декларацияда көрсөтүлбөгөн активдер;
г) ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык келбеген активдер.
3. Инвестициялык фонддордун таза активдери
11. Таза активдердин наркы төмөнкүдөй аныкталууга тийиш:
а) АИФте - директорлор кеңеши же анын тапшыруусу боюнча аткаруучу орган тарабынан төмөнкүдөй аткарылат:
- ачык АИФте - ар бир жумуш күнүнүн аягында;
- интервалдык АИФте - акцияларды сатып алуу жана алуу үчүн арыздарды кабыл алуунун кезектеги мөөнөтү башталган күнгө чейинки жумуш күндүн аягында, ошондой эле таза активдердин наркы жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу же жарыялоо күнүнө карата;
- жабык АИФте - ар бир календардык айдын аягында, ошондой эле таза активдердин наркы жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу же жарыялоо күнүнө чейинки күнгө карата;
б) ПИФте - башкаруучу компания тарабынан төмөнкүдөй аткарылат:
- ачык ПИФте - ар бир жумуш күнүнүн аягында;
- интервалдык ПИФте - фонддун инвестициялык пайларын сатып алуу жана алуу үчүн арыздарды кабыл алуунун кезектеги мөөнөтү башталган күнгө чейинки жумуш күндүн аягында, ошондой эле таза активдердин наркы жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу же жарыялоо күнүнө карата.
12. Инвестициялык фонддун таза активдеринин наркын аныктоо үчүн директорлор кеңеши жана/же башкаруучу компания көз карандысыз баалоочуну тартууга укуктуу.
13. Инвестициялык фонддордун таза активдеринин наркы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында аныкталат. Ушул чектөөлөр каражаттары инвестициялык декларацияга ылайык жайгаштырылышы мүмкүн болгон квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фондго колдонулбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 514 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Инвестициялык фонд чыгарган бир баалуу кагазга (акцияга/инвестициялык пайга) туура келген инвестициялык фонддун таза активдеринин наркы инвестициялык фонддун таза активдеринин наркы аныкталган күнгө карата жүгүртүүдө болгон инвестициялык фонддун баалуу кагаздарына таза активдердин наркын бөлүү жолу менен, инвестициялык фонддун таза активдеринин наркын эсептөө күнүндө аныкталат.
15. Инвестициялык пайды сатып алуунун жана сатуунун баасы башкаруучу компания тарабынан пайлык инвестициялык фонддун таза активдеринин наркын жайгаштырылган инвестициялык пайлардын санына бөлүү жолу менен эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
16. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17. Инвестициялык фонддун таза активдеринин наркын баалоодо инвестициялык фонддун инвестициялык портфели анын адилет наркы боюнча бааланууга тийиш.
18. Инвестициялык фонддун инвестициялык портфелинин баалуу кагаздарынын адилет наркын аныктоодо төмөнкүдөй негизги методдор колдонулат: рыноктук наркы, АИФтин директорлор кеңешинин жана ПИФтин башкаруучу компаниясынын баалоосу, көз карандысыз баалоочунун баалоосу.
19. Баалуу кагаздардын рыноктук наркын биржалык рыноктук бүтүмдөр боюнча гана эсептелген, ошол фондулук биржанын тоорук системасы аркылуу жүгүртүүгө киргизилген баалуу кагаздардын рыноктук баасы жөнүндө маалыматты фондулук биржада ачыкка чыгаруунун негизинде АИФ же ПИФтин башкаруучу компаниясы аныктайт.
Эгерде инвестициялык фонддун таза активдеринин наркын баалоо күнүндө бир эле баалуу кагаздын рыноктук наркы жөнүндө маалыматты эки же андан көп фондулук биржалар ачыкка чыгарса, анда бул баалуу кагаздын рыноктук баасы эсептелген күнгө чейин 60 тоорук күн бою тоорук системасында ушул баалуу кагаз менен эң көп өлчөмдө (баалуу кагаздардын саны боюнча) бүтүм жүргүзүлгөн фондулук биржа ачыкка чыгарган баалуу кагаздын рыноктук баасы негиз катары алынат.
