КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-майы № 254
Акционердик инвестициялык фонддорду башкаруучу компаниялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Акционердик инвестициялык фонддорду башкаруучу компаниялар жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |