Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-майы № 257
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин ишин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы № 626, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166, 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин ишин жөнгө салуучу чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 169 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жободо:
- 31-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Сатуу баасынын 7 процент өлчөмүндөгү комиссиялык жыйым, мөөнөтү кечиктирилген комиссиялык жыйымга айып санкциялары жана кайра берилбеген гарантиялык взностор Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин менчиги болуп эсептелет жана анын атайын эсебине кириштелет.".
5. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы №626 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту).
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев
|