Баалуу кагаздардын чет элдик валютада ачылган рыноктук баасы инвестициялык фонддун таза активдеринин наркын аныктоо күнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы белгилеген эсептөө курсу боюнча улуттук валютада кайра бааланууга тийиш.
20. Эгерде эмиссия кылынган баалуу кагаздар боюнча баалуу кагаздын рыноктук баасы жөнүндө фондулук биржа ачыкка чыгарган маалымат жок болсо, анда АИФтин директорлор кеңеши же ПИФтин башкаруучу компаниясы ушул эмиссия кылынган баалуу кагаздардын рыноктук баасы алардын адилет наркына туура келбейт деп эсептеши негиздүү болуп саналат, бул баалуу кагаздардын адилет наркын АИФтин директорлор кеңеши же ПИФтин башкаруучу компаниясы аныктайт.
Баалуу кагаздардын адилет наркын аныктоо үчүн АИФтин директорлор кеңеши же ПИФтин башкаруучу компаниясы төмөнкүдөй методдорду колдонот:
- баалоо наркы эмитенттин финансылык отчетунун маалыматтары боюнча аныкталат, бул маалыматка акыркы 3 жылдагы кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет жана бухгалтердик баланс камтылууга тийиш, баалоо наркы инвестициялык фонддун баалуу кагаздарынын портфелин баалоо учуруна карата акыркы финансы жылы үчүн берилген финансылык отчетко ылайык эмитенттин таза активдеринин (капиталынын) бир акцияга туура келген наркынан ашпоого тийиш;
- өткөн мезгилдеги рыноктук баасын же жаңы маалыматты эске алып, тиешелүү оңдоолорду киргизүү менен адилет наркын колдонуу;
- баалоо учуруна чейин 1 жылдан ашык эмес мезгилде сатып алынган баалуу кагаздын баштапкы наркын колдонуу;
- АИФтин директорлор кеңеши же ПИФтин башкаруучу компаниясы тандаган экономикалык жактан негиздүү башка методдор.
Жобонун ушул пунктунда аталган методдордун бирин колдонуп АИФтин директорлор кеңеши же ПИФтин башкаруучу компаниясы баалуу кагаздын адилет наркын аныктаганда АИФтин директорлор кеңеши же ПИФтин башкаруучу компаниясы баалуу кагаздын аныкталган баасына негиздеме берүүгө жана аны өзүнүн протоколу менен бекитүүгө милдеттүү.
21. Эгерде эмиссия кылынган баалуу кагаздар боюнча баалуу кагаздардын рыноктук баасы жөнүндө фондулук биржа ачыкка чыгарган маалымат жок болсо, анда АИФтин директорлор кеңеши же ПИФтин башкаруучу компаниясы бул баалуу кагаздардын адилет наркын аныктоо үчүн көз карандысыз баалоочуларды тарта алат.
22. Инвестициялык фонддун инвестициялык портфелин түзгөн, рыноктук баасы жок карыз баалуу кагаздардын адилет наркы инвестициялык фонддун таза активдеринин наркын аныктаган күнгө карата ушул баалуу кагаздар боюнча топтолгон проценттик кирешени эске алуу менен алардын баштапкы наркы катары аныкталат.
23. Эгерде баалуу кагаздарына инвестициялык фонд ээлик кылган ишкана банкрот деп табылса, анда бул эмитенттин баалуу кагаздарынын адилет наркы жоюу балансында аталган ишкана-банкроттун активдерин анын жүгүртүүдөгү баалуу кагаздарынын санына бөлүү жолу менен аныкталат, мында кредиторлор менен эсептешүү үчүн арналган сумма алып салынат.
24. Коммерциялык банктын депозитине инвестициянын адилет наркы инвестициялык фонддун таза активдеринин наркын аныктаган күнгө карата банк депозитинин келишими боюнча топтолгон проценттик кирешени эске алуу менен инвестициянын баштапкы суммасы катары аныкталат.
25. Инвестициялык фонддун инвестициялык портфелинде турган жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталындагы кыймылсыз мүлктүн жана инвестициялык фонддун үлүшүнүн адилет наркын аныктоо үчүн АИФ жана ПИФтин башкаруучу компаниясы көз карандысыз баалоочуну тартууга милдеттүү.
