Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 254 токтому менен бекитилген |
Акционердик инвестициялык фонддорду башкаруучу компаниялар жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо акционердик инвестициялык фонддордун башкаруучу компанияга (мындан ары - башкаруучу компания) карата коюлуучу талаптарды, акционердик инвестициялык фонддорду (мындан ары - инвестициялык фонд) башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу шарттарын аныктайт.
2. Башкаруучу компанияга коюлуучу талаптар
2. Башкаруучу компания инвестициялык фондду башкарууну фонддун акционерлеринин кызыкчылыгында башкарууга милдеттүү.
3. Башкаруучу компания инвестициялык фонддун активдеринин менчик ээси болуп саналбайт.
4. Башкаруучу компаниянын иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга банктардын укуктары жок.
5. Башкаруучу компаниянын өзүнүн капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
6. Башкаруучу компаниянын кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Башкаруучу компаниянын иш-милдеттери
7. Башкаруучу компания өзүнүн иш-милдеттерин инвестициялык фонддун инвестициялык декларациясына, уставына жана башкаруучу компания менен инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык аткарат.
8. Башкаруучу компания төмөнкүдөй иш-милдеттерди аткарат:
- фонддун баалуу кагаздарын жайгаштыруунун жана инвестициялык чечимдерди жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө инвестициялык фонддун депозитарийи жана баалуу кагаздар рыногунун башка адистешкен катышуучулары менен шайкеш келген иш-аракеттерди жүргүзөт;
- инвестициялык фонддун акча каражаттарын инвестициялык активдерге инвестиция кылуу жөнүндөгү чечимдерди кабыл алат жана ошол активдер менен болгон ар кандай жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка иш-милдеттерди аткарат.
4. Башкаруучу компаниянын укуктары жана милдеттери
9. Башкаруучу компания төмөнкүлөргө укуктуу:
- инвестициялык фонддун акча каражаттарын инвестициялык активдерге инвестиция кылуу жөнүндөгү чечимди кабыл алууга:
- тийиштүү фонддордун инвестициялык декларациялары алардын инвестициялык максаттарынын ар башка мазмунуна ээ болгон шартта бир нече инвестициялык фонддорду башкарууга:
- инвестицияларды жана баалуу кагаздар портфелин, ошондой эле инвестициялык фонддун башка мүлктөрүн, анын баардык акционерлеринин кызыкчылыктарында кыйла көп пайда тапкандай кылып, натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга:
- инвестициялык фонддун инвестициялары жөнүндөгү маалыматтардын жашырындуулугун камсыз кылууга, ошондой эле инвестициялык фонддун инвестициялары жөнүндөгү маалыматтардын жашырындуулугун сактоо үчүн тиешелүү иш-чараларды кабыл алууга;
- инвестициялык фонддун инвестициялык саясаты боюнча маселелерди инвестициялык фонддун директорлор кеңеши менен дайыма кеңешип турууга.
10. Башкаруучу компаниянын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- баалуу кагаздар менен ар кандай келишимдерди түзүү жана аларды жүзөгө ашыруу жөнүндөгү чечимдин кабыл алынышын өзүнө камтыган инвестициялык фонддун инвестициялык декларациясынын негизинде инвестициялык фонддун инвестициялык саясатын жүргүзүү;
- инвестициялык фонддун директорлор кеңешине, депозитарийге жана баалуу кагаздар рыногун тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өзүнүн ишинин жыйынтыктары жөнүндө туруктуу отчет берип турууга;
- үчүнчү жактар менен карым-катнаштарда инвестициялык фонддун кызыкчылыгын көздөөгө жана инвестициялык фонддун кызыкчылыктарын коргоо үчүн мүмкүн болгон баардык аракеттерди жасоого;
- инвестициялык фондду башкаруу жөнүндө тийиштүү келишимдер үлүштүк инвестициялык фонддун эрежелеринде жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка милдеттер.
5. Башкаруучу компаниянын сый акысы жана чыгымдары
11. Инвестициялык фондду башкаруу келишиминде бекитилген инвестициялык фонддун жылдык чыгымдарынын чектелген суммаларынын жана жарнамага, аудиторго, көз каранды эмес баалоочуга, директорлор кеңешине берилүүчү сыйлыктарга, депозитарийге жана инвестициялык фонддун иши менен байланышкан баалуу кагаздар боюнча адистешкен ишти жүргүзгөн башка уюмдарга иш жүзүндө жумшалган чыгымдардын ортосундагы айырмачылык катары инвестициялык фондду башкаруу менен байланышкан башкаруучу компанияга берилүүчү сыйлыктар аныкталат.
12. Календарлык жылда төлөнүп берилүүчү санга бөлүнгөн инвестициялык фонддун таза активдеринин орточо наркынын 5 пайызынан ашпаган өлчөмдөгү сыйлыктар башкаруучу компанияга кадендарлык жылдын ичинде төлөнүп берилиши мүмкүн.
Фонддун чыгымдалуучу жылдык чыгымдарынын жана аларды иш жүзүндө чыгымдоонун суммаларынын чектеринен башкаруучу компанияга берилүүчү жылдык сыйлыктардын чеги ашпашы керек.
Эгерде каржылык жылдын жыйынтыгы боюнча жыл ичинде башкаруучу компанияга төлөнүп берилген сыйлык акы фондду жылдык иш жүзүндөгү чыгымдарынын чектелген суммаларындагы айырмадан аз болсо (башкаруучу компанияга берилген сыйлыктарга жумшалган чыгымдардан башкасы), анда төлөнүп берилген сыйлыктар менен фонддун жылдык иш жүзүндөгү чектелген чыгымдарынын суммаларын эсептеп чыгаргандан кийинки сумманын ортосундагы айырма Башкаруучу компанияга төлөнүп берилиши мүмкүн.
