Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы №267 токтому менен бекитилген |
Ишенимсиз (ак ниетсиз) жабдуучулар (подрядчылар) тууралуу маалыматтык база түзүү жана аны колдонуу процедуралары жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо ишенимсиз (ак ниетсиз) жабдуучуларды (подрядчыларды) маалыматтык базага (мындан ары - маалыматтык база), киргизүүнүн шарттарын, аны түзүүнүн жана колдонуунун тартибин жана жол-жоболорун аныктайт.
2. Маалыматтык база түзүүнүн жана колдонуунун максаты ишенимсиз (ак ниетсиз) жабдуучулардын (подрядчылардын) мамлекеттик сатып алуулар процедураларына катышуусун болтурбоону көздөйт, алар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык тоорукка катышуудан четтетилүүгө тийиш.
II. Ишенимсиз жабдуучуларды (подрядчыларды) маалыматтык базага киргизүү шарттары
3. Ишенимсиз (ак ниетсиз) жабдуучуларды маалыматтык базага киргизүү жөнүндө чечим сатып алуучу уюмдардын маалыматтары боюнча, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 6 жана 8-статьяларына ылайык төмөнкүдөй учурларда кабыл алынат:
- ишенимсиз жабдуучу сатып алуулар жол-жобосу башталаардан мурунку эки жыл аралыгында жок дегенде бир мамлекеттик сатып алуу келишимин тийиштүү түрдө аткарбаса;
- юридикалык жактар (жабдуучулар, подрядчылар), ошондой эле алардын жетекчилери же жабдуучулар, подрядчылар (жеке адамдар) өздөрү сатып алуулар жол-жобосу башталаарга чейинки үч жыл аралыгында сатып алуулар жөнүндө келишимди түзүүнүн максатында өздөрүнүн квалификациялык сапаттарына байланыштуу жалган маалымат берүүгө же фактыларды бурмалап көрсөтүү менен жаңылтууга байланыштуу болсо;
- өзүнүн квалификациялык сапаттары жөнүндө жабдуучулар тарабынан жалган маалыматтар берилген болсо.
4. Сатып алуучу уюм ушул Жобонун 3-пунктунда каралган негиздер болсо мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тийиштүү маалыматтарды берет.
III. Маалымат базасын түзүүнүн тартиби
5. Жабдуучуларды (подрячыларды) маалымат базасына киргизүү мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу органдын (мындан ары - мамлекеттик орган) жетекчисинин буйругу менен ишке ашырылат:
- 1 жыл мөөнөткө, ушул Жобонун 3-пунктунун экинчи абзацына ылайык;
- 3 жыл мөөнөткө, ушул Жобонун 3-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарына ылайык.
Буйрукта бул чечимдин кабыл алуунун негизи көрсөтүлөт.
6. 3-пунктка ылайык маалымат базасына киргизилүүгө тийиш болгон талапкерлерге карата маалыматты сатып алуучу уюм документтик далилдерди милдеттүү берүү менен мамлекеттик органга ал аныкталгандан кийин үч күндүк мөөнөттө берет.
7. Талапкерди маалымат базасына киргизүүгө негиз бар экени жөнүндө документтүү ырастоолор каралып чыккандан кийин Мамлекеттик органдын жетекчиси жабдуучуну (подрядчыны) маалымат базасына киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат жана кабыл алынган чечимдин негиздемесин көрсөтүү менен жабдуучуга жазуу жүзүндө кабарлайт жана бул маалымат Мамлекеттик сатып алуулар бюллетенинде жана Мамлекеттик органдын Интернет-порталында жарыяланат.
8. Жабдуучуларды (подрядчыларды) маалымат базасынан чыгаруу ушул Жобонун 5-пунктунда анкталган мөөнөт бүткөндөн кийин Мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен ишке ашырылат.
Жабдуучулардын (подрядчылардын) талабы боюнча Мамлекеттик орган талапкердин мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосуна жалпы негизде катышууга укуктуулугун ырастоочу маалымкат берет.
9. Маалымат базасына киргизүү же маалымат базасынан чыгарууга тийиштүү бардык учурларда чечим мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу мыйзамдын талабына ылайыктыгына Мамлекеттик органдын тийиштүү бөлүмдөрү экспертиза жүргүзүшкөндөн кийин кабыл алынат.
IV. Маалымат базасын колдонуунун жол-жоболору
10. Маалымат базасы мамлекеттик сатып алуулар бюллетенинде жана Мамлекеттик органдын Интернет-порталында үзгүлтүксүз жарыялоо жолу менен мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосуна катышуучуларга маалымдалып турат.
11. Маалымат базасына киргизилген жабдуучулар (подрядчылар) мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболоруна катыштырылбайт.
12. Талапкерди мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосуна катышуудан четтетүү тууралуу чечимди сатып алуулар бөлүмү жана/же сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы аларга тендердик документтерди алуунун алдында жарыялайт. Талапкерди ушул Жобонун 3-пунктунун негизинде тоорукка катышуудан четтетүүдө сатып алуулар бөлүмү жана/же сатып алуучу уюмдун тендердик комиссиясы өзүнүн чечимин документтүү ырастоого - бул жабдуучу (подрядчы) киргизилип жана Мамлекеттик сатып алуулар бюллетенине жана Интернет-порталга жарыяланган Маалыматтар базасын көрсөтүүгө милдеттүү.
13. Мамлекеттик орган жабдуучуну (подрядчыны) маалымат базасынан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган учурдан баштап, жабдуучу (подрядчы) боло турган торукка жалпы негизде тең укуктуу катышуучу болуп калат. Жабдуучуну (подрядчыны) Маалымат базасынан чыгаруу чечими Мамлекеттик сатып алуулар бюллетенинде жана Мамлекеттик органдын Интернет-порталында жарыяланат жана мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосуна катышууга анын укуктуулугун расмий тастыктоо болуп саналат.