Көз карандысыз баалоочу инвестициялык фонддун инвестициялык портфелинде турган жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталындагы кыймылсыз мүлктүн жана инвестициялык фонддун үлүшүн баалоону төмөнкүдөй жүргүзөт:
- аталган инвестициялык активдерди сатып алганда - баштапкы баалоо;
- отчеттук жыл аяктаганда - жылдык баалоо (аталган инвестициялык активдер сатып алынган жылдан баштап);
- отчеттук жылдын ичинде - аталган инвестициялык активдердин рыноктук наркы өзгөргөндө.
4. Инвестициялык фонддун мүлкүн сактоо жана баалуу кагаздарга болгон укугун эсепке алуу
26. Инвестициялык фонддун инвестициялык портфелиндеги мүлктү сактоо жана эсепке алуу, баалуу кагаздарга болгон укугун эсепке алуу депозитардык тейлөө тууралуу АИФ жана ПИФтин башкаруучу компаниясы менен депозитарийдин ортосунда түзүлгөн келишимдин (мындан ары - депозитардык келишим) негизинде депозитарий тарабынан жүргүзүлөт.
АИФ жана ПИФтин башкаруучу компаниясы депозитарий менен түзгөн депозитарийдик келишим тараптардын функцияларын, милдеттерин жана укуктарын, келишимди токтотуунун шарттарын, инвестициялык фонддун акчалай каражаттарын сактоонун жана тескөөнүн тартибин камтууга тийиш.
Депозитардык келишимде тараптарды - инвестициялык фонддун депозитарийин, АИФти жана ПИФтин башкаруучу компаниясын Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында каралган милдеттерден жана жоопкерчиликтен бошоткон шарттар камтылбашы керек.
27. Инвестициялык фонддун мүлкүн, анын ичинде инвестициялык фонддун акчалай каражаттарын тескөөнү АИФ жана ПИФтин башкаруучу компаниясы депозитарийдин контролдоосу астында жүргүзөт.
28. Инвестициялык фонддун акчалай каражаттарын сактоону жана тескөөнү АИФ жана ПИФтин башкаруучу компаниясы коммерциялык банкта же депозитарийдин эсептешүү банкындагы атайын эсебинде жүргүзөт.
29. Инвестициялык фонддун акчалай каражаттарын коммерциялык банкта сактаганда же тескегенде АИФ жана ПИФтин башкаруучу компаниясы алыш-бериш эсебин - инвестициялык фонддун негизги алыш-бериш эсебин ачат.
Негизги алыш-бериш эсебинде "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынуучу инвестициялык фонддун акчалай каражаттарын түшүрүү жана сарптоо боюнча бардык операциялар жүргүзүлөт. Ушул алыш-бериш эсебинен акчалай каражаттарды сарптоо боюнча операциялар депозитарий менен макулдашуу боюнча гана жүргүзүлөт.
Депозитарий менен макулдашуу депозитарийдин ыйгарым укуктуу адамынын банктык документтерге кол коюусу жана аны депозитарийдин мөөрү менен тастыктоосу аркылуу жүргүзүлөт, бул учурда акчалай каражаттарын сарптоо боюнча операцияларды жүргүзүү жөнүндө бардык төлөм документтеринде милдеттүү түрдө коюлуучу кол катары депозитарийдин ыйгарым укуктуу адамынын койгон колу жана депозитарийдин мөөрүнүн оттиски ушул алыш-бериш эсебинин коюлуучу колдорунун жана мөөрлөрүнүн оттисктеринин үлгүлөрүнүн карточкасына киргизилүүгө тийиш.
30. Инвестициялык фонддун акчалай каражаттарын депозитарийдин атайын эсебинде сактоодо жана тескөөдө депозитарийдин алыш-бериш банкындагы депозитарийдин эсепке алуусунун ички системасында инвестициялык фонддун акчалай каражаттарын эсепке алуу үчүн өзүнчө депо эсеби ачылат.