Эгерде каржылык жылдын жыйынтыгы боюнча жыл ичинде башкаруучу компанияга төлөнүп берилген сыйлык акы фонддун жылдык иш жүзүндөгү чыгымдарынын чектелген суммаларындагы айырмадан көп болсо (башкаруучу компанияга берилген сыйлыктарга жумшалган чыгымдардан башкасы), анда төлөнүп берилген сыйлыктар менен фонддун жылдык иш жүзүндөгү чектелген чыгымдарынын суммаларын эсептеп чыгаргандан кийинки сумманын ортосундагы айырма башкаруучу компания тарабынан кайра калыбына келтирилиши керек.
13. Инвестициялык фондду башкаруу жөнүндөгү келишимде инвестициялык фонддун жылдык чыгымдарынын суммаларынын чектерин чектөө 8 пайыздан аз каралышы мүмкүн.
14. Ай сайын аныкталган жана түшүндүрмө катта көрсөтүлгөн таза активдердин нарктары жана инвестициялык фонддун чыгымдары Өкмөт тарабынан бекитилген Инвестициялык фонддордун активдери жөнүндө жобого ылайык кварталдык отчет менен бирге, фонд тарабынан баалуу кагаздар рыногун тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилип турушу керек.
14-1. Ушул бөлүмдө белгиленген ченемдер квалификациялуу инвесторлор үчүн инвестициялык фонддордун ишине жайылтылбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Башкаруучу компаниянын ишмердигин чектөө
15. Директорлор кеңешинин макулдугусуз төмөнкүлөрдү жасоого башкаруучу компаниянын укугу жок:
- инвестициялык фонддун уюмга жасаган инвестицияларынын негизинде, жарандык-укуктук келишимдердин жыйынтыгында менчик ээсинин же насыя берүүчүнүн укуктарына ээ кыла турган же сатып ала турган чечимдерди кабыл алууга жана аракеттерди жасоого:
- инвестициялык фонд ээлик кылган акциялардын 5 же андан ашуун пайызына ээлик кылган уюм менен жасалуучу бүтүмгө карата үчүнчү жакка кеңеш берүүгө.
16. Башкаруучу компания жана анын кызмат адамдары катышкан баалуу кагаздар менен жасалган баардык бүтүмдөр жөнүндөгү маалыматтар, келишим түзүлгөндөн кийинки бир айлык мөөнөттө отчет түрүндө инвестициялык фонддун директорлор кеңешине берилиши керек. Инвестициялык фонддун активдеринде баалуу кагаздары бар эмитенттердин гана баалуу кагаздары менен жасалуучу келишимдерге эле ушул талаптар тиешелүү.
17. Өзүнүн аракеттери менен жана инвестициялык фонддун аракеттери аркылуу төмөнкүлөрдү жасоого башкаруучу компаниянын укугу жок:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, инвестициялык фонддун Уставынын жоболорунда, инвестициялык декларацияда жана "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында тыюу салынган, инвестициялык фонддун ишин чектеген аракеттерди жасоого;
- инвестициялык фонддон алынган материалдык мүнөздөгү жашыруун маалыматтарды пайдаланууга жана ачып берүүгө, инвестициялык фондго берилген баалуу кагаздарды өзүнүн же инвестициялык фонддун башка адамынын кызыкчылыгында сатып алуу жана сатуу мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга;
- өзүнүн башкаруусундагы акча каражаттарынын эсебинен өзүнүн менчигиндеги, өзүнүн уюштуруучусунун менчигиндеги баалуу кагаздарды сатып алууга;
- өзүнүн башкаруусундагы баалуу кагаздарды өзүнүн менчигине, өзүнүн уюштуруучуларынын менчигине чыгарып алууга;
- бир эле учурда башкаруучу компания бүтүм жасаган башка тараптын брокери (далдалчы, ишенимдүү жак) катары чыккан бүтүмдөрдү жасоого:
- жоюлуп кетүү жол-жоболорунан өтүп жаткан, кудуретсиздик жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоюлуучу уюмдун өзүнүн башкаруусундагы акча каражаттарын, баалуу кагаздарын сатып алууга, эгерде кудуретсиздик жана жоюлуу жөнүндөгү маалыматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте жана жол-жобо менен ачылып берилсе.
18. Инвестициялык фонддун директорлор кеңешинин мүчөлөрү башкаруучу компаниянын кызмат адамы боло албайт.
7. Башкаруучу компаниянын кошумча шарттары жана жоопкерчиликтери
19. Башкаруучу компаниянын ишмердиги анын алган лицензиясына, уставга жана инвестициялык фонддун инвестициялык декларациясына ылайык келер-келбестигине карата болгон текшерүүнү баалуу кагаздар рыногун тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
20. Башкаруучу компания баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте отчет берүүгө милдеттүү.
21. Өзүнүн мыйзамсыз аракеттери үчүн, муну менен кошо инвестициялык фондго келтирген зыяндары үчүн башкаруучу компаниянын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктүк, тартиптик, администрациялык жана кылмыштык жоопкерчиликтерге тартылат.
22. Баалуу кагаздар рыногун тескөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругунда көрсөтүлгөн мөөнөттө башкаруучу компаниянын иши айкындалган кемчиликтер жоюлбаса, башкаруучу компаниянын лицензиясы токтотула турат же ал алынып коюлат.