Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-майы № 253
Баалуу кагаздар рыногунда маалыматты ачуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Баалуу кагаздар рыногунда маалыматтарды ачуу жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Баалуу кагаздар рыногунда маалыматтарды ачуу жөнүндө жобонун нормаларын ишке ашырууга багытталган чараларды көрсүн.
3. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |