Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 27-майы № 267
Ишенимсиз (ак ниетсиз) жабдуучулар (подрядчылар) тууралуу маалыматтык база түзүү жана аны колдонуу процедуралары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Мамлекеттик сатып алуучулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 6 жана 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген - Ишенимсиз (ак ниетсиз) жабдуучулар (подрядчылар) тууралуу маалыматтык база түзүү жана аны колдонуу процедуралары жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А. Атамбаев |