Бул депо эсебинде "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жөнгө салынуучу инвестициялык фонддун акча каражаттарынын түшүүсү жана сарпталышы боюнча бардык операциялар жүргүзүлөт. Бул алыш-бериш эсебинен акча каражаттарын сарптоо боюнча операциялар депозитарий тарабынан АИФтин жана ПИФтин башкаруучу компаниясынын тапшырмасы боюнча гана жүргүзүлөт.
31. Инвестициялык фонддун иши менен байланышкан учурдагы чыгымдарды жүргүзүү үчүн АИФ жана ПИФтин башкаруучу компаниясы коммерциялык банкта алыш-бериш эсебин - инвестициялык фонддун транзиттик алыш-бериш эсебин кошумча ачууга укуктуу. Инвестициялык фонддун транзиттик алыш-бериш эсебине акча каражаттары инвестициялык фонддун негизги алыш-бериш эсебинен же инвестициялык фонддун депозитарийдеги депо эсебинен белгилүү бир максаттарда гана которулууга тийиш.
32. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы № 392 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
33. Мүлктү сактоо жана эсепке алуу максатында АИФ жана ПИФтин башкаруучу компаниясы аталган мүлккө тиешелүү бардык баштапкы документтердин көчүрмөлөрүн, ошондой эле инвестициялык фонддун инвестициялык портфелиндеги кыймылсыз мүлккө (мындан ары - инвестициялык фонддун кыймылсыз мүлкү) болгон укукту ырастаган документтердин түп нускаларын депозитарийге берүүгө, ал эми депозитарий аларды кабыл алууга жана сактоого милдеттүү.
34. Бул Жобонун максаттарында баштапкы документтерге тактап айтканда төмөнкүлөр кирет:
- сатып алуу-сатуунун, банк эсептеринин, банк салымдарынын келишимдери жана инвестициялык фонддун мүлкүн тескөөгө негиз болгон башка келишимдер;
- кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары;
- инвестициялык фонддун акча каражаттары сакталган банк эсептеринин көчүрмөлөрү;
- инвестициялык фонддун баалуу кагаздары менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын отчеттору;
- инвестициялык фонддун баалуу кагаздары менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө баалуу кагаздар рыногунун ыйгарым укуктуу дилеринин маалымкаты;
- эгерде мүлктүн наркын баалоону көз карандысыз баалоочу жүргүзсө, инвестициялык фонддун мүлкүнүн наркын баалоо актылары;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык инвестициялык фонддун мүлкүн тескөөдө түзүлүүчү башка документтер.
35. Инвестициялык фонддун депозитарийине төмөнкүдөй талаптар коюлат:
- инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясы, ошондой эле инвестициялык фонддун аудитору, мүлктү көз карандысыз баалоочу жана алардын аффилирленген жактары инвестициялык фонддун депозитарийи боло албайт;
- инвестициялык фонддун баалуу кагазынын (акциясынын/инвестициялык пайынын) ээси инвестициялык фонддун депозитарийи боло албайт;
- депозитарийдик келишим түзүлгөн депозитарийдин уставдык капиталына АИФтин же ПИФтин башкаруучу компаниясынын катышуусуна жол берилбейт;
- башкаруучу компания башкарган инвестициялык фонддун башкаруу органдарынын ишинде баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүүнү тикелей камсыз кылган жана катышкан инвестициялык фонддордун кызмат адамдарынын, инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана адистеринин катышуусуна жол берилбейт.
36. Инвестициялык фонддун депозитарийи Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына, АИФ же ПИФтин башкаруучу компаниясы менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык иштейт.
