КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №114 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 31-майы №269
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1-пункттун үчүнчү абзацы;
2-пункттун экинчи абзацы;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Аманаттарды коргоо агенттиги жөнүндө жобо күчүн жоготту деп табылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин башкаруу схемасындагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Аманаттарды коргоо боюнча агенттик" деген позиция алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | А. Атамбаев |