37. Инвестициялык фонддун депозитарийи төмөнкүлөргө милдеттүү:
- документтелген баалуу кагаздарды обочо сактоону, документтелбеген баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алууну, инвестициялык фонддун акча каражаттарын сактоону жана эсепке алууну, инвестициялык фонддун кыймылсыз мүлкүнө болгон укуктарды ырастаган документтердин, инвестициялык фонддун депозитарийине, башка инвестициялык фондцорго жана депозитарийдин башка депоненттерине тиешелүү болгон мүлктөрдүн документтеринин түп нускаларын сактоону камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык инвестициялык фонддун инвестициялык портфелинин баалуу кагаздары боюнча ысым ыйгарылган баалуу кагаздардын ээлеринин реестрине номиналдык ээлик кылуучу катары катталууга;
- инвестициялык фонддун баалуу кагаздарын жана башка мүлкүн тескөө боюнча бардык операцияларды эсепке алуу журналында хронологиялык тартипте жазууга;
- инвестициялык фонддун инвестициялык портфелиндеги акча каражаттарын, баалуу кагаздарды жана башка мүлктү тескөө боюнча АИФтин же ПИФтин башкаруучу компаниясынын тапшырмасын ушул тапшырма депозитарийге берилген операциялык күндүн ичинде, ошондой эле бул тапшырма уставга жана АИФтин акцияларын эмиссиялоо проспектине, ПИФтин эрежелерине, инвестициялык фонддун инвестициялык декларациясына туура келген шартта аткарууга, же ушул эле мөөнөттө бул тапшырманы аткаруудан жүйөлүү баш тартууга;
- АИФтин же ПИФтин башкаруучу компаниясынын тапшырмасын аткаруудан баш тартууда бул тапшырма уставга жана АИФтин акцияларын эмиссиялоо проспектине, ПИФтин эрежелерине, инвестициялык фонддун инвестициялык декларациясына, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына туура келбегендиги тууралуу АИФке же ПИФтин башкаруучу компаниясына тез арада билдирүүгө;
- АИФтин же ПИФтин башкаруучу компаниясынын уставга жана АИФтин акцияларын эмиссиялоо проспектине, ПИФтин эрежелерине, инвестициялык фонддун инвестициялык декларациясына, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына туура келбеген иш-аракеттери жөнүндө баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө;
- инвестициялык фонддун баалуу кагаздары менен жүргүзүлгөн операциялардын жана баалуу кагаздар жөнүндө жазуулардын купуялуулугун сактоого, аталган маалыматты инвестициялык фонддун кызыкчылыктарына каршы пайдалануу мүмкүндүгүн болтурбоого;
- баалуу кагаздар боюнча укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди баалуу кагаздардын эмитенттеринен АИФке же ПИФтин башкаруучу компаниясына, ошондой эле АИФтен же ПИФтин башкаруучу компаниясынан баалуу кагаздардын эмитенттерине берүүнү камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык башка функцияларды аткарууга.
38. Инвестициялык фонддун депозитарийи инвестициялык фонддун инвестициялык портфелиндеги баалуу кагаздарды өзүнүн номиналдуу ээлик кылуусунан башка жактардын номиналдык ээлик кылуусуна АИФтин же ПИФтин башкаруучу компаниясынын тапшырмасы менен бул баалуу кагаздарды сатуу боюнча бүтүмдөрдү жүргүзүү максатында гана өткөрүп бере алат.
Баалуу кагаздарды инвестициялык фонддун депозитарийинин номиналдык ээлик кылуусунан башка жактардын номиналдык ээлик кылуусуна өткөрүп берүү 5 күндөн ашпаган мөөнөткө гана жүргүзүлүшү мүмкүн. 5 күндүн жыйынтыгы боюнча инвестициялык фонддун депозитарийи бул баалуу кагаздарды сатуу боюнча бүтүмдүн жүргүзүлүшү жана ушул бүтүмдү жүргүзүүнүн натыйжасында которулган акча каражаттары жөнүндө отчет берүүгө тийиш, же бул баалуу кагаздар инвестициялык фонддун депозитарийинин номиналдык ээлик кылуусуна кайтарылууга тийиш.
39. Инвестициялык фонддун депозитарийи өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда инвестициялык фонддун же инвестициялык фонддун башкаруучусунун алдында жоопкерчилик тартат.
5. Бул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
40. Бул Жободо жана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында белгиленген инвестициялык фонддун инвестициялык активдеринин курамынын жана түзүмүнүн талаптары, инвестициялык фонддун мүлкүн сактоонун жана эсепке алуунун, баалуу кагаздарга болгон укуктарды эсепке алуунун тартиби бузулган учурда инвестициялык фонддун кызмат адамы бул бузуулар пайда болгон күндөн баштап 30 күндүн ичинде ушул бузууларды жоюуга тийиш.
41. Бул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн инвестициялык фонддун кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.